Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:52

Заман бузулганда көзү ачык жайнайт


Кыргыз гезиттери.
Кыргыз гезиттери.

Шаршембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Багыт” гезити жаңы санын “Улуттун кызыкчылыгын уруп ойнобогондорго убал жок!” деген макала менен ачты. Анда президенттин жаны кашайганда катуу сүйлөгөн сөзүнө чычалаган укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдирасулова жөнүндө сөз болуп, алардын гейлерди, бир жыныстууларды колдоп, Оштогу улут аралык кандуу окуяда милиционерди өлтүргөндү уюштургандардын бири делип өмүрү бүткөнгө чейин түрмөгө кесилген Азимжан Аскаровду колдоп келаткан улуттун кызыкчылыгын уруп ойнобогондорго мындан ары катуу чараларды көрүү керек деп жазды.

Аталган “Багыт” гезити “Башкы прокурор Индира Жолдубаева кызматтан кетет экен деген сөз көптөн бери жүрүп жатат, эгер ал кетсе ордуна Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманов же Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаев келиши мүмкүн” деп,

“Экс-депутат Абдыманап Кутушев Жогорку Кеңештин аппарат башчысы болуп дайындалды” деп,

“Багыт” гезитинин өз кабарчысы Жумагүл Барктабасова “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды” деп,

“Бийликти басып алуунун 1-планы Дастан Сарыгуловдуку болсо, 2-планы Талгарбековдун “Элдик парламенти” болгонун, эми жакында мындай пландын үчүнчүсү жарыкка чыгып калышы ыктымалдыгын, бул боюнча Улуттук коопсуздук кызматы катуу иштеп жатканын, ал эми кечээ Кыргызстанды төңкөрүп салабыз, митингге 50 миң киши келет деген жерге адегенде Масалиевге, андан кийин Акаевге, кийин Бакиевге, орто жолдо Отунбаевага, эми азыркы бийликке каршы такай митинг менен пикеттен баштары чыкпаган эки-үч киши келгенин“ ”Багыт” гезити жазып чыкты.

Баратбай Аракеевдин “Кадам ушул” макаласында өткөн сандан калган ойлорун улап, жок жерден байыгандар, бай жана кедей болуп бөлүнгөн кыргыздын ажырымы, мансап оорусу, Куранда айтылгандай заман бузулганда көзү ачыктар көбөйөрүн, улуттук ар-намыс тууралуу кеп кылды. Айбек Шамшыкеевдин “Муратбек Бегалиев “Шериктештик жылдызы” сыйлыгын алды” деген макаласы бар. Акын Муратбек Рысбаевдин маркум Жолдошбек Зарлыкбековду эскерүүсү басылды. Депутат Автандил Кулбараковдун “Көкөмеренге 4,5 млрд. долларга ГЭС куруу мамлекет үчүн абдан пайдалуу” деген маеги да ушул санда.

“Майдан” гезити “Элдик парламенттин“ ыры бүттүбү же эми башталабы? Бийликке сын айткандарды четинен телефондон тыңшап, кылмыш ишин козгоп, камакка алуунун өзү - Ак үйдүн атаандаштарынан чочулаганын далилдеп жаткан жокпу?”деп суроо салган.

Тарыхчы Табылды Акеров: К. Кадыров, Б. Асанов айгай салып жатканда же Талгарбеков, Колубаев, Султанов бийликтин жүлүнүнө чейин жеткире сындап жаткан аракеттеринде мыйзамсыз жагдайлар болсо анда Юстиция министрлиги, Башкы прокуратура чара көрүшү керек болчу. Бирок бул органдар “өлүк” абалда экендигин байкадык. Мамлекетте бул органдар жоктой болуп жатат, -деп;

Укук коргоочу Рита Карасартова: Бүгүнкү бийликтин атаандашы Талгарбеков эмес, анын артына жашынып алып Кыргызстанда бийликти революциялык жол менен алмаштырганы жаткан сырткы күчтөр. Сырткы күчтөргө Атамбаевдин тагдыры кызык эмес, аларды кызыктырганы кимди апкелиш керек, ошондо. Бийликтен эл жадай баштаганда сырткы күчтөр активдеше баштайт, - деп;

Саясатчы Садыр Жапаров: Мамлекеттин коопсуздугу үчүн радикалдуу топтордун телефондорун тыңшоо туура көрүнүш. Бирок камалгандар “террорист” эмес да. Бийликтин териштирбей туруп эле дароо камай салышы атаандаштарынан чочулагандыгынын далили, - деп;

Мурдагы депутат Өмүрбек Абдракманов: Конституцияга ылайык телефонду тыңшоо кылмыш болуп эсептелет. Экинчиден, соттун чечими менен тыңшоо керек эле. Үчүнчүдөн, сөз үчүн эмес, кылган иши үчүн камаш керек эле. Мен “Элдик парламенттин” идеологиясына караманча каршымын. Бирок Конституция бардык адамдарга бирдей кепилдик бериш керек, - деп жооп беришти.

“Вечерний Бишкек” гезити Александр Тузовдун Тажикстанда старт алган CАSА-1000 энергетикалык долбоор боюнча жазган макаласын, Азамат Касыбековдун “Пианинону атпагыла! “ деген макаласын басты. Гезит академик Жамин Акималиевдин “Айыл чарбасын талкалаган Талгарбеков өлкөнү да талкалашы мүмкүн” деген маегине орун берди. Акималиев маегинин аягында: “Мени тынчсыздандырган нерсе, эмне үчүн биздин өлкөнүн күч органдары Талгарбековдун жасаган иштерин эмдигиче тергөөгө алышпайт? “ деп суроо койду.

XS
SM
MD
LG