Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Гүлжан чогулткан азилдерден бир шиңгил


Окурманыбыз Гүлжан И.Кудабай-Галлагер (АКШ) эл оозунан жана айрым интернет булактарынан жыйган бул анекдотторду “Фейсбуук” аркылуу досторуна таркаткан экен. Анын уруксатын алып, бул чакан азилдерди “Күлкү кербенине” жарыялап жатабыз.

* * * * * * *

Неберенин тапкычтыгы

- Чоң эне, кел, зоопарктагы аюу болуп ойнойбуз.

- А мен эмне кылам?

- А сен аюуларга конфет ыргыткан чоң эне болосуң.


* * * * * * *


Сынак учурунда

Окутуучу: - Фамилияңыз ким?

Студент (ыракаттана күлүп): - Арстанбек уулу.

Окутуучу: - Эмнеге күлүп жатасыз?

Студент: - Биринчи суроого туура жооп бердим да!..


* * * * * * *

Аңдагы апенди

Бир киши кетип бара жатып аңга түшүп кетет экен да.

Анан тырмышып чыга албай жатып ойлонот экен:

"Азыр дагы бир аз тырмышып көрөм, болбосо үйдөн тепкич алып келип анан чыгам".


* * * * * * *

Милийса байкеден корккон аюу

Дүйнөлүк деңгээлде конкурс болуп жатыптыр.

Ага Американын, Орусиянын жана Кыргызстандын полийса-милийсалары катышыптыр.

Шарт боюнча тартип сакчысы токойго койо берилген качак койонду бир сааттын ичинде таап чыгышы керек экен.

Оболу америкалык полийса токойго кирип кетип, бир сааттан кийин шалдайып чыгат экен, “таппай койдум” деп.

Анан орус милийса чер токойго кирип кетип, ал да “алаңкөздү” таба албай бир сааттан кийин бозоруп чыгат экен.

Акыры кыргыз милийса кирип кетип, он мүнөттөн кийин бир аюуну кулактан сүйрөп чыгат экен.

Аюу болсо "мен койонмун, койонмун" деп токтобой кайталап атат дейт.

Көрсө, кайран алатоолук милийса тигил аюуну ур-соккуга алып, койон экенин мойнуна алдырып коюптур да.


* * * * * * *
XS
SM
MD
LG