Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Геосаясатта оюнчук болбойлу


Кант шаарындагы авиабаза.
Кант шаарындагы авиабаза.

Урматтуу кыргызстандыктар! Кыргызстанга окшогон чакан мамлекеттер үчүн расмий эгемендүүлүгүн жарыялоо, өлкөнүн бир кадам көтөрүлгөнүнөн кабар берет. Себеби, көрүп турганыбыздай канча деген эл бул расмий билдирүүгө да жете албай убайым чегип келет. Маселен, Палестин эли Израил менен ондогон жылдар бою согушуп, максатына жетпей келет. Анткен менен ар бир нерсенин атына жараша заты болушу шарт. “Эгемендүүлүк” дегенде биз, эркин жана көз карандысыз мамлекетти түшүнөбүз. Ошондой эле коопсуздугу корголгон, ички-сырткы саясатын өзү жүргүзгөн өлкөнү элестетебиз.

Аркага кылчайсак, СССР кулап, Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялады. Бизди бир топ өлкөлөр менен бирге БУУ да тааныды. Бирок совет өкмөтүнүн мураскору Орусия, баскынчылыктын башкача ыкмасын тандап, өз таасирин сактап калууда. Өлкөнү саясий, экономикалык, аскерий жактан өз чеңгелине алып жатат. Мындан, буга чейинки жетекчилер Орусиянын ийгиликтүү саясатына ийилип жардам бергени белгилүү болуп турат. Элди болсо өлкөнүн эртеңи түйшөлтүп турган кез. Албетте, тузакка түшкөн адам кыйналаары анык. Бирок, андан чыгуунун амалын да кылаары белгилүү. Эмнегедир Кыргызстанда бул геосаясаттын чеңгелинен чыгуунун амалы көрүнбөй жатат. Буга чейинки режимдер бош сөздүн ордуна, максаттуу иш алып барганда эле абал башкача болмок. Андыктан, биз жарым-жартылай эгемендиктин ордуна толук эгемендүүлүккө жетишүүгө умтулуубуз лаазым!

Талгат Мураталиев.

Кыргыз-Түрк-Манас Университетиндеги коммуникация факультетинин студенти.

XS
SM
MD
LG