Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Биринчи байлык - жаратылыш


Урматтуу кыргызстандыктар!

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн жыйырма үч жылдыгы менен куттуктайм. Сиздерге чың ден соолук узун өмүр, ар бир үй-бүлөгө ырыс-ынтымак, бакыт-таалай, ишиңерге ийгилик. Үйү жоктор үйлүү болсун жана дүйнөдөгү болгон жакшылыктарды каалап кетүү менен бирге эгемендүүлүгүбүздү, мамлекетибизди сактоо үчүн күрөшүүгө чакырам. Ар бирөөбүз “Мамлекет мага эмне кылды дебей мен ушул мамлекетке эмне кылдым кандай салым коштум” деп патриот болуп ата-энебизди эли жерибиздин бейпилдигин, тынчтыгын сактаганга аракет кылышыбыз керек. "Баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн" деген ураан менен ынтымакты биримдиктүү иш алып баралы. Ата-бабабыз “Жакшы эл камын, жаман өз камын ойлойт” деген. Ушул сөздүн мааниси өтө терең биринчиден, мамлекетти элди ойлоп иш жасоо керек. Өзүмчүлдүктөн алыс болууну сунуш кылам.

Жети кабат жер астын,

Жарып чыккан аккан суу.

Ай-ааламдын баарысын,

Багып чыккан аккан суу, - деп айтылуу Жеңижок акын сууну даңазалаган экен. Кыргызстаныбыз сууга бай аны булгабай, сарамжалдуу колдонолу.

Жаныбарларга аяр мамиле жасайлы. Өзгөчө кереметтүү Ысык-Көлдөгү көптөгөн балыктар жоголууда. Алар дагы жаратылыштын байлыгы. Тоодогу айбанаттардын санынын көрсөткүчү төмөндөп кетти.

Тазалыкка да кайдыгер карабай, өзгөчө коомдук жерлерде таштандыны көрүнгөн жерге таштабайлы. Тазалык өзүбүздөн башталат.

Ата-энени сыйлайлы. Аларды багуу биздин парз. Өзгөчө эненин сүтүн актаганга канчалык аракет кылсак да, өмүр бою актай албайбыз. Энелерди ыйлатпайлы.

Балдарга туура тарбия берели. Ата-энелер бала өз ата-энеси менен бирге болгондо гана аябай бактылуу экенин унутпашы керек.

Кайрымдуу бололу. Ар кандай себеп менен бир мүчөсүнөн ажырган мекендештерге камкордук көргөндү эстен чыгарбайлы.

Убакыт деген учкан куш. Ар бир мүнөттү текке кетирбей иштейли. Бекеринен "Иштүүгө убакыт жетпейт, ишсизге убакыт өтпөйт" айтылган эмес.

Достукту баалап, ага бекем туралы. Бирөөгө берген убаданы аткаралы. Өзүң аткара тургандай гана убадага тургула. Анан аны жасай албай калпычы болуп, жаман атка конбойлу. Өзүн көтөрүп кыйын сезип башкаларды кемисинткен адамдар ушул жаман адаттан кутулсун. Өзгөчө жаштар арасында көп кездешет. Жаштардын адамкерчиликтүү сапатка ээ болушуна ата-энелер жардам бергиле.

Манастын төртүнчү осуятында “жан дилден талыкпай эмгектенүү жана билим аркылуу гүлдөө өнүгүү, барчылыкка умутулуу" деп айтылат. Ушуну дайыма эске салып, жерибиздин өнүгүшүнө көп эмгектенип, аракет кылалы. Алдыга максат коюп ошого жеткенге да аракет кылалы.

Күч бирдикте дегендей чогуу кол кармашып, алдыга умтулалы ошондо эч бир башка күчтөр тоскоол боло албайт. Мен Кыргызстаныбыз гүлдөгөн мамлекеттердин катарында болоруна терең ишенем. Бул менин алтын жерим деп ар дайым сыймыктанып жүрөлү, жүрөгүбүз Кыргызстан деп согуп турсун.

Дагы бир жолу сиздерди чын жүрөктөн майрамыңыздар менен куттуктайм!!!

Тинатин Аманкулова

XS
SM
MD
LG