Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Леонардо Хоменюк күрөө төлөп камактан чыкты


Болгарияда кармалган "Центерранын" мурдагы жетекчиси Леонардо Хоменюк 17-сентябрда күрөө менен бошотулганын "Financial post" басылмасы кабарлады. Сот күрөө акысын 26 миң 700 доллар деп чечти.

Кыргызстан Леонардо Хоменюкту 2014-жылдын сентябрынан эл аралык издөөгө алган. Быйыл ал 3-августта София аба майданында кармалган.

"Центерраны" 2008-жылга чейин жетектеп келген Хоменюк аталган компаниядагы Кыргызстандын үлүшүн коррупциялык жол менен азайткан деп айыпталган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны өткөрүп берүү боюнча Болгарияга өтүнүч кат жөнөткөн. Бирок Кыргызстан менен Болгариянын ортосунда шектелип кармалгандарды өткөрүп берүү боюнча келишимдер жоктугуна байланыштуу бул маселе чечилбей келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG