Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

“Акаев, Бакиев, Атамбаев... эмне өзгөрдү?”


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Бүгүн Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнүн 25 жылдыгы! Ушул улуу күн менен Кыргызстанды, кыргызстандыктардын баарын чын жүрөгүбүздөн куттуктап, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакты-таалай, жалаң гана жакшылык, тынччылык каалап, табигаттын айттырбай келүүчү бөөдө кырсыктарынан ар дайым алыс болушун тилейли!

“Вечерний Бишкек” гезити борбордун "Ала-Тоо" аянтынын майрамдык жасалгасына көрк кошкон гүл сааты пайда болгонун, Бишкектин түндүк дарбазасы аталган "Аска-Таш" комплексинин айланасы гүлгө курчалып, фонтан орнотулуп, кайрадан жасалгаланганын кабарлады.

Кыргызстандын элин бүгүнкү майрам күнү менен эмгек ардагери, алгачкы кыргыз мамлекетин кургандардын башында турган атактуу Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова, Ички иштер министринин орунбасары, генерал-майор Курсан Асанов, филология илимдеринин доктору Кубан Мамбеталиев, илимге эмгек сиңирген ишмер Кулубек Бөкөнбаев, профессор Валентина Горячева, Кыргызгидрометтин кызматкери Юлия Алькина жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов куттуктап, эгемендиктин айрыкча эсте калган күндөрүн эскеришти.

Аталган гезит булардан тышкары Кытай элчилигиндеги жардыруу тууралуу маалыматтарды, журналист Нина Ничипорованын “Мектепке баргым келбейт!” деген макаласын тартуулады.

Бүгүн жарык көргөн “Майдан” гезити “Бешилик” аттуу рубриканын алдында “Үңкүр-Тоо”, Аксар Акаев, "Айчүрөк" дүкөнү, сулуулардын сынагында жүргөн Бегимай Карыбекова жана "Элдик парламент" тууралуу маалымат менен жаңы санын ачты. “Элдик парламент” кыймылынын мүчөсү Расул Үмбөталиевдин “Чындык үчүн бүгүн эле күрөшүп жаткан жокмун, бийликтин укуругунан коркпойм” деген маеги басылды.

Экс-депутат Курманбек Осмонов “Чын-чынына келгенде кыргыздар мыйзамсыз эле жашай алат” деген маегинде, эгемендикке жеткенден берки анын жакшы жактарын кеп кылуу менен кеткен кемчиликтерге да токтолду. Көп нерсеге көзүбүз ачылган менен колубузда турган көп нерсени жасай албай калган өксүктөрүбүздү белгилеп, чын-чынында Конституция канча жолу алмашса деле жарытылуу иштебей келатканын, качан гана саясый өнөктүк болордо гана Башмыйзамды эстерибизди, ал эми ар бир жарандын жеке турмушунда конституциялык нормалар колдонулбастыгын, ал тургай сот, укук коргоо органдары дагы Конституциянын нормаларын колдонушпаганын, Башмыйзамды жалпы элдин элегине салып, таразасын тартып көрөлү деп референдум өткөрүү аракети бийлик тарабынан жасалып жатса, буга коомубузда чоң эмес, кичине катмар референдумдун болушуна каршы болуп жатканын айтты.

Курманбек Осмонов андан аркы сөзүндө оппозициялык маанайдагы адамдардын башкы кемчилиги– Конституциядагы өзгөртүү, толуктоолордун маани-маңызын кеп кылып, талкуулабай эле “Референдум өтпөш керек!, Референдум өтсө мындай болуп кетет, тигиндей болуп кетет. Референдумдун өтүшү контрреволюцияга алып келет. Жыйынтыгында кайра артка чегинген болобуз” деп айтып, өкүнүчтүүсү, мына ушул оппозициядагылар “Өзгөртпөйсүңөр, өзгөрткөнгө болбойт” деп негизги жүйөөлөрү жок, жөн эле кыйкырып жатышканын, ал эми өзү болсо бир дагы талкууга катышпаганын, талкууга чакырышпаганын кеп кылды.

“Майдан” гезити булардан тышкары “Ислам Каримовдун дүйнө салганы чынбы?” аттуу макаласында өзбек президенти кокус ары карап кетсе ордун ким басат деген суроонун айланасында ой калчады. Андан ары “Акаев, Бакиев, Атамбаев... эмне өзгөрдү?” деген баштеманын алдында ой-пикирлер топтомун жарылады.

Саясат тануучу Токтогул Какчекеев:- Акаевдин колуна союздан калган байлык толугу менен тийген. Бирок болгон байлыкты күрөк менен сапырып, элге куру эмчек сордуруп сызга олтургузду. Бакиевдин учурунда криминалдык күчтөрдүн төңкөрүшү болду. Ал эми эки качкындан кийин Атамбаев бош казына, карызга белчеден баткан мамлекеттин тагына олтурду. Атамбаев өзүнө дейре каралбай калган Куралдуу күчтөрдүн реформасын өткөздү. Орусиядан 1 млрд. АКШ доллары эсебинде жаңы курал келип, 800 млн. доллар карыз кыскартылды,-деп,

Экс-депутат Жылдыз Жолдошева:- Роза Отунбаеваны кошкондо 4 президенттин мезгилиндеги өлкөнү башкаруу жолу алдыга жылган жок. Акаевдин мезгилинде тышкы байланыштар жөнгө салынып, Кыргызстан дүйнө жүзүнө бат таанылды. Бакиевдин мезгилинде 17 миллиард сомду түзгөн бюджет 61 миллиард сомго жетти. Бул чоң жетишкендик.

Отунбаеванын мезгили өтө оор учурга туш келди. Эң башкысы, өлкөнүн бүтүндүгү сакталып калды. Атамбаевге баарынан оор болду. Апрель-июнь окуяларынан кийин республиканы кайрадан калыбына келтирүү шыбагасы тийди. Ошого карабастан президент чоң долбоорлорду ишке ашыра баштады,- деп айтты.

XS
SM
MD
LG