Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Топчуке тазалануу мыйзамын кайрадан көтөрдү


Бишкектеги Акүй.
Бишкектеги Акүй.

Апта аягындагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Мындай каргаша экинчи кайталанбашы керек!” - Президент Алмазбек Атамбаевдин 2010-жылдын июнь трагедиясынын 6 жылдыгына байланыштуу Кыргызстандын элине кайрылуусу ушундай аталыш менен “Кыргыз туусу” жана “Эркин Тоо” гезиттерине жарыяланды. Өлкө башчысы кайрылуусунда мамлекетибиздин ар бир жараны Кыргызстан элинин тарыхын жана маданий мурасын билип: “Мен кыргыз жаранымын!” деп айткан күнгө жеткен күн да келерине, көп улуттуу кыргыз элинин уюткусу кыргыздар болгонун унутпашыбыз керектигине, ошондуктан көп улуттуу элдин ынтымагына, биримдигине биринчи иретте элдин өзөгү саналган кыргыздар жооптуу болушу зарылдыгына токтолуу менен: “Биз азыр башка өлкөлөрдөн биринчи кезекте эркиндигибиз менен айрымаланабыз, биз ынтымак менен биримдикте гана улуу максаттарыбызга жетебиз!” деп айтты. Ушул эле санга “Ош, өткөндөн сабак алдыкпы?” деген жалпы теманын алдында Нарынкүл Назаралиеванын макаласы жарыяланды. Коомдук ишмер Роза Айтматованын жан курбусу Галя тууралуу жазган “Пакиза эле, асыл эле, жүрөктөргө жакын эле” деген эскерүүсү жарык көрдү.

“Фабула” гезити Сапарбаева Айганыш кызынын “Чыңгыз Айтматовду улуу махабаттын, чыныгы достуктун жана олуялыктын пирлери жылоологон” деген макаласы жарыялана бштады. Таластын Шекер айлындагы Кенжебай Мырзалиевдин “Жамиля” деген ат менен Айтматовго байланышкан кызыктуу эскерүүсү басылып чыкты. Айтылуу демократ, “Манас" таануу институтунун башчысы Топчубек Тургуналиевдин маеги “Тазалануу мыйзамын сунуштап, депутаттарга кайрылайын деп жатам” деп аталып, Топчуке бүгүнкү бийликте да ыйманы жоктор, шылуундар, шүмшүктөр көп экенин, жаш баладай таза ишенимин Данияр Нарымбаев ойрондогонун, азыр коррупцияланбаган тармак жоктугун, бирок тазалоо мүмкүндүгү барын, ан үчүн Убактылуу өкмөт колдобой койгон бийликти тазалоо же люстрация мыйзамы боюнча жазылган долбоорду азыркы Жогорку Кеңешке сунуш кылганы жатканын кеп салды. Маектин уландысы кийинки санда.

“Де-факто” гезити Нургазы Айтмурзаевдин “Келечек үчүн өмүрүн тобокелге салган Курсан Асанов” аттуу макаласын, Кыргыз циркинин башкы директору Курмангазы Исанаевдин “Айрым артисттер чөнтөгүнө иштегилери келип мага каршы болушууда” деген баарлашуусун, депутат Рыскелди Момбековдун “Министр Сариева президент менен парламенттин ортосуна от жакты” деген маегин окурмандарга тартуулады.

“Жаңы агым” гезитине Нурмухаммед Жумабековдун Табылды Эгембердиевди эскерүү күнүнөн жазып алгандары жарык көрдү. Эскерүүдө экс-министр Роза Отунбаеванын, депутат Кожобек Рыспаевдин айткандары жана таланттуу акын Жолдошбек Бузурманкуловдун “Табылдыга таазим” аттуу мыкты ырына жазылган белгилүү шоумен, обончу Бакыт Мамаевдин ошол кечеде тушоосу кесилген ырын жарыялады. Жамиля Нурмамбетованын Кыргыз эл акыны Рамис Рыскуловдун өмүр шериги Шайыр Рыскулова менен кызыктуу аңгеме дүкөнү да ушул санда. Барган сайын күжүлдөп иштеп, жаш кезинде кара сөздүн сазайын берген проза чебери Сейит Жетимишов бүгүн күчөп ыр жазып келатат. Акын агабыздын бир бет жаңы ырларын бүгүн ушул гезиттен окуңуздар.

“Эркин Тоо” гезитиндеги макаласын журналист Таалайбек Темиров Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн өкмөттөрү чогулган жыйынга арнады. Мээрим Бактыбек кызы даярдаган “Айтматовсуз өткөн сегиз жыл” деген эскерүүдө улуу жазуучунун карындашы Роза Айтматованын, уулу Аскар Айтматовдун, кызы Ширин Айтматованын айткандары тартууланды.

“Супер инфо” гезити Алыкулдун каармандары болгон бучук мурун Бүкөнтай бүгүн 75 жашта экенин, ошондойле дагы бир ырындагы Жеңишкан ал кезде 5 жашта болсо, жакында дүйнөдөн өтүп кеткенин, артында 7 баласы, очор-бачар үй-бүлөсү калганын жазды. Депутаттар күзгүгө эмне үчүн нааразы болуп жатканын, президент Атамбаевдин кайрылуусунан кийин казактар кыймылга келе баштаганын, революциялардын толкуну Казакстанды карай багыт алганын, Медведев кыргыз жерин рекламалап бергенин, кыргыз мамлекетинде диний радикализм баш көтөргөнүн окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити “Эйр Манас” авиакомпаниянын башкы директорунун орунбасары Талгат Нурбаевдин айтуусунда 1-самолет Айчүрөк деп аталса, 2- самолет “Ак марал” деп аталганын, ал эми жакында жаңы келген “Боинг 737-800” учагына легендарлуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын аты коюлганын “Учуучу балерина” деген макаласында Азамат Касыбеков жазып чыкты. Бермет Маликова макаласында Чубак ажы Жалиловдун айланасындагы чууну талдоого алды. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун иштегенине 100 күн болгонуна байланыштуу шаардыктардын суроолоруна берген жооптору басылып чыкты.

XS
SM
MD
LG