Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:02

Депутат - министр тиреши: Комиссия түзүлдү, президент билдирүү жасады


Депутат Жусупбек Коргонбай уулу жана министр Алымкадыр Бейшеналиев (иллюстрациялык коллаж).
Депутат Жусупбек Коргонбай уулу жана министр Алымкадыр Бейшеналиев (иллюстрациялык коллаж).

Жогорку Кеңеште саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Анын алдында депутат Жусупбек Коргонбай уулу министрди "коррупциялык схема түздү" деп айыптап чыккан. Министр айыптоолорду четке кагып, сотко кайрылганын билдирди.

4-апрелде президент Садыр Жапаров депутат менен министрдин тиреши тууралуу "Кабарга" кезектеги маегинде комментарий берди. Ал эгерде Коргонбай уулу келтирген фактылар аныкталса, Бейшеналиевге чара көрүлөрүн айтты. Кийинчерээк президенттин маегине толуктоо киргизилип, эгер айыптоолору тастыкталбаса, депутат Коргонбай уулу да тийиштүү мыйзамдардын чегинде жазасын алары эскертилди.

Коргонбай уулунун билдирүүсү

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйынында Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп турган кезде миллиондогон долларлык мүлк чогултканы, саламаттык сактоо тармагында коррупциялык схемаларды түзгөнү жана кадр саясатында башаламандыкты жаратканы тууралуу билдирүү жасады. Ал ар бир сөзүнө документтик далилдер жана күбөлөр барлыгын белгиледи.

Парламенттин башкы трибунасында жарым саатка жакын сүйлөгөн Жусупбек Коргонбай уулу сот системасы менен медицина тармагынын таасирдүү адамдарынын катышуусундагы соттук-медициналык мафия иштеп жатканын айтты.

Ал министр бюджеттик каражаттарды кымырып, ондогон кымбат баалуу батирлерди жана унааларды алып, жубайы, кызы, баласы өңдүү жакын туугандарына каттап койгонун билдирди:

“Президент “Алтын Балалык” реабилитациялык борборун оңдоп-түзөөгө 300 млн сом бөлүп берген. Ошону да уруп кетиптир. Үч жүз миллион сомду Алымкадыр Бейшеналиев өзүнүн баласынын фирмасы аркылуу ремонт иштерине киргизген. Баласынын фирмасы аткарууга алып, ошол иштер сапатсыз, жарым-жартылай жасалып, 150 млн сомдой акча каражаты уурдалган. Долбоордо көрсөтүлгөн курулуш материалдарынын ордуна сапатсыз материалдар колдонулган. Алымкадыр Бейшеналиевдин мүлктөрүн көрсөттүм. Булардын Түркияда дагы, Дубайда дагы кыймылсыз мүлктөрү бар. Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, мыйзамсыз баюу боюнча беренеде соттук-медициналык мафия ушул жерде жатат. Менин эсебим боюнча, ушул мафияда жалпысынан 50 млн долларга чейин бюджеттен уурдалган акча кармалып турат”.

Коргонбай уулунун маалыматы боюнча, министр жана анын жакындарына таандык Бишкекте ондогон батирлер, чет өлкөдө мүлктөр бар.

“Күмөндүү фамилиялар көп”

Депутат Коргонбай уулу саламаттык сактоо системасындагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу баянында бир катар кызмат адамдарынын ысымдарын атап, аларды коррупциялык схемада министр Алымкадыр Бейшеналиев менен тыгыз иштешкен фигуранттар катары сыпаттады:

“Бизде “Дөө Чыңгыз” деген болгон. Ошонун балдарынын бири, азыркы кезде министрдин оң колу, кеңешчиси болуп отурган Ринат Мавлянбай уулу деген жигит бар. Алымкадыр Бейшеналиевдин төрт орун басарына карабастан, кадр маселелерин жана башка “кара иштерин” ушул жигит аркылуу бүтүрөт. ОПГдан келгендердин соттук-медициналык экспертизалардын, справкалардын баарын ушул Ринат бүтүрөт. Момунов Маманазир Орунбекович деген мурда көп жолу жоопкерчиликке тартылган, ОПГнын активдүү мүчөсү. Кылмыштуу топтордун түрмөлөрдө, зоналарда маселеси болсо ушул бала аркылуу Ринатка чыгышат. Ринат министр менен бирге керектүү справкалардын, документтердин баарын даярдап беришет. Мындан тышкары, тармактагы чоң кызмат орундарга башкы дарыгерлерди, директорлорду дайындоодо Ринат аркылуу акча алынып турат. Таалай деген болгон, мурда УКМК кармап, 2-3 ай жаткан. Ошол киши чакан чөйрөдө “камалып кетемби деп Тойота 4Runner унаамды сатып, 20 миң доллар бердим эле” деп айтып жүрөт экен. Азыр эми Диагностикалык борборго кайрадан директор кылып коюптур. Түштүктө Абдрахманов Шаятбек Түлөнбаевич деген “капчыгы” бар. Кызмат орундардын ставкалары 5000 доллардан 45000 долларга чейин. Ниязбеков Анарбек Кулназарович – Жайыл аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы. Бул киши кылмыштуу топтор менен байланышта болуп, алардын жабыркагандарына Алымкадыр Бейшеналиев экөө чогуу дайыма жашыруун түрдө операция жасап жүргөн. Эл аралык донорлордон көптөгөн гуманитардык жардамдар келет экен. Аны эсепчиси Акматова Салтанат экөө сатып, ал министр менен иштеген кезде эле дароо эки кабат үй салыптыр. Ал эле эмес, башынан үч революция өткөн Ак үйдүн легендарлуу тосмосу бар эле. Ошол тосмону Иш башкармалык “Алтын Балалыкка” берген. Аны да эптеп-септеп тосуптур дагы, калганын Акматова Салтанат экөө кыркып-кыркып сатышыптыр”.

“Айткандарын сотто далилдесин”

Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында да министр Алымкадыр Бейшеналиевди “кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп айыптаган. Ал Бейшеналиевди ок тийген же бычак жеген кылмыштуу топтун өкүлдөрүн үйүнө жашыруун алып барып, операция кылып жүргөнүн айткан. Министр ириде “Гиппократтын антын” берген дарыгер катары ким кайрылбасын дарылоого милдеттүү экенин билдирип, депутатка каршы Ленин райондук сотуна арыз жазган.

Алымкадыр Бейшеналиев “Азаттыкка” курган маегинде депутаттын койгон айыптары чындыкка дал келбестигин кайталады:

“Мен министр болгонго чейин эле, 2010-жылга чейин үч кабат үйдү куруп, азыркы “Арча-Бешик” деген мектеп бар, 450 окуучу окуйт. Ал жерде короодо мектеп кылгам, батирлер бар болчу, алардын бардыгын алып, мектепке өткөрүп койгом. Мектеп бар азыркы кезде. Ошонун жанында кичинекей эки бөлмөдө аялым экөөбүз жашайбыз. Унаалар болсо, аялымдыкы 4500 долларлык CRV, меники да CRV 6000 долларлык, аны 18 жаштагы балам тээп жүрөт. Чоң уулум Ысык-Көлдө, "Париж" комплексинде жашайт. Кандай унаасы бар экенин да сурай элекмин, анын деле унаасы жок го деп атам. Дубайда кыймылсыз мүлкү бар деп атпайбы, ошону Коргонбай уулу тапкан болсо, менин ошол жакта батирим же үйүм бар болсо, мен ага дароо белек кылам. Ноокатка, анан бир жерге башкы дарыгерди коюп бер деген. Мурун биринчи ооруканада менде иштеген жаш баланы коюп бер деген. Ал бала жеке клиникада иштеген, эч качан мындай чоң ооруканада иштеген эмес. Мен койбой койгом. Баары жокко чыгат. Анын айткандарынын бирөө дагы далилденбейт. Сотко бергем, сотто жолугушабыз да эми. Сотто ошонун баарын далилдесин. Бүгүн айтылган сөздөрдү дагы кошом да”.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулунун министрге карата таккан айыптары олуттуу болгондуктан, маселени дыкат териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамына депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу, Жалалидин Нурбаев, Гүлшаркан Култаева, Шарапаткан Мажитова, Айсара Абдибаева, Исхак Масалиев, Султанбай Айжигитов жана Нилуфар Алимжанова кирди.

Депутат Исхак Масалиев саламаттык сактоо министри эле эмес, Министрлер кабинетиндеги социалдык блокту башкарган жетекчинин дагы жоопкерчилиги каралышы керектигин айтты:

“Абдан туура сын-пикирлер айтылып жатат. Эгерде комиссия түзүлсө, бул жакшы иш. Мен бир аз ой бөлүшөйүн. Эки жарым жылдан бери канча министр келди-кетти. Кээ бирлери эки жолудан келип, эркелеп жүрүшөт. Кааласа кетет, кааласа калат. Канча министр камалды. А ошол социалдык блоктун жетекчиси өкмөттө ким? Ал жоопкерчилик эмес, бизди сөгүп жүргөн киши иштеп жатат го унчукпай эле. “Булар кимдер?” деген киши иштеп жатат го. Менин сунушум мындай, ушул комиссия иштегенде жалпы өкмөттүн ишмердигин карашыбыз керек. Өкмөт башчысы баш болуп, Акылбек Жапаров жооп берген мезгил келип калды. Эгерде өзүнүн командасын башкара албаса, кетип калсын да”.

Президент Жапаровдун реакциясы

Президент Садыр Жапаров 4-апрелде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге чара көрүү боюнча Жогорку Кеңеште айтылган сөздөр, депутат Жусупбек Коргонбай уулунун айыптоолору боюнча “Кабар” агенттигине маек берди. Анда Жапаров министр менен эч кандай жакындыгы жок экенин, “жакшы иштеген, коррупция менен уурулуктарга каршы күрөшүүдө тайманбаган министр болгону үчүн” кызматта кармап турганын билдирди.

"Досум да эмес, “братым-сватым” да эмес. Жөн гана жакшы иштеген, коррупция менен уурулуктарга каршы күрөшүүдө тайманбаган министр болгону үчүн кармап жүрөм. “30 жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигиндеги уюп калган коррупциялык системаны талкалап жок кыласың, карапайым эл үчүн жакшы шарттарды түзүп бересиң” деп шарт койгом. Колунан келишинче аткарып атат. Ага каршылыктар абдан күч экенин барыбыз жакшы билебиз. Мен бул эле министрди коргоп аткан жокмун. Коррупцияга каршы күрөшкөн, уурулуктарды токтоткон бардык министрлерди коргойм. Эгер өздөрү коррупцияга, уурулукка аралашса анда андай министрлерге аёо жок. Көрүп эле жүрбөйсүңөрбү".

Ал Коргонбай уулу келтирген фактылар аныкталса, Бейшеналиевге чара көрүлөрүн тактады. Кийинчерээк президенттин маегине толуктоо киргизилип, эгер айыптоолору тастыкталбаса, депутат Коргонбай уулу да тийиштүү мыйзамдардын чегинде жазасын аларын кошумчалаган:

"Бир эле жактуу болбой эки жакты тең карайбыз. Эгер депутат айткан фактылар аныкталса сөзсүз жазалайбыз. Таяктын эки башы бар дегендей, эгерде депутат айткан айыптоолор тастыкталбаса, анда ал дагы тийиштүү мыйзамдардын чегинде жазаланат. Антпесе ар кимдин аброюна шек келтирип коюп, анан тастыкталбаса унчукпай кутулуп кеткени адилетсиз болуп калат да", - деди Садыр Жапаров.

Алымкадыр Бейшеналиев ким?

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп биринчи жолу 2020-жылы дайындалып, 2022-жылы июнда “коррупцияга” айыпталып кармалган. Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатып алынганы үчүн айып койгон жана жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Эки аптадан кийин үй камагына чыккан. Бул чуулгандуу иштерден кийин 19-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган.

Бейшеналиев министр болуп турган мезгилде элди COVID-19 илдетин уу коргошун (расмий аталышы “аконит”) менен дарылоого үндөгөн. Ал бул дарыны президент Садыр Жапаров экөө биргелешип жасап жатышканын, ооруну жеңүүгө өтө натыйжалуу экенин айткан. Адистердин жана коомдун кескин каршылыгынан кийин аны колдонуу ниетинен кайткан.

Алгачкы министрлик кезинде бир катар медициналык мекемелерди бириктирүү, өзгөртүү жана жетекчилерин алмаштыруу өңдүү чуулгандуу иштер менен алек болгон. Ал өз кадамдарын тармакты реформалоо аракети катары түшүндүргөн.

Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаров менен мурдатан жакшы алакада экенин белгилеп, өзүн ишенимдүү алып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG