Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:22

Оппозициядан оомат кеттиби?


Кыргыз гезиттери
Кыргыз гезиттери

Апта аягындагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Энергетикалык алкактан чыксак жарыкты биз өчүрүп, сууну да биз токтото алабыз. Бирок биз мындайга барбайбыз. Коңшуга жакшы мамиле кылыш керек”. Мындай пикирин президент Алмазбек Атамбаев кечээ күнү журналисттердин алдында ачыкка чыгарды. Чек ара кызматынын мурдагы башчысы Токон Мамытов “Өзбекстандын акыркы кадамдарынын себеби - Кыргызстанга мурдагыдай кысым кыла албай калгандыгында” деп айтты. Бул тема андан ары уланып, сиздер Жайыл Руслановдун “Президент ачуу, бирок ачык пикирин билдирди” деген, Нарынкүл Назаралиеванын “Талаш жерлер боюнча тактоолор” деген, Таластан Өскөнбек Чаргыновдун “Мүрзө башындагы имам шайлоо” деген макалаларын бүгүн жарык көргөн “Кыргыз Туусу” гезити жарыялады.

“24-март. Бийлик да, коом да бул окуядан сабак алууга милдеттүү” деген ат менен президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосу басылды. “Кыргызстанга тынчтык керек” деген баш теманын алдында айрым адамдардын ойлоруна орун берилди. Атай Алтымышевдин макаласы “Кечээги тарых баарыбызга сабак болушу керек” деп аталды. “Эл башы болгуча, суу башы бол” деген рубриканын алдындагы Жазгүл Кенжетаеванын макаласы “Талаштуу маселени кантип чечсе болот?” деген ат менен жарык көрдү. Булардын баарын сиздер “Эркин Тоо” гезитинин жаңы санынан окуйсуздар.

Дубай - Ростов-на-Дону аба каттамындагы кыйраган учакта стюардесса болуп иштеп келген кыргыз кызы Жылдыз Насирдинова беш бир туугандын кенжеси болгонун, Нарындагы эң күчтүү деген Чкалов атындагы орто мектепти жалаң "5" менен окуп бүтүрүп, 2012-жылы Бишкек гуманитардык университетин аяктаганын, үй-жай күткөнгө үлгүрбөгөнүн, маркумдун жакындарына көңүл айтуу менен “Супер инфо” гезити жазып чыкты.

Профессор, белгилүү адабият сынчысы Кадыркул Даутовдун “Кандай акын оригиналдуу болот же Анатайдын ачылышы” аттуу сандан-санга жарыяланып келаткан макаласы уланды. Арыкбек Каныбек уулу “Ат оюндарында аламан байгени Казакстан алып кетти” деп жазды. Карганбек Самаковдун колдоосу менен “Кыргыз шырдагы” китеби жарык көргөнүн Руслан Замирбек уулу кабарлады. “Өзбек тарыхында да, топонимикасында Сары-Булак деген ат кездешпейт”. Бул макаланын алдында айрым эксперттердин ойлору тартууланды. Саясий серепчи Алга Кылычев:- Кезинде Өзбекстанды Акаев менен Бакиев эркелетип койгон. Анын кесепети азыр байкалууда. 91-жылкы келишимге ылайык Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы бир катар объекттер өткөн жылдан бери Кыргызстанга кайтарыла баштаган. Балким Каримовго ошол келишим жакпай жатса керек. Бирок биз эгемендүү мамлекетпиз. Кыргыз жеринин бир метр жери үчүн жанын аябаган жердештерибиз аз эмес! Бирок маселе дипломатиялык жол менен чечилиши керек. Мындай оор сыноодо бийлиги да, оппозициясы да, ар бир жараны мамлекеттин гана кызыкчылыгын ойлоосу керек,-деп айтты бүгүн чыккан “Де-факто” гезити аркылуу.

Темирбек Алымбековдун “Ойдологон оппозиция, ойлонгон бийлик” деген, Келдибек Назировдун “Ошто оппозициянын ооматы кеттиби?” деген, адбиятчы Искендербек Жумабаевдин “Салижандын таамай айтылган сөздөрүнөн” деген, Нурмухаммед Жумабековдун “Билимисиз “билимдүүлөрдү” көбөйткөн окуу жайлар” деген макалаларын “Жаңы агым” гезити сунуш кылды.

Алмаз Темирбек уулунун көлөмдүү макаласы “Өзбекстандын максаты Үңкүр-Тоону алуубу?” деп аталса, Тынчтык Алтымышевдин макаласы “Ала-Тоонун коюну ажонун атын саткан Атажановдун менчигиби?” деп аталды. Белгилүү тилчи-түрколог Четин Жумагулов кезектеги макаласы аркылуу азыркы алфавитти алмаштырабыз дегендерге далилдүү жүйөлөр менен жооп берди. “Улуттук нигилизм кыргыздын түбүнө жетеби?” деген макаласында Үсөн Касыбеков жалаң гана жалган жалаа, ушак сөздөр менен жазып келаткан журналистиканын кесепети элди ушак менен ууктуруп, бөлүп-жарып, ыдыратып отуруп, керек болсо мамлекеттин жок болуп кетишине алып келерин, демек мындай ушакты кесип кылып алган ОБОНчу журналистикага карата мамлекет катуу чара көрүшү керектигин бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити аркылуу билдирди.

“Вечерний Бишкек” гезитиндеги Элвира Темирдин макаласы “Баарысы үчүн Темир Сариевдин жооп беришин сурашат” депген ат менен жарык көрдү. Бир кездеги айыл чарба министри Карыпбек Асановдун пенсияга чыкканынына бир топ жыл болгонун, башкаларчылап кызмат да сурабаганын, бирок өзү туулуп-өскөн Ак-Талаа районунда кооператив түзүп алып ийгиликтүү иштетип жатканын, бүгүн айылды кооператив гана сактап каларын баяндаган журналист Вячеслав Аникиндин макаласын окуп ишенсеңиздер болот.

XS
SM
MD
LG