Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Кыргыздар кантип корейге айланды?


Кыргызстандын паспорттору.
Кыргызстандын паспорттору.

Түштүк Кореяга кетүү максатында аты-жөнүн корейче өзгөрткөн 20га чукул жаран Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүн шылуундар менен кызматташып, документ жасашат деп айыптап чыгышты.

Алар Bishkek Alliance LTD ЖЧК Кореяга виза алып берүүнү убада кылып, аталган мекеме кызматкерлери менен бирге документ даярдап, акысына үч миң доллардан жети миң долларга чейин алганын, бирок алдап кеткенин айтышууда.

Арыздын негизинде Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоду. Бирок, фирма жабылып, аны иштеткендер качып кеткени белгилүү болду.

Насыя алып, паспорт жасатып...

Ат-Башы районунун Терек-Суу айылынын тургуну Марат Акылбеков былтыр Кореяга кеткен тааныш-билиштеринен ал жакка баруунун жолдорун сураштырып, Bishkek Alliance LTD деп аталган жоопкерчилиги чектелген коомуна кайрылган. Анда иштеген Рахат Сматова жана Карим аттуу адамдар Кореяга виза ачып берүүнү убада кылып, жети миң доллар сураган. Насыяга акча таап бергенден кийин атын корейче кылып өзгөртсө, виза ачуу оңой болорун, эки апта ичинде Кореяга кетерин айтышкан. Алардын көрсөтмөсү менен Марат аялы менен кагаз жүзүндө ажырашып, жергиликтүү Ким Дора аттуу 60 жаштагы корей аял менен формалдуу никеге турган. Мындан кийин Мараттын аты-жөнү Ким Анатолий Акылбекович болуп өзгөргөн:

- Ажыраштыруу жана никени каттоо, паспорт өзгөртүү өтө кыска убакытта ишке ашты. Бизге Сайкал аттуу ортомчу аял жана Калкты тейлөө борборунун Бакыт аттуу кызматкери, Свердлов райондук жарандык актыларды каттоо бөлүмүнөн Самара деген эже көмөктөштү. Бир жолу барсам паспортко кол коюп берген кызматкер "сен кимге үйлөндүң, тойго качан чакырасың" деп шылдыңдады.

Марат корей аялга үйлөнүү үчүн нике каттоо бөлүмүнө деле барган эмес. Көчөдө, машиненин ичинде эле баары бүткөн. Ошондон эки күн өтпөй аты-жөнү корейче жазылган паспорт колуна тийген.

Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк
Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк

Фирма өкүлдөрү паспорт алуу үчүн Мараттын түпкү теги да корей деп өзгөртүп, Анатолий Ким Антонович деген адамдын, корей ата-эненин туулгандыгы, жада калса чоң энесинин өлгөндүгү жөнүндөгү күбөлүктөрдү чогултушкан. Анын “улуту корей” деп жазылган туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү кадимки эле документтен айырмаланбайт. Мындай маалыматтарды корей улутундагы жергиликтүү жарандар менен чогуу топтогон.

Марат мунун баарын виза ачтыруу максатында Бишкектеги Түштүк Кореянын элчилигине кайрылган учурда билиптир. Бирок элчиликтен виза берилбейт деген жооп келгенден кийин аталган фирмадан акчаны кайтарып берүүнү талап кылып, андан натыйжа чыккан эмес. Бир ай мурун фирма жабылып, жабыркагандар кеңседен эч кимди таппай калган:

- Элчиликке виза үчүн документ киргизип жатканда жасалма документтерди көрүп, өзүм коркуп кеттим. Ата-жотомдон бери корейлер деп жүрөт. Мунун баары чын сыяктуудай. Бирок, бизди алдап кеткен Рахатты жеңе деп атап, аны менен бирге иштеген Жоомарт Сыдыков "эч коркпой киргизе бер, бардык жерде биздин тааныштар" деп айтып киргизген.

Анна Емдин атындагы паспортту көтөрүп жүргөн эки балалуу ысыккөлдүк Айжан ушундай эле жол менен алты миң долларын алдырып жиберген. Ал туугандары минтип жүргөнүн билбегенин айтып, жүзүн ачык көрсөтпөөнү өтүндү. Айжан корей улутундагы адамдарга формалдуу түрдө үч жолу никеге туруп, паспортун, аты-жөнүн алмаштырган экен. Анын акыркысында аталган фирма өкүлдөрү жана нике каттоо кызматкерлери бош баракка эле кол койдуруп алып, калганын өздөрү бүтүргөн. Ошентсе да үч жолу тең элчиликтен оң жооп келген эмес:

- Биринчи жолу күйөөмдү араң көндүргөм. Биз деле жыргал жашоодон улам Кореяга кетели деген жокпуз да. Мени менен бул фирманын Карим деген кызматкери иштешти. Ал биринчи жолу иш оңунан чыкпай калганда, эми эмне болот деп сурасам, дагы башка формалдуу никеге турушум керектигин айтты. Ошентип, үч жолу кагазда нике жаңырттым. Булардыкы чынжыр сыяктуу. Экинчисинде, бизге окшоп корей аялга үйлөнүп, анын фамилиясына өткөн кыргыз балага формалдуу нике кагазын даярдап беришти.

Bishkek Alliance LTD деп аталган жоопкерчилиги чектелген коому Чыгыш-5 кичи районунда иштеген экен. Ал жерде нотариалдык кеңсе да орун алган. Жабыркагандардын айтымында, жеке нотариус Чолпон Казыбекова да шылуундар менен байланышта болгон. Анткени, жарандардан акча алганы тууралуу келишим ушул нотариус аркылуу бекитилген. Бирок, Казыбекова өз дарегине карата айтылгандарды четке кагып, коңшуларын сырттан гана тааный турганын айтууда:

- Карим, тактап айтканда Деңиз Мелисов менен мурда чогуу иштегенбиз. Ага мен бул имараттан бөлмөнү ижарага бергем. Экөөбүздүн ортобузда келишим бир жылга түзүлүп, быйыл 1-январда аяктады.

Документ сыр сөз менен жасалат

Марат, Айжан өңдөнүп Цой, Ким, Ем, Пак жана башка корей ысымдары менен паспорт алып, бирок чет өлкөгө кете албай алданып калган жарандардын саны 100дөн ашат экен. Алар бири-бирин фирмага келип, виза алуу аракетин көрүп жүргөндө таанышчу эмес. Фирма өкүлдөрү баарын тең биринчи болуп кетирүүгө убада кылганын, алданышканын милицияга кайрылуу үчүн топтолгондон кийин аңдап-билишкен. Учурда бул адамдардын 16сы гана алдап кеткен фирманын үстүнөн укук коргоо органдарына кайрылышты. Калгандары корей ысымдары менен Кореяда иштеген туугандарына залака тийбесин деген жүйө менен арыз жазуудан баш тарткан.

Кыргызстандын улуттук документтери.
Кыргызстандын улуттук документтери.

Алданып калган жарандар документ жасоо ишине Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү да аралашканын айтып, аларды шылуундар менен кызматташат деп айыптап чыгышты. Он чактысы чогулуп, Туңгуч кичи районундагы Калкты тейлөө борборуна “Азаттыктын” кабарчысы менен бирге барып, документти кайсы жерден алганын жана ким бергенин көрсөтүп беришти:

- Мына, бул жерде Бакыт деген байке отурчу. Азыр баары өзгөрүп кетиптир. Самара эже бул жерде отурчу эле.

- Документтерди алып кирсек, Бакыт байке "мындай нерсе жасалбайт" деп ыргытып жиберген. Анан "код" деп айтты. Көрсө, коду "Сайкал" экен. Аны айткандан кийин бизди кабыл алып, документтерге кол коюп берчү.

Бирок, бул жерде Сайкал деген “сыр сөз” менен гана кабыл алып, документтерди жасаган деген Бакыт жана Самара аттуу кызматкерлер жок болуп чыкты. Анткен менен Бакыт Акашев азыр жоюлуп кеткен район аралык бөлүмдү жетектегени, Самара Малашева Свердлов райондук нике каттоо бөлүмүндө иштегени аныкталды.

“Инфоком” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары Акын Мамбеталиев кол алдындагы кызматкерлер эгер калпыс иш кылса, териштириле турганын билдирди:

- Жарандар өз каалоосу менен атын, фамилияларын алмаштырыптыр да. Буга мыйзам жол берет. Бирок, биздин кызматкерлердин нике күбөлүгүн бергени канча мөөнөттө ишке ашканын тактап чыгуу керек.

Капка катылбаган шибеге

Биз Бакыт жана Самара аттуу кызматкерлерди №2 Калкты тейлөө борборунан таптык. Бакыт Акашев Ленин райондук паспорт бөлүмүнүн башчысы кызматына, Самара Малашева болсо ошол эле райондук нике каттоо бөлүмүнө которулуптур. Акашев азыр өргүүдө экен. Жабыркаган Марат Акылбеков өз аялы менен ажырашып, корей байбичеге кагаз жүзүндө баш кошкондо жана аны менен кайра никени жокко чыгарып, жубайы менен документ алганда ушул кызматкер жардам бергенин далилдөөгө умтулуп, Самара Малашева болсо аны четке кагып жатты:

- Сайкал дегенди тааныбайм. Ким ал Сайкал? Мен аны менен сүйлөшпөйм.

Ошол эле маалда Самара Малашева Сайкал аттуу ортомчу аялды Калкты тейлөө борборунда иштегендердин “баары эле тааныйт” деп сөзүнөн адашып да калды:

- Сайкал эже ушул жакта жүрсө жүргөндүр. Мен тааныбайм. Мени эмнеге тартып атасыңар?

"Азаттык": Эже деп атпайсызбы, демек тааныйт турбайсызбы?

- Аны ушул жердегилердин баары эле билет.

Алданып калгандардын билдиришинче, шылуундардын бардык тиешелүү органдарда “көздөй” кишилери бар. Андай адамдары Корей Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинде да бар деп шектенишет. Марат Акылбековду диктофон менен кирип, элчиликтеги Эрнис аттуу кызматкер менен сүйлөшкөндө ал виза үчүн топтолгон документтерди фирма өкүлдөрү алып кеткенин айтты:

Марат: Саламатсыздарбы? Эрнис ушул жердеби?

Элчилик кызматкери: Ооба.

Марат: Эрнис, менин документтерим бар эле, октябрда бергем, элчилик виза берүүдөн баш тарткан. Ошону алып кетсемби деп келгем.

Эрнис: Аты-жөнүңүз ким?

Марат: Ким Анатолий.

Эрнис: Документтер жок, алып кетишкен.

Марат: Ким алып кетти эле?

Эрнис: Өзүң алган жок белең?

Марат: Жок, алган эмесмин. Документ тапшырып жатканда сүрөттө менин көзүмдү жашыл экен деп, ошону кара кылып кел дебедиң беле? Эсиңдеби?

Эрнис: Ааа...

Марат: Рахат алып кеттиби же Каримби?

Эрнис: Жоомарт.

Марат: Аа, Жоомарт алып кетти беле?

Паспорт чыры: корейге айланган кыргыздар
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:22 0:00

Кореяда чет өлкөлөрдө жашаган бардык этникалык мекендештер үчүн жеңилдиктерди караган программа бар. Анын алкагында кыргызстандык этникалык корейлер да ашыкча түйшүксүз виза ачтырып, оңой кете алышат.

“Бишкек Альянс LTD” жоопкерчилиги чектелген коомунун шылуундары дал ушул жагдайды эске алгандай. Алгач бир нече жаранды корей ысымы менен оңой эле кетирип жүрүшкөн болсо, акыркы кезде ал өлкө бийлиги мындай адамдардын көп келип жатканын байкап, көзөмөлдү күчөткөн.

Аталган фирмада иштеген Карим аттуу жарандын өз ысымы Деңиз Мелисов экени ачыкка чыкты.​ Ал эми дагы бир Рахат Сматова деген кызматкери мурда алдамчылык үчүн шарттуу соттолгон. Бул маалымат sot.kg порталында илинүү турат. Бирок, жабырлануучулардын айтымында, ал Курманова Диана Рысалиевнанын атындагы паспорт менен Кыргызстандан чыгып кеткен болушу мүмкүн.

Мурда соттолгон жаран кандай жол менен атын өзгөртүп, паспорт алды деген суроону Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевге узатканыбызда, ал соңку кезде этникалык корейлерге үйлөнүп же турмушка чыгып, атын-фамилиясын алмаштыргандар көбөйгөнүн моюнга алды:

- Эгер жаран соттолуп, бирок анын иши кыскартылса же мөөнөтү бүтсө ал бардык процедураларды жүргүзө алат. Биз, албетте, мекеме ичиндеги окуялардын баарын териштиребиз. Ал эми документ даярдоодо мыйзамдар бузулган эмес. Ар бир жарандын атын алмаштырганга, аялынын фамилиясын алганга акысы бар да. Бирок, кандай болгон күндө деле булардын персоналдык маалыматтары өзгөрбөйт. Ошол "пинди" басканда буга чейин алган паспортторунун баары чыгып турат.

Мыйзамды буйтап өткөн жолдор аз эмес

Кыргызстан мыйзамдарына ылайык, ар бир атуул атын канча жолу болбосун өзгөртүүгө укуктуу. Бирок, фамилияны алмаштыруу үчүн олуттуу себеп керек же жарандар никеге турган жубайынын фамилиясына өтө алышат. Анткен менен дал ушул фамилия алмаштырууда маанилүү болгон нике жөнүндөгү күбөлүк дароо эле бериле бербейт.

Юрист Нурбек Абдалиевдин айтымында, эгер ортодо бала болсо ажыраштыруу жараяны сот аркылуу гана ишке ашууга тийиш. Бирок, корейге айланган жарандардын көбүнүн бала-чакасы болгону менен эмнегедир бул жобо сакталган эмес:

- Жубайлардын ортосунда бала болбосо же балдарынын жашы 18ден ашса, алар барып ошол эле күнү арыз жазып, аны канааттандырса болот. Эгер бала болсо, анда сот аркылуу ажырашат. Андан башка жол жок.

Нурбек Абдалиевдин баамында, Мамлекеттик каттоо кызматынын паспорттогу бешинчи графадан “улут” тууралуу маалыматты алып салуу сунушу жогоркудай башаламандыктарга ого бетер жол ачат.

Расмий маалыматка таянсак, ушул тапта Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандыктардын саны 15 миңге чукул. Алардын канчоо маянасы көп жумуш табуу үчүн аты-жөнүн өзгөртүүгө аргасыз болуп иштеп жатканы белгисиз.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы билдиргендей, алданып калган он алты жарандын арызынын негизинде кылмыш иши козголуп, аны Свердлов райондук ички иштер бөлүмү иликтеп жатат. Негизи он жылдан бери эки өлкө ортосунда кыргызстандыктарды Түштүк Кореяда жумушка орноштуруу боюнча атайын программа иштеп келет. Бирок, анын ишин жемкорлук баса баштады деген дооматтар cоңку кезде арбын айтылып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG