Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

Аалы Карашев премьер болгусу келеби?


Аалы Карашев
Аалы Карашев

Депутат Узарбек Жылкыбаевдин, тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун маектерин, “Айтматов таануу илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон окумуштуу” деген аталыш менен академик Абдылдажан Акматалиев тууралуу окумуштуулар Д. Асакеева менен Б. Темированын макаласын, парапсихолог Лариса Асанбекованын “Америкага сапар” баянын бүгүн жарык көргөн “Асман плюс” гезитинен окуйсуздар. Ушул эле гезит сегиз жашка чыккан күнүн белгилегенин, гезиттин тоюна кимдер катышып, жакшы каалоо-тилектерин айтканын журналист Жаз-Айым Айдекованын эки беттен турган сүрөттүү репортажынан окуп алсаңыздар болот. Жазуучу Чолпон Субакожоеванын сандан-санга жарыяланып келаткан “Манас-Асман, Асман-Манас” аттуу эмгеги, жазуучу Чынара Калыбекованын “Рахманкул хан” жөнүндө чыгармасы, комузчу Кенжебек Алдаярдын маеги да ушул санга басылды. Эки көзү дээрлик көрбөгөн, бирок ырчылык таланты менен жакында Жапонияга барып, жапон ырын ырдап, “Шаңдуу үн” деп аталган Эл аралык конкурста 1-сыйлыкты утуп келген кыргыз кызы Гүлүм Касымбаева менен журналист Назгүл Осмонова маектешкен. Мына ушулардын баарын бүгүн жарык көргөн “Асман плюс” гезитинен окуйсуздар.

“Азия ньюс” гезити коомдук ишмер Сабыр Муканбетовдун “Мыйзамсыз түрдө бийликти алмаштырууга каршымын” деген маеги менен бул санын ачты. Сабыр маегинде элибиз бүгүн бийликке да ичи чыкпай, оппозицияны деле колдобой аңкайып турганын, өзү дагы чындап эле турмушту өзгөртөбүз дегендерге кошулуп 25 жылдык өмүрүн коомдук иштерге коротконун, “антип коебуз, минтип коебуз”, “Конституцияны башкача жазып салабыз, анан жыргайбыз” дегендин баарынын таш-талканы чыкканын, өсүш үчүн, өзгөрүш үчүн убакыт керек экенин, оппозиция болсун, бириксин, сындашсын, бирок кайрадан төңкөрүш жасоонун, кайрадан кан төгүүнүн, кайрадан Убактылуу өкмөт түзүп, шаар өрттөнүп, жер-сууну, дүкөндөрдү талап-тоногон мародерлор каптап, мөөнөтсүз шайлоо өткөзүп, убакыт, акча коротуп, ызы-чуу түшүп, туруктуулукту бузуштун бүгүн эч кимге кереги жоктугун, Алмазбек Атамбаев да оппозиция коюп жаткан талаптарга тыкыр көңүл буруп, конструктивдүү бөлүгү менен кызматташууга барып, айлана-чөйрөсүн иргеп, элге жек көрүндү болгондордон арылыш керектигин, анан Бектур Асановго окшоп “Атамбаев кетсин!” дегенди дени таза киши колдобой турганын, болгону бир жарым жылдык мөөнөтү калганда “кетсин” деп кетирип, чаң-тополоң салуу кудайга да жакпай тургандыгын айтты. Саясатчы Аликбек Жекшенкуловдун бийлик менен оппозицияны акылга чакырган көлөмдүү маеги жарыяланды. Көптөн бери абакта жаткан Алмаз Абековдун “Мегакомдун” сырын ачкан макаласы басылды. Журналист Кенжебек Арыкбаевдин бул жолку макаласы “Адахан менен Геббельстин окшоштугу барбы?” деген аталыш менен жарык көрүп, автор саясатчы Мадумаровдун баскан жолунун айрым учурларын барактап чыкты. Булардын баарын бүгүн жарык көргөн “Азия ньюс” гезитинен окуңуздар.

“ПолитКлиника” гезити жаңы санын Бишкектин тургуну Жамал Кадыркулованын “Уулумду өлтүргөндөр жазасын албай эркин жүрүшөт” деген ат менен президентке кайрылган каты менен ачты. “Мыйзамды сыйлабаган МАИ кызматкерин тоготпогон депутат Анвар Артыковго КСДП жаза берсин” деген, “Аалы Карашевдин премьер болгусу келип калдыбы?” деген, “Башировдун кылмыш иши байланып калганбы?” деген чакан маалыматтар жана “Оппозициянын салмагы канча?” деген ой-пикирлер бар. Президент Алмазбек Атамбаевдин “Эгер мен мураскер даярдасам, Кыргызстанга демократия келбейт” деген сөзүн баштема кылган журналист Акылбек Чынтемировдун макаласы “Мураскер болбойт” деген, “Кадр тандоодо анын тазалыгына басым жасалышы керек” деген, “Баш мыйзамды өзгөртүүнү эл чечет” деген, “Мамлекеттин коопсуздугу башкы маселе” деген кошумча темалардан турат. “Эмне үчүн Путин Сириядан орус аскерлерин алып кетти?” деген көлөмдүү макала да ушул санда. Аталган гезит бүгүн көп адамдар сүмөлөк бышырууну биле бербестигин эске алып, Жайнагүл Мусабекованын “Сүмөлөк бышырууну үйрөнөбүз” деген өтө керектүү макаласын тартуулады. Кымбат Турдубекованын “Келди Нооруз, жаңыланып жаңы күн” деген материалында белгилүү адамдардын Нооруз тууралуу айтып бергендерин басылды. Жапониядан 1-сыйлыкты утуп келген көзү азиз ырчы кыз Гүлүм Касымбаеваны кепке тарткан журналист Айгүл Бакееванын кызыктуу маеги да ушул санда.

Тирүү болгондо айтылуу Салижан Жигитов бүгүн 80 жашка чыкмак. Айжан Айтышева даярдаган Салижан Жигитов тууралуу эскерүү жана атактуу окумуштуу, чыгаан адабиятчы жана талантуу акындын андан кем эмес атактуу “Элегия” деген ыры да бүгүн сиздер окуй турган “ПолитКлиника” гезитинде жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG