Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:28

Назарбаев Трамптан эмнени күтөт?


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев үч күндүк расмий сапар менен АКШга баратат. Ал Вашингтондо Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп менен жолугат. Анда кандай маселелер талкууланат?

Казакстандын президенти ​Нурсултан Назарбаев Вашингтондо 19-январга чейин болот. Бул сапар учурунда америкалык кесиптеши Дональд Трамп менен жолугары белгиленген.

Вашингтон бул жолугушуу боюнча “стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана кеңейтүү” маселелери талкууланат деп кабар таратты.

Мамлекеттик “Казинформ” агенттигине Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчи орун басары Санат Кушкумбаев:

- АКШ – Казакстандын ири соода-экономикалык, инвестициялык өнөктөшү. Ал эми саясий мааниден алганда биз аймактык жана дүйнөлүк коопсуздук маселелерин чечүүдө кызматташуудабыз. Анын ичинде Ооганстан маселеси сүйлөшүүлөрдө өзөктүү тема болот. Сирия маселеси да бар. АКШнын евразиялык стратегиясынын алкагындагы Орусия менен мамиле да талкууланат,. – деп күн тартибиндеги тема тууралуу ой бөлүштү.

Ооганстан маселесине байланыштуу дымак

Ушул тапта Америка Кошмо Штаттарынын Пакистан менен өз ара мамилеси, аскерий кызматташтыгы солгундап турат. Мындан улам Ооганстандагы “Талибан” экстремисттик кыймылы менен күрөштө Борбордук Азиянын таасири кайра артышы мүмкүндүгү болжолдонууда.

Галым Бокаш.
Галым Бокаш.

“Азаттыктын” казак кызматынын баяндамачысы Галым Бокаш президент Назарбаев ушул ыңгайды кармап калууну көздөйт дейт:

- Азыр Пакистандын стратегиялык өнөктөш катары ролунун азайышы Борбордук Азия мамлекеттеринин бул боюнча ролун күчөтөбү деген пикирлер бар. Казакстан ал өлкөлөрдүн ичинде, албетте, алдыңкы сапта жүргүсү келет. Анткени, президент Нурсултан Назарбаев өзүн чет элде экономикалык-социалдык өнүгүүгө шарт түзгөн жаңы сыпаттагы башчы катары таанытууну каалайт. Албетте, ал бул жагдайда да өзүнө упай жыйнап, коопсуздук маселесиндеги стратегиялык пландын өзөгүндө тургусу келет. АКШ эсептеше турган негизги оюнчу болууну эңсейт.

Анын үстүнө быйыл БУУнун Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылуу вазийпасы Казакстанга тийди. Милдетти алары менен өткөн аптада Улуттар Уюмундагы казак элчиси Кайрат Умаров Ооганстан маселесине көп көңүл бөлүнөрүн билдирген. Жагдайды жакшылап билүү үчүн ал өлкөгө Коопсуздук Кеңештин мүчөлөрүнүн жети жылдан берки биринчи сапарын уюштурууну демилгелеген.

С5+1 Орусияны тырчытты

Бул сапарга оро-пара 12-январда АКШнын Мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары, Түштүк жана Борбор Азия боюнча элчи Элис Уэллс басма сөз жыйын өткөргөн. Анда Вашингтондогу мурдагы администрация демилгелеген С5+1 платформасын Дональд Трамп да кубаттаганын, 15 млн доллар каржылык колдоо бөлүнөрүн билдирген.

АКШнын Мамлекеттик катчысы жана борбордук азиялык тышкы иштер министрлеринин жыйыны - С5+1 терроризмге каршы күрөштө, тагыраагы, Ооганстандагы талиптердин коркунучуна каршы турууда кызматташууну да камтыйт. Бирок бул жамаатка Москва кирбейт.

Элчи Уэллстин билдирүүсүнөн кийин буга байланыштуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өз турумун билдирип, Москванын четте калганына ыраазы эместигин кыйытты:

- Биз Кошмо Штаттардын бул форматты бир кыйла кыянат пайдалануу жана мурдагы администрациялар Чоң Борбордук Азия деп атаган долбоорго тиешеси бар идеяларды жылдыруу ниетин угуп атабыз. Анын маңызы - Борбордук Азия аралашкан бардык долбоорлорду Орусия Федерациясынын катышуусусуз түштүккө, анын ичинде Ооганстанга карай жайылтуу.

Азырынча буга расмий Вашингтон жооп кайтара элек.

Инвестиция тартуу ишеними

Кайрадан казак мамлекет башчысынын мухиттин батыш өйүзүнө сапарына келели. Президент Назарбаев АКШ сапарында өлкө ичиндеги экономикалык маселелерди чечүү үчүн инвестиция тартуу маселесин да сүйлөшөт.

Жогоруда айтылгандай, Казакстан үчүн АКШ экономикалык жактан алганда ири өнөктөш. Казакстанда “500гө жакын ишканада америкалыктардын катышы бар. Анын 140тан көбү биргелешкен ишкана”, - деп өткөн аптада Назарбаев өзү да эсептеп чыккан.

Казак тарап муну дагы алда канча арттырууга умтулууда.

Ошондой эле Назарбаев 18-январда БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги "Массалык кыргын салуучу куралды жайылтпоо: ишеним чаралары" аттуу жыйынга төрагалык кылары да маалым.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG