Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Депутат ГЭС курганы калды


Гезит окуган бала.
Гезит окуган бала.

Апта ортосундагы кыргыз басылмаларына Шайлообек сереп.

Жогорку Кеңештин депутаты Автандил Кулбараков депутат болгонго чейин бизнес кылып, Жумгалдагы кары-картаң, начар жашагандарга, жолго, сууга, көпүрөгө, мааракелерге жардамын аябастан берип келгенин, колу да, ою да таза, март жигит экенин, жакында эле илимдин доктору, Билим Берүү академиясынын вице-президенти, белгилүү окумуштуу жана таланттуу жазуучу Советбек Байгазиевдин Манас тууралуу эки китебин көп нускада чыгарып, Нарын облусуна бекер тараттырып бергенин, Автандил эми айтылуу Көкө-Мерен дарыясына баасы 1 млрд. 200 млн. долларлык, кубаттуулугу 950 мегаваттык, бул деген кадимки Токтогул ГЭСинин кубаттуулугунан бир аз эле азыраак, ГЭС курдурам деп кытайлык инвесторлор менен макулдашып жатканын бүгүн жарык көргөн “Багыт” гезити билдирди.

Баратбай Аракеев “Кадам ушул” макаласында коом түпкүрдү көздөй тереңдеген сайын, кезинде тыңыраак кийимге жетпеген адам баласы кийимге, илимге, билимге жеткен сайын, дили бузулуп, мурунку баалуулуктарын унутуп, элдин да, мамлекеттин да кызыкчылыгын уруп ойнобой өзүнүн гана керт башынын кызыкчылыгын ойлоп калганын, жаштар обу жок, ыгы жок, уяты жок адаттарга өтүп баратканын, далай заманды, далай жакшы-жаманды башынан өткөргөн кыргыз бүгүн ач көздүктүн жеминде калганын, ушинтип олтуруп адамзат бирди көрөрүнө аз калганын, аялы эркекке, эркеги аялга айланып, жумурткадан балапан чыккандай айнек түтүктөн бала чыгып, эркек эркекке үйлөнүп, “антип айбан жасабаганды жасабагыла! “ десе, “өздөн чыккан жат жамандар” “адам укугу бузулду!” деп айгай салып, бала төрөп туалетке ыргытып, бала төрөп акчага сатып, момурайган момун элди каалагандай калчап жатышканын, Акаев, Жумалиев, Чыңгышев Талгарбеков дегендер акча жегенди баштап бергенден кийин бийликке келген Бакиев акча жеген андай эмес, мындай болот деп акча жеген менен адам өлтүргөндүн классикалык түрүн көргөзгөнүн, Акаев менен Бакиевдерден кийин өз өлкөсүн жегендин мисалын Түлеев, Келдибековдор көрсөткөнүн “Багыттын” бүгүнкү санына жазды. Айбек Шамшыкеевдин “Криматалык Рыспек Акматбаев” аттуу макаласы уланды. Жумагүл Барктабасова менен Назгүл Осмонованын министр Кудайберген Базарбаевден алган маеги, жазуучу Жума Мамбетовдун депутат Автандил Кулбараков тууралуу макаласы, таланттуу жазуучу, буту майып болгон менен жандүйнөсү соо, жүрөгү таза, далай мыкты китептердин автору Мусакун Сатыбалдиевдин чыгармачылыгы боюнча Назгүл Осмоновга берген маеги жарыяланды.

“Майдан” гезити бүгүнкү санын “Бешилик” деген беш маалымат менен ачып, Курманжан датканын эстелигинин алдындагы 800 түп гүлдөп турган жоогазынды колу туткактар үзүп кеткенин, АКШ Кыргызстанга 36 беттен турган билдирмесин жибергенин, депутат Кубанычбек Жумалиев аялы Роза Аманованы маданият министринин орунбасарлыгына көрсөтө баштаганын, Бишкекте алгачкы жолу курут фестивалы өткөнүн, анан Имамидин Ташов атуу ишкер, ыйманы таза март жигит чыкканын, ал жакында эле үйсүз жүргөн Кыргыз эл артисти Чоро Думанаевге квартира сатып бергенин, Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын бир өңүрүн өзүнүн акчасына татынакай кылып оңдоп бергенин кабарлады.

Мурдагы Транспорт министри Аргынбек Малабаевдин “Балыкчы-Корумду долбоору–популисттик иш чара болгон” деген ат менен Автандил Белековго берген маеги тартууланды. Саясый эксперт Бакыт Бакетаев “Сариев олигархтардын саясатына баш ийип, элден алыстап кетти” деп маек берсе, Ыргалай Бекмуратова “Фабула” менен КТРКны сотко бердим” деп маек берди. Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин маеги “Сооронбай Жээнбеков тууралуу айтсам, мойнунан байлаган ит ууга жарабайт” деп аталды.

“Майдан” мындан кийин ар кыл адамдардын ой-пикирлеринен куралган топтомду окурмандарга сунуш кылды. Анда жаңы өкмөттүн башына келген Сооронбай Жээнбеков жөнүндө ой-пикирлер, спикерлик менен премьерлик кызмат президенттикке жете турган кыска жолбу деген суроого жооптор басылды.

“Вечерний Бишкек” гезити нөшөрлөп төккөн кара жаандан кийин Чүй облусунун аймагында чукул кырдаалдар режими киргизилгенин, 18-апрелдеги жаандан улам Бурана суусу ташып, Токмок-Кегети жолун сел каптаганын, Кара-Ой айлын каптаган селден 6 үй, ондон ашуун короо суу алдында калганын, мындай абал Совет айылында да болгонун, район боюнча 30 гектардан ашуун айдоо жараксыз абалга келгенин, Ысык-Ата районунун Чолпон айлында 17 гектар жүгөрүнү суу алып кеткенин, бул күнү Оштун Кара-Суу районунда жүргөн сел дагы кыйла зыянга учуратып кеткенин жазып чыкты.

Александра Василькова менен Евгений Денисенконун макалалары үстүбүздөгү жылдын туризм маселесине арналды.

XS
SM
MD
LG