Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:29

Шаршен Термечиковдун «МАРУСЯ» ыры


Кыргыздын атак-даңкы таш жарган чечен уулдары Көкөтөй, Жоошбай, Куйручуктун сабында Шаршен Термечиковдун ысымы да сыймыктануу менен айтылып келет. Ал куудул, обончу, ырчы, төкмө акын болгон. Кабарчыбыз Балбай Алагушев Шаршендин өзүнүн аткаруусундагы тамашалуу «Маруся» аттуу ыры кандайча табылганы жөнүндө ой бөлүшөт.

“Ысыктыгы кебиңдин,
Табылгынын чогу эле.
Өткүрдүгү кебиңдин,
Душманга аткан ок эле…
Мүлдү кыргыз жеринде,
Күлдүргүч сендей жок эле», – деп төкмө акын Осмонкул ырдаган Шаршен Термечиковдун жүргөн жерин карк күлкүгө толтурган куудулдугу, таңдайынан чаң чыгара сүйлөгөн чечендиги, черткен аспабы, обончулугу, ырчылыгы, акындыгы, жүрүм-туруму жөнүндө эл арасында ар кандай уламалуу кептер айтылып келет.

- Шаршен чыгаaрда, – деп эскерген эл акыны Кубанычбек Маликов, - залга «Шаршен» деген ат угулса эле болду. Залда олтурган эл кыйрап күлө берет. Көрүүчүлөрдүкү да эчтеке эмес, күндө нече мартаба уккан кызматташ жолдоштору (карыясы Муратаалы, жашы Муса), алар да боорлорун тырмашып, боортоктой күлүшөт. Шаршендин баркыраган үнү, коюн-кончуна чейин күлкүгө толгон сырткы кебетеси, күндө жаңы, күндө кызык… Шаршен сахнага чыга келгенде эле анын баркырап биринчи айткан сөзү - «туугандар». Бүткүл эл ага тууган. Бүткүл театрга келишкен күүчүлөр Шаршенди тууган көрүшөт.

Шаршен куудулдук менен бирге чыгармачылыгында обончулукту, ырчы-аткаруучулукту, төкмө акындыкты да кеңири өнүктүргөн. Аларды өзү чаап алган бир жагы домбура, бир жагы комуз аспабынын коштоосунда ырдаган. Бирок, айтылуу шайырдын өзүнүн аткаруусундагы чыгармаларынын бири дагы тасмага, табакка жазылбай калган. 1939-жылы таанымал музыка изилдөөчү, республиканын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Виктор Сергеевич Виноградов Шаршенден «Кубанам», «Маруся», «Ичинен кайырма» аттуу ырларын пластмасса табакка жазып алган. Андан 1963-жылы мен тасмага көчүрүп алган элем. Азыр, кадырман угармандар, техникалык жактан начар жазылса да, сиздерден кечирим суроо менен, 64 жыл мурунку Шаршендин өзүнүн аткаруусундагы «Маруся» аттуу ырын кош колдоп тартуулап коюуну эп көрдүм.
XS
SM
MD
LG