Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Асановдун ишиндеги жоопсуз суроолор


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

13-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жана аны менен кошо айыпталып жаткан эки адамдын кезектеги соттук отуруму болду.

2011-жылдан бери ички иштер министринин орун басары болуп келаткан Курсан Асанов Кой-Таш окуясынан кийин 13-августта «Милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишенимден кетти» деген негизде кызматтан алынган. Андан кийин Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголуп, 2019-жылдын 27-августунда үй камагына алынган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан кийин козголгон кылмыш иштеринде Курсан Асановдун уулу, 22 жаштагы Мухаммед-Али да бар. Ага издөө жарыяланган, айрым маалымат булактарында чет өлкөгө чыгып кеткендиги жазылган.

Курсан Асанов менен Алмазбек Атамбаевдин сүйлөшүүсү. 8-август, 2019-жыл.
Курсан Асанов менен Алмазбек Атамбаевдин сүйлөшүүсү. 8-август, 2019-жыл.

Тергөөнүн версиясына караганда, Курсан Асанов Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан документтерди баласы аркылуу мурдагы президенттин тарапташтарына өткөрүп берген.

Ички иштер министрлиги тараткан маалымат боюнча, 8-августтагы операция учурунда Асанов кызмат ордун таштап, жетекчиликтин уруксаты жок Атамбаевдин үйүнө кирип барып сүйлөшүү жүргүзгөн, коомчулукка көрүнүш үчүн окуянын жүрүшүн тасмага тарттырган жана андагы курал-жарактарды кармалап, тергөө үчүн маанилүү бармак издери өчүп кеткен.

Курсан Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып, жеке пайдасын эч качан мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой турганын айткан.

«Мен эч качан өз кызыкчылыгымды ойлогон эмесмин. 7-8-августта «эки тараптан тең өлүм болбосун, өздүк курамдын ичинде Самат Курманкуловго окшоп жабыркагандар болбосун» деп керт башымды сайып чечим кабыл алгам. Берки эки факты боюнча менин айта турган сөзүм жок. Бардыгы жомок. Мендеги тиешелүү документтерди соттун жүрүшүндө көргөзөм. Мен жөн эле жүргөн эмесмин. Акыры чыгара турган чындык бар».

Курсан Асанов азырынча убада кылган документтерди көргөзө элек. Анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова мамлекеттик айыптоочу коюп жаткан айыптардын бардыгы ойдон чыгарылган деп эсептейт:

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

«Себеби ойдон чыгарылган эле кылмыштар болуп жатат. Биринчи иш коомчулукка белгилүү болуп калган Атамбаевдин үйүнөн чыгарылган пакет боюнча. Кылмыш ишинде пакеттин ичинде эмне болгондугу боюнча маалымат жана далил деле жок. Экинчисинде болсо Курсан Асанов ИИМдин башка кызматкерлери Пайзилда уулу Дамир менен Мухаммед-Али Асановду өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, жардамчысы жана жансакчысы катары иштетип жүргөндүгү айтылат. Бул кимдин катачылыгы? Убагында көңүл бурбаган министр Кашкар Жунушалиевдин кемчилиги да».

Милициянын полковниги, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков аталган иште жоопсуз суроолор көп болуп жатканын белгилеп, анын бардыгын сот ордуна коёт деген ишенимин билдирди:

Туратбек Мадылбеков
Туратбек Мадылбеков

«Атамбаевди кармоо операциясында таң калычтуу окуялар болду деп эсептейм. Эгерде Алмазбек Атамбаев «Кашкар Жунушалиев менен сүйлөшпөйм, мага Курсан Асанов келсин» деп айтса, андан кийин министр Жунушалиев орун басары Асановду жиберген болсо башка кеп. Ошол эле учурда «Асанов милициянын кызыкчылыгын сатты», деп айтууга да болбойт. Тергөөнүн жүрүшүндө бир катар суроолорго жооп алган жокпуз. Эми соттук отурумда жаңы жагдайлар ачыкка чыгат деп үмүттөнүп турам».

Адвокат Таалайгүл Токтакунова белгилегендей, экинчи кылмыш иш боюнча соттолуп жаткандардын катарында Курсан Асановдон тышкары эки адам бар. Алардын бири - Асановдун жардамчысы, Ички иштер министрлигинин кызматкери Дамир Пайзилда уулу, экинчиси - Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков.

Экинчи иш мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго байланыштуу. Өткөн жылы социалдык тармактарга Жеңиш Разаков Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда жетекчисине жазган түшүнүк каты жарыяланган.

Бул окуядан кийин Разаковдун дарегине «Тажикстандын тыңчысы» деген сын айтылган эле. Буга чейинки соттук отурумдун биринде жабырлануучу Жеңиш Разаков окуя боюнча мындай деп кыска комментарий берген эле:

Жеңиш Разаков
Жеңиш Разаков

«Бул көрүнүштү «далыга бычак саюу» катары мүнөздөйт элем. Курсан Сатарович менен ортобузда эч качан эч кандай карама-каршылык, тиреш болгон эмес. Иш жана акча боюнча мамилебиз болгон эмес. Анын позициясын түшүнбөйм. Эмнеге ушундай кадамга барганын өзүнөн сурасак туура болот».

Асанов өкүл баласы, журналист Турсунбек Бейшенбековдун жардамы менен менен Разаков тууралуу жалган маалыматтарды таратканы божомолдонууда. Бул кинеден улам журналист Турсунбек Бейшенбеков да үй камагына алынган. Бирок ал коюлуп жаткан дооматка макул эмес.

Турсунбек Бейшенбеков
Турсунбек Бейшенбеков

«Аталган түшүнүк катты мен тараткан эмесмин, - дейт ал. - Тараткан күндө да эч кандай кылмыш жообуна тартылбашым керек. Анткени бул түшүнүк кат кандайдыр бир мамлекеттик сыр эмес. Катардагы милиция кызматкеринин кызматтык этиканы бузуп, эч кимге айтпай үч күнгө башка өлкөгө барып келгендиги баяндалган документ. Эптеп эле Курсан Асановго илинчек табыш керек болгон. Кой-Таш окуясы боюнча салмактуу жүйө келтире алышпагандыктан ушундай жолго өтүштү».

Турсунбек Бейшенбековдун жактоочусу 12-июндагы сот отурумунда ишти карап жаткан судья Адылбек Эсенбаевди алмаштыруу өтүнүчүн келтирген. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок. Биринчи май райондук сотунда эки кылмыш ишти бириктирип карап жаткан келерки сот отуруму 19-июнга белгиленди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG