Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Жаңы-Өзөн: күнөөкөрлөр аталды


Президент Нурсултан Назарбаев Жаңы-Өзөндөгү полицейлер менен. 22-декабрь, 2011-жыл.
Президент Нурсултан Назарбаев Жаңы-Өзөндөгү полицейлер менен. 22-декабрь, 2011-жыл.

Казакстанда Жаңы-Өзөндөгү трагедиянын 40 күндүгүнө тушташ башкы прокуратура тергөөнүн айрым жыйынтыктарын жарыялады. Шаардагы ок атуу фактысы боюнча полициянын төрт офицери кылмыш жоопкерчилигине тартылууда. Ал эми оппозициянын камалган өкүлдөрү социалдык кастыкты козуткан деп айыпталууда. Мунайчылардын бир нече айга созулган нааразылык акциясы өткөн айда он алты адам ажал тапкан кагылыш менен аяктаган.

Жаңы-Өзөндөгү кан төгүү боюнча тергөөнүн айрым жыйынтыктарын Казакстандын Башкы прокурору Асхат Даулбаев курман болгондордун кыркылыгы өткөн 25-январда жарыялады. Бирок байкоочулар баш прокурор жарандарга каршы ок атууга ким буйрук бергенин айтпаганын, бул маселе али ачык бойдон калганына басым жасашууда.


“Байлар кутулуп, байкуштар тутулдубу?”


Баш прокурордун билдирүүсүндө белгиленгендей, полиция тарабынан “куралдын жана атайын каражаттардын айрым учурда ашыкча” колдонулушу боюнча Маңгыстау облустук жана Жаңы-Өзөн шаардык ички иштер департаментинин төрт кызматкеринин үстүнөн кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен кызматы эң чоңу облустук ички иштер департамент башчысынын орун басары.

Ички аскерлердин отставкадагы генералы, “Азат” жалпы улуттук социалд-демократтар партиясынын Алматыдагы бөлүмүнүн башчысы Амирбек Тогусов “Азаттыктын” казак кызматы менен маегинде полициянын төмөнкү баскычтагы өкүлдөрү бул иш боюнча курмандыка чалынып жатат деген оюн айтты:


- Менимче, аларды жөн эле курмандыкка чалышууда. Себеби, мен санап өтөйүн, ички иштер боюнча облустук департаменттин башчысы, ички иштер министри, башкы прокурор өзү жооп бериши керек жана жоопкерчиликти президент да тартышы абзел. Мына ушул конкреттүү адамдар мыйзам боюнча жооп бериши керек.

Бейшемби күнү Алматынын соту катталбаган “Алга” партиясынын лидери Владимир Козловду эки айлык мөөнөткө камоо чечимин чыгарды.

Ага чейин Казакстандын Башкы прокурорунун сөзүнөн белгилүү болгондой Владимир Козлов, Серик Сапаргали жана Айжангүл Амирова Жаңы-Өзөндө “социалдык кастыкты” козуткан деп шектелишүүдө.

“Халык Майданы” деген оппозициячыл кыймылдын активисттери Айжангүл Амирова ушул айдын башында, ал эми Серик Сапаргали “Алга” партиясынын лидери Владимир Козлов менен бирге үйлөрү тинтилгенден кийин ушул дүйшөмбү күнү камалышкан.

Казак парламентинин Коммунисттик элдик партиядан шайланган депутаты Владислав Косарев башкы прокурордун соңку билдирүүсүн “Азаттыктын” казак кызматына комментарийлеп жатып, Жаңы-Өзөн боюнча күнөөкөрлөрдү жоопко тартуунун тартиби бузулду деп эсептерин белгиледи:


- Оозу менен орок оргондорду жана машааны баскандарды бир катарга коюп коюшту. Түз айтайын, ошол эле Козлов. Эч кандай аракет жасаган эмес. Сееби аны эч ким ал жакка (Жаңы-Өзөнгө) киргизген эмес. Аны машааны баскандар менен бир катарга коюуга болбойт. Машааны басып, кан төктүңбү, жооп бер. Тили менен сайрагандарды ушулардан кийин гана жоопкерчиликке чакырып, элден уурдап, мунун көрүп-билип кыжырданган элдин иш таштоого чыгышына алып баргандарды аларга катарлаш коюу керек.


Оппозицияга куугунтук


Алматынын райондук соту бейшембиде “Взгляд” деген көз карандысыз гезиттин башкы редактору Игорь Винявскини да эки айга камоо сунушун колдоду. Ушул дүйшөмбү күнү үйү жана кеңсеси тинтилген соң камалган журналист конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга чакырган деп айыпталууда.

Казак оппозициясы бийликтин аларга жасаган соңку кадамдарын репрессия катары мүнөздөгөн эле. Расмий Астананын аракеттерин эл аралык уюмдар да сынга алышууда.


Социалдык кастыкты козутту деп айыпталып жаткан Владимир Козлов жана Айжангүл Амирова.
Социалдык кастыкты козутту деп айыпталып жаткан Владимир Козлов жана Айжангүл Амирова.
​“Хьюман Райтс Уочт” жана “Фридом Хаус” уюмдары өз билдирүүсүндө казак бийликтери Жаңы-Өзөн окуялары боюнча тергөөнү оппозициячыл саясатчыларды куугунтуктоо максатында колдонуп жатышканын белгилешти.

Вашингтондо, АКШнын Хельсинки комиссиясында Казакстан боюнча угууда “Фридом Хаустун” Евразия программасынын директору Сьюзан Корк буларга токтолду:

- Саясий конкуренцияга жана башкача ой-пикирге жол бергендин ордуна аларды тизгиндөө менен президент Нурсултан Назарбаев жана анын администрациясы кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн алсыздыгын моюнга алууда. Өзүнө ишенимдүү лидер мындай тактикага барбоосу керек.

Хельсинки комиссиясындагы угууда Жаңы-Өзөн боюнча полиция өкүлдөрүнө да айып тагылганы сөз болду. АКШнын Казакстандагы мурдагы элчиси Уильям Кортнинин айтымында, бул кылмыш ишинин ачыктыгы өзгөчө мааниге ээ:

- Сот жараянын канчалык ачык болушуна байкоо салуу өзгөчө мааниге ээ. Болбосо көптөгөн казакстандыктар бул расмий өкүлдөр Жаңы-Өзөндөгү трагедия үчүн айыптуубу же буга көбүрөөк тиешеси барлар менен жогору жактагыларды калкалоо үчүн курмандыкка чалынышканын чын-бышыгына жетпей, күмөн санап калышат.

Казак коопсуздук күчтөрү бул аптада оппозициянын үч ишмеринен тышкары белгилүү укук коргоочу Вадим Курамшинди Жамбыл облусунан камакка алышты. Анын адвокатынын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтканына караганда, укук коргоочу прокуратуранын өкүлүнөн опузалап акча өндүрүүгө аракеттенген деген шек менен козголгон кылмыш иши боюнча эки айга камалды.

Ал эми дагы бир оппозициячыл саясатчы, “Руханият” партиясынын мурдагы лидери Серикжан Мамбеталин Лондонго качууга аргасыз болду.

Мамбеталиндин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтканына караганда, “оппозициячыл саясатчыларга каршы саясий куугунтук күчөдү”.

Мамбеталин лидердик кылган “Руханият” партиясы 15-январда болгон парламенттик шайлоого катышуу үчүн катталып, бирок кайра жарыштан БШК тарабынан чыгарылган. Анын алдында курамына Казак эл акыны Мухтар Шаханов да кирген бул партиянын жетекчилиги бийлик Жаңы-Өзөндө мунайчыларга каршы курал колдонгондугун айыпташкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG