Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

Түркиянын чалгындоо кызматында көп жыл иштеген Осман Нури Гүндештин китеби Түркияда эле эмес Кыргызстанда да чоң талаш-тартыш жаратууда.

Китепте белгилүү түркиялык динаятчы Фетхуллах Гүлен - Христиан дининин жаңы агымын түзгөн Мун Сон Мёнго окшоштурулат.

Ал эскерүүлөрүндө Борбор Азиядагы түрк мектептери Гүлендин жолдоочуларыныкы экенин, ал мектептерде АКШнын чалгынчылары да эмгектенерин айтат. Мындай маалымат чыгары менен орус тилдүү маалымат каражаттары чөлкөмдөгү түрк мектептерин чабуулга алышты.

“Нурчулар” секталарга салыштырылууда

Кыргызстанда Эл аралык "Себат" билим берүү мекемесине таандык 15 чакты лицей-мектептер, бир университет бар (Ататүрк Ала-Тоо университети).

Түркиялык мурдагы чалгынчы Осман Нури Гүндеш бул окуу жайлар белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлендин жолдоочуларына таандык экендигин, Борбор Азия чөлкөмүндөгү түрк мектептеринде АКШнын чалгынчылары да иштей турганын, алардын дипломатиялык паспорттору бар экенин эскерме китебинде жазды. Анда динаятчы Ф.Гүлен Түштүк Кореяда жаңы христиан агымын түзгөн Мун Сон Мёнго окшоштурулат.

Бул чуулгандуу китеп Түркияда былтыр жыл соңунда чыккан. Орус тилдүү маалымат каражаттары дароо ал китептен айрым жерлерди орусча которуп, “Борбор Азиядагы түрк мектептеринде АКШнын чалгынчылары сабак берет” деген сыяктуу маалыматтарды таратышууда.

“Известия” гезити ал китепке таянып Гүлендин жолдоочуларын “сектанттар” деп атады. Ушул тапта айрым кыргыз тилдүү гезиттер да алардан көчүрүп жаза башташты.

Талдоочулар Фетхуллах Гүлендин жолдоочуларын жумшак исламчылардын катарына кошуп жүрүшөт. Радикал же консерватор исламчылардан айырмаланып, булар заманга ылайыкташкан, жумшак, сакал-мурут койбогон, радикал эмес исламчылар экени баса белгиленет. Дүйнө жүзүнө ушундай жумшак исламдын жайылышын каалаган АКШ дал ушул Ф.Гүлендин “Нурчулар” агымын колдоору айтылат.

Саясат таануучу эмне дейт?

Түркиядагы Стамбул университетинин Саясий илимдер боюнча доктору Хакан Гүнеш “Азаттыкка” маек куруп, Түркияда дал ошол “Нурчулар” агымын негиздегендердин бири Ф.Гүленге жакын адамдардын “АК” партиясы бийликте турганын айтат.

Анын айтымында, Ф.Гүлендин идеясында түзүлгөн түрк мектептери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да бар. “Себат” мектептерин дал ошол жумшак исламчылар түзгөнүн айткан окумуштуу, “бул мектептерде АКШ чалгынчылары иштейт” деген сөз туура болбой каларын, мындай маалыматтар Борбор Азия чөлкөмүндө таасирин арттырууну каалаган күчтөрдүн атаандашуусунан улам чыгып ашкере күчөтүлүп атканын белгилейт.

Окумуштуунун пикиринде, НАТОнун мүчөсү, АКШнын жакын өнөктөшү болгон Түркиянын Борбор Азиядагы таасиринен Орусия чочулайт. Андыктан Кремлдин маалыматтык чабуулга өткөнү - табигый көрүнүш.

Адистин пикиринде, Кыргызстандагы түрк мектептеринин Орусия мектептери, Славян университети, Ага-Хан негиздеген окуу жайлар, Америка, Германия каржылаган окуу жайлардан эч кандай айырмасы жок. Эгер “Түркия каржылаган окуу жайларда чалгынчылар иштейт” деген сөз чыга турган болсо, анда “Орусия, АКШ, Германия каржылаган окуу жайларда да ошондой эле чалгынчылар иштейби?” деген суроо туулат.

Ошентсе да доктор Хакан Гүнештин баамында, “Себатты” түзгөн жумшак исламчыларды АКШ колдоору жашыруун эмес:

- Бул жаңылык деле эмес. Жалпысынан алганда Борбор Азия чөлкөмүндө Түркияны АКШ колдой турганын билебиз. Мунун жөнөкөй эле себеби бар. Ал – Орусия таасирин азайтуу үчүн. 1991-жылдан бери АКШ ал чөлкөмдө түрк ишкерлерин, уюмдарын, мекемелерин колдоп келатканы жашыруун эмес.

Бирок маселенин дагы бир жагы бар. Кыйладан бери АКШ “moderate” же болбосо жумшак, радикал эмес ислам багытындагы саясатка маани берип келатат.
Алар ашыкча саясатташып кетпегени менен акырындан жүрүп отуруп мамлекеттик түзүмдөргө кирип, өз максаттарын ишке ашырат.
Самаган Мырзаибраимов


Бул жагынан алганда Фетхуллах Гүлендин тобуна байланыштуу уюмдарды, ишкерлерди, мектептерди АКШ көбүрөөк колдойт деп айтсак болот. Анткени алар бүтүндөй мусулман дүйнөсү үчүн жумшак Ислам моделин курууну каалашат. Анан калса 1970-жылдардан бери Ф.Гүлен да жумшак исламды жайылтууга аракет кылып келет.

Бул жерде АКШ саясаты менен Ф.Гүлендин саясаты бири-бирине төп келип атат. Бирок бул жерде чалгынчылык байланыштары бар деп ойлобойм.

Доктор Хакан Гүнеш ошондой эле Кыргыз мамлекети өз мектептеринин сапатын бекемдөөгө аракет кылуусу керектигин, андай болбогон учурда жарандар түрк, орус, немис мектептерин көбүрөөк тандай беришерин, ал эми ар бир чоң өлкөнүн өз саясаты болорун белгилейт.

О.Инанды: “Себатта” чалгынчылар иштейт деген жалган жалаа

Жогорудагы чуулгандуу китепте Кыргызстандагы түрк лицейлеринде 60 АКШ чалгынчысы иштей турганы, алар дипломатиялык паспортторго ээ экени да айтылган.

Кыргызстандагы “Себат” билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, ушу күнгө чейин түрк лицейлерин 9000 ашуун окуучу бүтүргөнүн, бүгүнкү күнү дагы 9000 чамалуу окуучу билим алып атканын, “чалгынчылар иштейт” же “сектанттар” деген сыяктуу сөздөр куру жалаа экенин билдирди:

Орхан Инан
- Бул мектептер Фетхуллах Гүлендин ою менен ачылган да. Бул анын идеясы, “боордош элдерге Түркия жардам берсин, бул илимий жактан болсун” деп, башынан мектептер ачылган. Гүндеш деген башы жок кишинин бул жакка эмне пайдасы бар? Ата-мекен, Кыргызстан үчүн деп эмне жасап коюптур?

Тескерисинче ал киши биздин чалгын кызматында иштеген да, АКШдан айлык алып. Мен түшүнүп атам, балким Орусия каршы болуп атат Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы жакындашууга. Бирок бизде “Себатта” бир дагы АКШ улуту жок. Башынан болгон эмес. Биз бул жагынан ачыкпыз. “Себатта” азыр Түркиядан келген 140 гана мугалим бар. Калган 600 мугалим жергиликтүү мугалимдер.


Орхан Инанды ошондой эле “Себат” мектептери Билим берүү министрлиги менен макулдашылган сабактарды гана окутарын, диний үгүт иштери жок экенин ырастоодо.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен “лицейлерде чалгынчылар иштейт” деген маалыматты тастыкташкан жок. Ал эми өлкө ичинде тыюу салынган, кооптуу делген диний агымдардын арасына “Нурчулар” кирген эмес.

“Себат” мектептери менен тааныштыгы бар, кыргыз-түрк “Манас” университетин бүтүргөн Жанар Жолдошбаевдин айтымында, кыргыз-түрк лицейлеринде билим сапаты кыйла жогору. Бирок сабактан тышкары убакта диний үгүт иштери астейдил жүргүзүлөт:

- “Себат” билим берүү мекемелери балдарды окутууда биздин балдарга жакшы билим беришет. Тил болобу, табигый илимдер, гуманитардык илимдерден болобу – “Себаттын” окуучулары дүйнөлүк олимпиадаларга чейин барышат.

Бирок ошол эле маалда билим берүү менен бирге, булар балдарга башка нерсени да беришет. Мисалы, ар бир класстын сабактан тышкаркы убакытты өткөрүүдөгү тарбиячысы болот. Булар кээде балдарды чогултуп алып, Фетхуллах Гүлендин “Нурчу” агымы тууралуу китептер боюнча диний багытта да билим берет.

Эми, бул агым кандай агым, эмнеге алып барат? Бул өзү чоң талкуулана турган маселе. Бирок булар билим берүү менен бирге диний багытка да үгүттөйт.


Ишкер Манас Саматов кызын “Себет” лицейинде окуткан. Анын кызы лицейди бүтүрүп, Германияда окуусун улантып, учурда эмгек акысы жакшы жумушка орношту. М.Саматовдун пикиринде, түрк лицейлерин каралоону айласы кеткен күчтөр уюштурууда:

- Бул орус маалымат каражаттарынын, дегеле орус империясынын айласы кеткендеги чаралары деп ойлойм. Себеби биз жакшыбы, жаманбы өз алдынча элбиз да. Ким менен мамиле тутабыз, балдарыбызды кайсы мектепке беребиз, кантип окутабыз, кантип тарбиялайбыз, бул биздин ички ишибиз. Ошондуктан сырттан бизди башка элдер менен кайраштырып жазган макалаларды, бери жагы эле чагымчылык катары баалайт элем.

Экинчиден, жанагы түрк лицейлерине болгон көз карашымды айтайын. Эгерде ал лицейлер биздин балдарга жакшы, сапаттуу билим берип аткан болсо, эмнеге биз алардан баш тартышыбыз керек?


Теологдор эмне дейт?

“Дин, укук жана саясат” анализдөө борбору “Нурчулар” агымынын ишмердүүлүгүн иликтеп көргөн. Аталган борбордун жетекчиси, теолог Кадыр Маликов “Азаттыкка” билдиргендей, “Нурчулар” агымы секта эмес. Бул агымдагылар да Кыргызстандагы мусулмандардай сүннийлер.

Анын айтымында, АКШ, Европа, Африка, Борбор Азия, Орусияда кыйладан бери иштеп келаткан “Нурчулардын” ишмердүүлүгүндө деструктивдик, сепаратисттик аракеттер эч качан байкалган эмес. Бирок алар билим берүү тармагы аркылуу мелүүн же жумшак исламды ташып жүрүшкөнү белгилүү. Окумуштуунун ырасташынча, булардын азырынча Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунучу жок, ал эми Орусия буларды жактырбаса, ал Орусиянын иши болушу керек:
Бул жерде АКШ саясаты менен Ф.Гүлендин саясаты бири-бирине төп келип атат. Бирок бул жерде чалгынчылык байланыштары бар деп ойлобойм.
Хакан Гүнеш


- “Нурчулар” секта деп эсептелбейт. Булар мелүүн, жумшак исламчылар. Негизинен билим берүүгө басым жасап, исламга секулярдык жактан карашат. Ал эми бул диний агымдын билим берүү тармактары аркылуу кирип, таркап, жайылып атканы башка маселе. Алар ушундай эле жол менен Казакстанда, Орусияда, Европада, АКШда иштешет.

Башкача айтканда булар такыр эле сектага окшобойт. Алардын методу Түркиядагыдай катуу секулярдык системага ылайыкталган. Алар дароо эле исламга чакырбайт. Бирок алар секулярдык билим берүү аркылуу жумшак исламдын мисалын көрсөтүшөт. Мындайча айтканда коркунуч жок.


Ошондой эле К.Маликовдун айтымында, 20 жыл ичинде өлкөдө Исламдын эле ондогон агымдары пайда болду. Андыктан мамлекет менен муфтият бул багытта катуу иштеп, мыкты билим алган дин кызматкерлерин өлкө ичинде даярдоого көңүл буруусу абзел.

Теология доктору Самаган Мырзаибраимовдун айтымында, “Себат” - билим берүү мекемеси болгондуктан, анын ишмердүүлүгүнө баа берүүдө билим сапаты, окуу процесси жана мыйзамдардын сакталуусуна гана көңүл бурулуусу керек. Эгерде мыйзам чегинен чыккан иштер болсо, аны тиешелүү органдар териштирип алмакчы.

Ал эми Түркияда мурдагы чалгынчынын жазып чыккан маалыматтары, алардын ички саясий кармашы болуусу мүмкүн. Анткени Түркияда солчулар менен оңчулардын бийлик үчүн күрөшү катуу жүрөт. Бул “АК” партиясы баштап бийликте турган динге жакын оңчуларга каршы секулярдык солчулардын жасаган чабуулу болушу ыктымал. Муну болсо орус маалымат каражаттары дароо өз пайдасына колдонууда.

Анын пикиринде, Кыргызстанда АКШ үчүн жашыруун деле эч нерсе жок. Болгон бардык маалыматтар ачык. Ал эми диний жактан айыптоолор “Себатка” каршы күчтөрдүн гана чырагына май тамызмакчы.

Бирок Самаган Мырзаибраимовдун ырасташынча, Исламдын өз укуктук системасы жана исламдык партиялардын курулушуна негиз берген эрежелери болгондуктан, кайсы бир убакта мелүүн делген “Нуржулар” деле "Хизб-ут Тахрир" сыяктуу саясатка аралашат:

- Ислам дининин негиздеринде жана Ислам тарыхында, исламдык партиялардын түзүлүшүнө жана исламдык мамлекеттин курулушуна негиз берген көз караштар, классикалык китептер бар. Куранда жана хадисте да ушундай үгүт-насаат сөздөр бар да. Биз аны жокко чыгара албайбыз.

"Хизб-ут Тахрирге" келе турган болсок, тахрир деген сөз партия дегенди билдирет да. Алар түздөн-түз, ачык айтып саясатка киришип атышат. Ал эми Фетхуллах Гүлендин жамааттарына окшогон мелүүн жамааттарды айта турган болсо, алар деле бир мезгилде барып туруп ошол максатка кошулат. Ошол максатта иш алып барат. Алар ашыкча саясатташып кетпегени менен акырындан жүрүп отуруп мамлекеттик түзүмдөргө кирип, өз максаттарын ишке ашырат.


Биз атайын “Себат” лицейлерине, жатаканаларына да баш бактык. Жатакана мүдүрлөрү баары жогун көрсөтүп, студенттер түзүлгөн шарттарды макташат. Негизинен студенттер диний үгүт иштери жүргүзүлбөсүн айтышканы менен айрымдары кээде чогулуп турушарын, Фетхуллах Гүлендин осуяттарын, динди талкуулап калышарын жашырышпады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG