Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:27

Мындан ары өкмөт туруктуу иштейт


Кыргыз өкмөтү.
Кыргыз өкмөтү.

Шейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Фабула” гезити “Референдум кылып, Конституцияга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү керек” деген ат менен укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын маегин басты. Токтайым революцияга чейинки аракеттер кандай болгонуна токтолуп, чынында эле ошол оор кырдаалда Роза Отунбаеванын топ башы болгонуна баары сүйүнгөнүн, анан Убактылуу өкмөт түзүлүп, портфель бөлүштүрүү башталган күндү эстеп:

-Айланайындар, өлгөн балдарды жерге берели, андан кийин деле кызмат бөлүштүрсөңөр болот, кызмат качпайт,- деп айтканын эскерип, андан кийин Конституциядагы туура эмес мыйзамдарды көрүп иренжип, 6 жыл бою чийки жазылган Башмыйзамдын айынан соттошуп келгенин, ошол эле учурда 7-апрелдеги талап-тоноо иштеринин бетин ачуу үчүн да жүгүрүп жүргөнүн, бирок, тилекке каршы, бийликтегилер бир да маселесин карабай бут тосуп келгенин, эми тагдырданбы же адилеттик үчүн жанын берген балдардын арбактары ойгонуп, күчүнө кирдиби, айтор Убактылуу өкмөттүн башы болом, төшү болом деп ооз көптүрүп, апрель окуясында кыңыр иштин баарын кылып, кыл жип менен буугандардын бети ачыла баштаганын айтты. Ал ошондойле референдумдан кийин Конституцияны алмаштырууга эч кимдин укугу жоктугуна карабастан Башмыйзам эки жолу алмаштырылганын, Роза Отунбаева Бекназаровдорго кошулуп кетпестен, орток позицияны карманып, бир багытта турганда өзүн таза бойдон сактап калмагын, анткени ошо кезде элдин үрөйү учуп, апрель, июнь жоготууларындагы кусадан арыла албай турган эл добушун өткөөл мезгилдеги президент үчүн эмес, өлкөнүн тынчтыгы үчүн беришкенин, ал эми элдин 98 пайызы добуш берди деген абсурд, жомок экендигин билдирди.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Конституция катып калган бетон эмес, өзгөртүүгө муктаж” деп маек курду. Профессор Советбек Байгазиевдин “Борбордук Азияны дүңгүрөткөн кылым таймашы же Кошой баатырдын улутка утуп берген улуу мөрөйү” деген эмгегинин акыркы бөлүгү басылды.

“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктоосун басты. “Оюндар бүттү, даңазасы калды” деген теманын алдында Көчмөндөр оюнунун жыйынтыгы, фотосүрөттөр, кайсы өлкө канча медаль алгандыгы жарыяланды. “Аю Холдинг” сегиз айда мамлекеттик бюджетке жарым миллиард сом төлөдү” деген ат менен компаниянын вице-президенти Балбак Түлөбаевдин кенен маеги жарык көрдү. Шабдан Абылгазы уулунун макаласы “Каримовсуз Өзбекстан” деп аталды. Профессор Дөөлөтбек Сапаралиевдин эмгеги “Найза сайыш-эр сайыш” деп аталса, Кыргыз эл акыны Акбар Рыскуловдун маеги жаш жазуучулардын фестивалын өткөрүүгө арналды.

“Эркин тоо” гезити депутат Рыскелди Момбековдун “Башмыйзамды бетке кармап саясый оюндарды ойноо опурталдуу” деген маегин тартуулады. Депутат өз сөзүндө, эгерде минтип оюндан от тутана берсе парламент өз башын өзү жутарын, депутат Алмамбет Шыкмаматов Венеция комиссиясына кат жазып, корутунду берүүсүн суранганын, бул деген боюнда бар делген келиндин курсагындагысы эркекпи же кызбы, ошону билип бер дегендейле кеп экендигин, мамлекеттин тагдырын, кандай мыйзамдар менен жашагасы келерин кыргыз деген эл бар экенин өмүрү көрбөгөн эксперттер эмес, калк өзү чече турган кез келгенин, адегенде улуттун кызыкчылыгы жогору турушу керектигин, Башмыйзамдагы өзгөртөлү деп жаткан 41-беренеси менен бизди ошол сырттан туруп “тейлегендер” кылмышы үчүн өмүр бою кесилген Азимжан Аскаровдун сотун кайра карагыла деп буйруп жатканын, эгер бул беренени бүгүн өзгөртүп албасак, эртең алар Максим менен Жаныш Бакиевдерди, Кадыржан Батыровдун сотун алып салгыла деп, ошолордун укуктарын коргоп чыгарын, Башмыйзамдын айрым беренелери өзгөртүлсө Жогорку Кеңештен 7 эле депутат комиссия боло калып Сариевдин тагдырын чечкендей мындан ары премьер-министрди каалаган күнү кызматтан алып кое албасын, өкмөт туруктуу иштерин жана башкаларды кеп кылды.

“Вечерний Бишкек” гезити бүгүнкү санын Курман айтка багышталган “Боорукердиктин жана тынчтыктын майрамы” деген макала менен ачты. Күз да кирип келди. Быйыл шаардын үйлөрү жылуу болобу? Свет өчпөйбү? Бул суроолорго Улуттук энергохолдингдин адиси Таалайбек Байгазиев жооп берди. Кинорежиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун “Ата керээзи” аттуу көркөм тасмасы Канадада өткөн эларалык кинофестивалда баш байгени жеңип алганын сүйүнчүлөдү.

XS
SM
MD
LG