Чек ара аймактарында аңчылык кылууга тыюу салган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште жактырылды. “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” мыйзам бүгүн парламентте каралды.
Документке ылайык, чек арага 500-1000 метр аралыкта мергенчилик кылууга тыюу салынат. Муну менен коңшу өлкө аймагына ок түшүү ыктымалдыгынын алдын алуу иши жеңилдейт.
Мурдараак Курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик комитети 2017-жылдан тарта күз-жаз мезгилинде аңчылык кылууга тыюу салынарын маалымдаган эле. Ага чейин Жогорку Кеңеш депутаттары мергенчиликке 2030-жылга чейин мораторий киргизүүнү да сунушташкан.