Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:24
Форумдун катышуучулары. Сан-Марино, 12-апрель, 2013.
Форумдун катышуучулары. Сан-Марино, 12-апрель, 2013.

LIVE BLOG: Кыргыздар Сан-Маринодо

Сан-Маринодо дүйнөдөгү кыргыз диаспораларынын II форуму аяктады. Эки күндүк талкуулардын соңунда атайын резолюция кабыл алынды.

Кыргызстандыктардын Kyrgyz Club эл аралык бирикмеси уюштуруп жаткан бул иш-чара эки күнгө созулат.

Анын башкы максаты - дүйнөнүн чар тарабында жүргөн кыргыз жарандарынын башын бириктирүү, тажрыйба алмашуу жана өлкө келечеги үчүн биргелешип иштөө. Форум туурасында ал жерде катышып жаткан “Азаттык” радиосунун жетекчиси Венера Сагындык кызы жана “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмесинин Калифорниядагы өкүлү Жаныш Осмонов айтып берди.

“Азаттык”: - Венера айым, Сан-Марино кандай таасир калтырды?

Венера Сагындык кызы: - Форумдун Сан-Маринодо уюштурулушу баарыбызга таңгалычтуу болду. Биз Прагадан кетип жатып, чет өлкөлүк тааныштарыбызга “кыргыздардын Сан-Маринодогу эл аралык форумуна баратабыз” десек, “ой, кыргыздар аябай байып кеткенсинер го!” деп күлүштү. Анткени бул жер байлар жашаган аймак болуп саналат экен. Бир дөңсөөдө жайгашкан аябай кооз жер экенине күбө болдук. Уюштуруучулар балким, Европадагы эң кооз жана Кыргызстанга окшош тоолуу аймакты тандаса керек.

Биз түндө келип түштүк. Ошол учурда уюштуруучулар “мына Кыргызстандан бир микроавтобус менен келишти ” деп элди тосуп алып жаткан экен. Ал жерде белгилүү ишкер Табылды Эгембердиев, ырчы Саламат Садыкова, дагы бир машине менен Германиядан келген кыргыз музыканттары, догдур болуп иштеген кыргыз жигиттери келип түшүп, кымгуут болуп жатышты. Анда мен сөздү “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмесинин Калифорниядагы өкүлү Жаныш Осмоновго узатайын.

“Азаттык”: - Жаныш мырза, быйылкы форумдун өзгөчөлүгү эмнеде болот?

Жаныш Осмонов: - Биринчи форум былтыр Нью-Йорк шаарында өткөн. Күндөн күнгө биздин мекендештер чет мамлекеттерге чыгып, диаспоралар чоңоюп жатат. Ошолордун башын кошуп, курч суроолорду талкуулоо үчүн форумду баштаган элек. Быйылкы иш-чара ошол форумдун уландысы болуп саналат. Мындан ары жылда өткөрүп туралы деп ойлоп жатабыз.

“Азаттык”: - Форумду Европадагы эң кичине көз карандысыз мамлекет болуп саналган Сан-Маринодо өткөрүүнүн бир сыры барбы?

Жаныш Осмонов: - Биз былтыртан бери жалаң эле АКШда эмес, башка мамлекеттердеги мекендештердин да башын кошуп, ал жерлерде “Kyrgyz Club” бирикмесинин жергиликтүү өкүлчүлүктөрүн ачып келе жатабыз. Италиядагы кыргыздар бизге былтыр кошулуп, экинчи форумду Сан-Маринодо өткөрүүнү сунуштаган. Италиянын өзүндө биздин уюмдун өкүлчүлүгү жок. Сан-Маринодо болсо ачканбыз. Сан Марино өтө кичинекей шаар экен, 30 миң адам жашайт. Римден 400 километр аралыкта жайгашкан.

“Азаттык”: - Форумга катышуучулардын активдүүлүгү кандай? Мисалы, салыштырып жатсаңыз керек, былтыр кандай келишти эле? Быйыл келгендер
көппү?

Жаныш Осмонов: - Быйыл деле көп. Болжол менен 70-80 киши катталды. Менин оюмча, акыркы жылдары чет жерлерде кыргыз форумдары көп өтүүдө. Былтыр Түркияда кыргыз бизнесмендеринин форуму болду, Кыргызстанда да уюштурулду. Элдин активдүүлүгүн бизге келген көптөгөн каттар, сунуштардан улам билсе болот.

“Азаттык”: - Форумдун негизги максаты кандай жана бул жолу эмнеге басым жасалат?

Жаныш Осмонов: - Бүгүнкү форум үч секцияда өтөт. Анда кыргыз диаспоралары кайсы мамлекет болбосун жергиликтүү бийлик менен кандай иш-чараларды уюштурса болорун аныктап, анан жалпы эле кыргыз мигранттарынын суроолоруна ар бир диаспора атайы платформа түзүп, ошол негизде иштесекпи деп ойлоп жатабыз. Чет өлкөгө жаңы келген мекендештерге билим алуу, бизнес ачуу жагынан жардам берүү боюнча бир канча платформаларды түзөлү деген да ой болууда.
19:39 13.4.2013
Айбек Сарыгул, Кыргызстан-Түркия достук жана маданият Кеңешинин төрагасы:

Нью-Йорктогу форумга мен катышып, резолюцияга кол койгом. Анда да федерация түзөбүз деп сүйлөшкөнбүз. Ал ишке ашкан жок. Андан башка чет өлкөлөрдөгү мигранттардын Кыргызстанга жөнөткөн акчасын туура пайдалануу үчүн атайын коомдук акционердик уюм түзүү керек дегенбиз. Ал уюмга кыргыз өкмөтү салык жагынан жеңилдик берсе, чет жактан бизнести үйрөнгөн балдар жакшы иш жүргүзүп кетет эле деп ойлогонбуз. Менимче, форумду өткөргөн диаспора, же уюм эмки форумга чейин ортодогу координация иштерин өзүнө алуусу керек. Мисалы, бул форумда Америкадагы Кыргыз клаб былтыртан бери кандай иштер жасалганын, резолюция аткарылган-аткарылбаганы тууралуу отчет бериши керек. Эмдиги жылы Москвада чогулабыз деп атабыз, ошого чейин жоопкерчиликти Кыргыз клабдын Италиядагы бөлүмүнө жүктөйлү.
17:21 13.4.2013
Гүлсана Сарногоева, Кыргызстандык ыктыярчылар (волонтерлор) коомунун демилгечиси, Италия:

Руслан Казакбаев тышкы иштер министри болуп турганда "эже, сиз Италиядагы Ардактуу консул болуп бербейсизби" деп мага айтты эле. Мен ага билимим, тажрыйбам жетеби деп чочулап турганымды айткам. Кийин башка татыктуу кишилерди сунуш кылдык эле, азырынча чечиле элек. Ушул эки күндөн бери өтүп жаткан форумду Италияда иштеп жүргөн Жанатбек Шаршеев жана башка жердештерибиз өз чөнтөгүнөн акча чыгарып, жумушун таштап, чуркап уюштуруп жүрүшөт. Эгерде Консулдук болгондо көп жагынан ушул форумду уюштурууга да жардам болмок.
17:12 13.4.2013
Бакыт Көбөгөнов, Кыргыз клабдын Германиядагы жетекчиси:

Үч секциядан түшкөн сунуштарды жалпыласак, биринчи саясий маселелер боюнча секциядан кыргыз өкмөтүнөн кош жарандуулук маселесин чечип берүү - Германия, Италия, Орусия жана башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен бул маселе боюнча сүйлөшүү жүргүзүү сунушталды. Мурда мигранттар Кыргызстанга барып, үч жыл туруктуу жашамайынча, шайлоого талапкер катары катышууга укугу жок болсо, азыр андай эмес экен. Бизнес секциясынан чет мамлекеттердеги жана Кыргызстандагы бизнесмендердин баарын бириктире турган орток бизнес портал ачуу сунушу түштү.
17:09 13.4.2013
Миргүл Өмүралиева, Римдеги кыргыз коомунун жетекчиси:

Италиядагы экономикалык кризистин эпкини биздин мигранттарды да кыйын абалга туш кылды. Айрыкча эркек мекендештерге Италияда жумуш табуу кыйын. Неаполдо азыр иш таппай жүргөн эркек мекендештер аябай көп. Ушул жок дегенде Италиядагы мигранттардын маалымат алмашуу борборун түзүп алсак, кайсыл жерде иш бар экенин бири-бирибизден угуп, жардамдашат элек. Италия өкмөтүнө ыраазыбыз, документибиз жайында болбогон күндө да, балдарыбыз көчөдө калган жок. Мектеп, коллеждерде бекер билим алып жатышат. Бирок аларга кыргыз тилин үйрөтүү жагынан аксап атабыз. Бизге Орусиядагыдай кыргыз тилин окутуу борбору, же мугалимдер керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG