Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Көл өнөрчүлөрдүн “Оймо” фестивалы башталат


Бүгүн Бишкекте уздардын эл аралык “Оймо” фестивалы башталат. Бул тууралуу фестивалды уюштуруп жаткан борбор азиялык кол өнөрчүлөрдү колдоо ресурстук борборунун жетекчиси Динара Чочунбаева кабарлады. Анын айтымында, Кыргызстанда 8-жолу өтүп жаткан фестивалга 18 өлкөдөн кол өнөрчүлөр катышмакчы. Фестивал алгач Бишкекте башталып, андан соң Чолпон-Атада уланат.

5-августка чейин созулчу фестивалдын алкагында уздар жасаган буюмдардын көргөзмөлөрү, конференциялар, мастер-класстар өткөрүлмөкчү. (BkA)

XS
SM
MD
LG