Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:15

Кайран тил


Борбор шаар Бишкек менен элетти бөлүп турган чоң тосмо бар. Ал – тил. Элет жери кыргызча кайрылса, борбор көп учурда орусча гана жооп берет.

Ушу кезге чейин айрым тилчи адистер, жөнөкөй жарандар бул маселени көтөрүп келгени менен борбордогу “саясий элита”, “интеллигенция” аркасын салып келатат.

XVIII - XIX кылымдарда Орусияда дал ушундай болгон. Франциянын таасири артып, орустун ак сөөктөрү, байлары, шаар жергесиндеги интеллигенция өкүлдөрү жалаң француз тилинде сүйлөй башташкан. Карапайымдар менен алардын ортосундагы айырмачылык материалдык жактан гана эмес дүйнө тааным жагынан да барган cайын чоңоюп отурган. 20-кылымдын башында болсо карапайымдар бийликти кулатып тынышты.

Ал сыңары эгемендик алганына 18-жылдан ашса да Кыргызстанда ушул көрүнүш турат. Ал ажырым азаймак турсун барган сайын тереңдеп, “элет жергеси менен борборду байланыштырган киндикке доо кетти” дегендерди уккан бирөө жок. Ал – кыргыз тилинин шаар жеринде жерилип, ошол борбордогулардын бул көйгөйдү көрмөксөнгө салуусунан улам дешет.

Кыргызстандын 70 пайыз элин негизинен элетте жашаган кыргыз улутундагылар түзөт. Өзбектер 14 пайыздан ашса, орустар 8 пайыздан ашуун. Өлкөдөгү түрк тилдүү элдердин саны 90 пайыздай жана алардын бардыгы кыргыз тилин кадимкидей түшүнүшөт.

Бирок борбор шаар Бишкекте турган бийлик да, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү да, бейөкмөт уюмдары жана ишкерлер чөйрөсү да негизинен орус тилинде иш жүргүзүп, алака кылышат. Мунун бир катар себептери бар. Адистердин айтымында, өлкөнүн географиялык ээлеген абалы, 70 жыл СССРдин алдындагы жашоо, аң-сезимде калып калган эски адаттар, коомчулуктагы, башкаруучулардагы, интеллигенция чөйрөсүндөгү психологиялык бечелдик сыяктуулар мындай абалдын жаралышына, борбор шаарда мамлекеттик тилдин түрткүнчүк болуусуна себепчи болду.
Мен дайыма айтып келем, “тил = эл” деп. Тил болбосо ал эл жок болот. Аскарбек Мамбеталиев


Эл аралык билим берүү адиси жана талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, Кыргызстан сыяктуу унитардык мамлекетте өлкөнүн бир гана негизги тили болгону оң. Анткени элдин басымдуу бөлүгү сүйлөгөн тилге артыкчылык берилип, башкаруучулар ошол тилде саясат жүргүзбөсө коомчулукта чыңалуу күчөп, өнүгүү болбойт:

- Мен дайыма айтып келем, “тил = эл” депчи. Тил болбосо ал эл жок болот. Маселен өнүккөн мамлекет болгон АКШны деле алалы. Ал жерде мындай саясат бар. АКШ жараны болуу үчүн сөзсүз тил билиш керек. Тил билбесең эч качан АКШ жараны боло албайсың. Бул жерде эч кандай суроо жок, билишиң керек, бүттү. Анткени мамлекетте тил коммуникациясы жакшы болбосо ошол жерде кагылыштар чыгат.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматта тургандар сөзсүз түрдө кыргызча билүүсү керектиги тууралуу көптөн бери эле айтылып келатат. Мындай сөздөрдү ар кыл даражадагы мамлекеттик жетекчилер да айтып келишти.

“Калпеле кыргыз тилине камкордук көрүмүш болгон” көрсөтмө саясатты токтотуу керектигин, тил жаатында чечкиндүү чараларды жасоо зарылдыгын айткан адистер, муну мыйзам түрүндө да так киргизип, кыргыз тилин билбеген бир дагы адамды жетекчилик орундарга жолотпоо керектигин айтышат.

Ошентсе да өлкө жетекчилигинде башынан эле кыргыз тилин билбегендер иштеп келатат. Мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда деле башкаларын айтпаганда кыргызча билбеген Николай Танаев премерь-министрликке чейин көтөрүлгөн. К.Бакиевдин учурунда да тил билбеген Феликс Кулов, Игорь Чудинов премьер-министрликке чейин жетсе, президенттин кыргызча билбеген уулу Максим Бакиев “жогорку өкмөт” аттуу ылакап атка ээ болгон Өнүктүрүү агенттигин башкарып калды. Булардан тышкары министрлик ж.б. орундарда тил билбегендер бир топ.

К.Бакиевдин соңку реформаларынын негизинде Мамлекеттик тил комиссиясы жоюлуп кетти. Эми анын укуктары өкмөттүн курамындагы Маданият агенттигинин алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү департаментине берилди.
Мамлекеттик кызматкер биринчи элдин кызматчысы. Ошондуктан ал кыргыз тилин билүүгө милдеттүү. Азимжан Ибраимов

Аталган департаменттин өкүлү Азимжан Ибраимовдун пикиринде, шаар жеринде кыргыз тилин жерүүчүлүк, орусча билгендерди гана маданияттуу деп эсептөө сыяктуу жаңылыш түшүнүктөр бар. Ал адаттарды калтыруу үчүн атайын чараларды көрүп, оболу кыргыз тилин билбегендерге мамлекеттик чоң кызматтарда иштөөсүнө мүмкүндүк бербеген мыйзамдарды кабыл алуу керек:

- Кызматка кирип атканда дагы, кызматтан кызматка өтүп аткан учурда дагы, аттестация учурунда дагы мамлекеттик тилдүү билүү деңгээлин аныктап туруп, ошого жараша адамга мамлекеттик кызматты, жоопкерчиликти мойнуна илиш керек. Болбосо анын элге кызмат кылганы кайсы. Мамлекеттик кызматкер биринчи элдин кызматчысы. Ошондуктан ал кыргыз тилин билүүгө милдеттүү.

Тил жаатындагы бул маселени чечүү татаал иш экенин айткан адистер, аны чечүүдө баарыбир чечкиндүү кадамдарга баруу керектигин баса белгилешүүдө. Ал үчүн ириде саясий эрк жетишпей турат.

XS
SM
MD
LG