Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Кийимден чыккан талаш соцтармакты кызытууда


Апта аягындагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

Германия Федеративдүү Республикасынын федералдык канцлери Ангела Меркелдин ырасмий иш сапарын “Кыргыз Туусу” гезити “Кызматташуунун келечеги аныкталды” деген баш тема аркылуу чагылдырса, “Эркин Тоо” гезити “Кыргызстан Германия эле эмес, Евробиримдик өлкөлөрү менен бекем кызматташууну каалайт” деп билдирген Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө шилтеме берүү менен “Кыргыз-немис кызматташтыгы жанданат” деген аталыштагы макаласын жарыялады.

Эки гезит тең Меркел менен Атамбаев регионалдык коопсуздук маселелерин, диндин радикалдашуусунан келип чыккан проблемаларды, террорчулуктун көйгөйлөрүн талкуулашканын, эки ортодо тең түшүнүүчүлүк болгонун жазып чыгышты.

“Кыргыз туусу” гезитине ошондой эле “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин чечими” басылып чыкты. Журналист Болотбек Таштаналиевдин “Ит мекени - итаяк” аттуу макаласында Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиевдин кылыктарын, чечен кылмышкерлери Бакиевдердин оң колу болуп келген Гуревичти канча миңдеген долларга Кыргызстандан кандайча алып чыгып кеткендиги тууралуу кенен кеп кылды.

“Супер инфо” гезити депутат Өмүрбек Текебаев “Бишкек жеке адамдардын өз кызыкчылыгынын барымтасына айланбаш керек” деп маек берип, Кыргызстандын чек арасы Аксыдан бузулуп жатканда, Кытайга Үзөңгү-Кууш, Казакстанга Каркыра кетип жатканда башын ийнине катып тынч жаткан эл “каймактары” шаардын борбордук бөлүгүн кайрадан реконструкциялоо жөнүндө угары менен Чолпонбайга окшоп төштөрүн ДЗОТко тосуп чыгышканын айтуу менен бул долбоордун келечектүүлүгүн кенен түшүндүрдү.

“Дүйнөнүн эң таасирдүү айымы” деген ат менен “Супер инфо” гезити Ангела Меркелдин бала чагынан бүгүнкү күнгө чейин баскан жолу менен окурмандарды тааныштырды. “Кайран элим, кайда баратасың?” деген баннер тууралуу жазган гезит, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев, ар бир эл өзүнүн улуттук дөөлөттөрүн сактоосу зарылдыгын, бай маданияты бар байыркы кыргыздардын жашоосуна “мусулмандардын кийими” деген терминди киргизбөө керектигин, мусулмандын кийими деп хижаб менен дамбалды эсептеп, аларды бизге таңуулагандык каада-салтыбызга каршы болорун дайыма айтып келатканын жазып чыкты.

“Фабула” гезити “Кашкар катуу иштеп баштады” деген чакан кабарында буга чейин күч органдарында иштеп, бирок уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен ымаласы бар деп шектелген алты кызматкер ишинен бошотулуп, жоопкерчилиги карала турган болгонун, кылмышкерлер менен байланыш түзүп, аларга маалымат ташып, керек учурда кармалган кылмышкерлердин качып кетүүлөрүнө шарт түзүп берген деп шектелип жаткандардын бирөө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында, калгандары Чүй облустук ички иштер башкармалыгында иштеп келгенин кабарлады.

Женевада иштеп келаткан журналист Жеңишбек Эдигеевдин маеги, журналист Тынчтык Алтымышевдин “Кайран элим, кайда баратасың” деген макаласы басылды. Анда динди жамынып караңгылыкка жана ынтымакты ыдыратууга диний радикализм түздөн-түз себеп болорун коңгуроо кылып какты.

XS
SM
MD
LG