Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:04

Артист, аткаруучулардын кесиптик, эмгек жана интеллектуалдык укугу корголобу?

"Арай көз чарай" талкуусуна Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын кесиптик кошуунунун төрагасы Сатылган Сазаев, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков жана кинорежиссер, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жаныш Кулманбетов катышты.

“Азаттык”: Сатылган мырза, артист-аткаруучулардын кесиптик, эмгек жана интеллектуалдык укугун коргоо үчүн эмне жетишсиз? Бул багытта мыйзамдар деле турат дегендей...

Сазаев: Негизи чыгармачыл адамдардын же театрдагы актер-актрисалардын укугун коргоо эки мекемеге карайт. Биринчиси - кесиптик кошуун комитети, биздин маданият ишмерлеринин жалпы федерациядагы кесиптик кошууну бар. Ал эми экинчиси – театр ишмерлеринин союзу. Бирок азыр бул иштебей турат. Ошондуктан азыр чыгармачыл адамдардын укуктары канчалык деңгээлде корголуп атат деген суроого жооп табуу да оңой эмес.

Театрда актерлордун укугу Союз тарагандан кийин корголбой эле калды деп айтууга болот. Биздин эмгекти дагы деле ошол Союздун тушундагыдай деңгээлде баалап келатышат. Бирок ал кезде театрдын артисттерине мамлекет тарабынан социалдык жеңилдиктер берилип турчу, колдоо чоң эле. Азыркы күнү биздин артисттердин спектаклди сахнага алып чыгууга даярданган, репетиция учурунда кетирген эмгектери бааланбай калып жатат.

Театрдын артисттеринде, режиссер жана башка кызматкерлеринде ырчылар сыяктанып, өзүнүн талантын башка жерде сатуу мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан мамлекет тарабынан колдоо зарыл.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Өзүбеков: Ар бир чыгарма кандай түйшүк менен жаралбасын, эл үчүн жаралат. Бирок ошентсе да ар бир чыгармага мыйзам түрүндө карап көрсөң, ар кандай каражат сарпталат. Ошондуктан авторго кандайдыр бир пайызда пайдасы кайтып келсе жакшы болмок.

Биз интеллектуалдык менчик деп өзүбүздүн чыгармаларыбызды, ноталарыбызды, ырларыбызды тизмектеп өткөрүп турчубуз. Азыр болсо ырчылар көбөйдү, ошондуктан өзүнүн чыгармасынын үзүрүн көрүүнү каалаган чыгармачыл адамдар эринбей эле ошол Мамлекеттик патенттөө кызматына барып, өз чыгармаларын каттатып коюусу керек. Мисалы, мен ошентип каттатып койгондуктан, Коомдук телерадиоканал менин чыгармаларымды колдонгон болсо, ал үчүн калем акымды берип турушат. Ал эми айрым жеке менчик телерадиолор калем акы бербейт.

Кулманбетов: Биринчиден, интеллектуалдык менчиктин чөйрөсүндө да саналуу кесиптин ээлери бар: драматург, обончу-композиторлор, сүрөтчүлөр, кинодо оператор кошо кирет. Калган режиссер, артисттер, аткаруучулар автордук коргоонун чөйрөсүнө кирбейт. Анткени алардын таланты, үнү өзү менен кошо жүрөт, аны эч ким кайталай албайт.

Мен башка нерсеге нааразымын: ырчылыкка кызыгуу көп, актерлукка аз, жок десек да болот. Анткени алардын акчасы аз. Элестетип көргүлө, биздин “Кыргызкиностудиясы” Сталиндин тушундагы, 1947-жылдагы инструкция менен иштейт. Кинодо да негизги калем акы аны жараткан кишиге же авторго төлөнөт. Автор кээде бир эле киши эмес, бир уюм болуп калышы да ыктымал. Ал эми театрга эл келбей жатканына театрдын өзүнүн да жоопкерчилиги бар, анткени элди тартуучу репертуар керек. Репертуарды жаңыртуу керек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG