Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:44

Кудайдын жерин кызганган “караңгылар”, көрмөксөнгө салган бийлик


Бүгүн "Кыргыз туусу", "Вечерний Бишкек", "Фабула", "Супер инфо" гезиттери жарык көрдү.

“Супер инфо” гезити Жазгүл Кенжеева даярдаган “Кирешенин көзүн тапкан үй кожойкелери” деген топтомунда пайдасы тийе турган кеп-кеңештерди, Лунара Бекиеванын куудул, кинорежиссер Бакыт Мукул менен аңгемелешкенин, референдум 11-декабарда өтөрүнө арналган материалдарды, Медеткан Шеримкуловдун “Бийлигин сактап калам дегендерге кыргыз эли жол бербейт!” деген маегин жарыялады.

Шеримкулов минтип жазды: “Атамбаев бир нече жолу “бийликте калбайм” деп айтып келди. Анын “Конституцияга өзгөртүү киргизүү менин бийлигимди узартууга, сактап калууга багытталган эмес” деген сөзүнө мен ишенем. Бүгүнкү күндө президент болобу, башкасыбы, бийлигин сактап калам дегендерге кыргыз эли жол бербейт! Эгер анте турган болсо, ага баарыбыз тең каршы турабыз! Текебаевди Конституциянын атасы деп жатышат. Эгерде ал атасы болсо анда апасы ким? Үкаси ким? Тагасы ким? Жалгыз эле Текебаев жазып койгон Конституция эмес да? Бул көптөгөн адистердин, юристтердин биргелешкен эмгеги”,- деди.

Шеримкулов маегинин аягында кыргыз элинин тарыхый өзгөчөлүгү–сөздүн ачуусун да, таттуусун да уга билгенинде экенин, эл бүгүн бийликти да, оппозицияны да угуп, туура жыйынтык чыгарарына ишенерин, оппозиция десе эле жети желмогузундай жек көрбөшү керектигин, оппозициянын деле өлкөнү жаман жолго алып барайын деген ою жоктугун билдирди.

“Фабула” гезити бул санын Алмаз Темирбек уулунун “Артык кылабыз деп, тыртык кылышты...” деген макаласы менен ачты. Аталган гезит “Мына сага, “мина!” деген рубриканын алдында Тынчтык Алтымышевдин “Көр талаш: кудайдын жерин кызганган “караңгы” динчилдер жана көрмөксөнгө салган бийлик...” деген макаласын тартуулады. Автор Ала-Букадагы маркум Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн жерге берүүдөн чыккан чырга талдоо жүргүзүп, Кыргызстан илгертен эле ата-бабаларыбыз тутуп келген салттуу диндин эрежелерин бекем сактабаса бул өңдүү чыр-чатактар боло берерин, салттуу диндин жол-жоболору менен канча кылымдан бери чыр-чатаксыз жашап келген кыргыз элинин мүрзөлөрү башка диндегилердин мүрзөлөрү менен жанаша эле “жашап” келгенин, кээде аралашып деле коюп келген кездери болгонун, мындан ызы-чуу чыгарып, эч бир кыргыз орустун сөөгүн сыртка казып чыгарып салбаганын, ошондойле шартка байланыштуу орус мүрзөсүнө коюлуп калган кыргыздын сөөгүн орустар сыртка казып чыгарып салбаганын, эзелтеден эле улуу диндердин арасында бири-бирине сый мамиле болгонун, ал ыйык сакталганын, аны эч ким бузбаганын, маркум болгон адамдын сөөгүн эч ким кордобогонун, анткени жер үстүндөгү пенделерге окшоп Жер адамдарды ишенимине карап бөлүп-жарбай туруп жашырып келерин, кыргыз коомунда мындай чатак ислам динин туткандардын арасында “хизбут-тахрир, жайшуль-махди, вахабизм” деген балакеттер жайылып, христиандар арасында–“баптизм, мун, жахабанын күбөлөрү” сыяктуу жасалма көз карашты кармангандар пайда болгондон тартып чыга баштаганын, эми мындан туура жыйынтык чыгарып, дин башкаруучулар таза, салттуу исламды бекем карманууга өздөрү мисал көрсөтүп, бийлик катуураак мамиле кылуусу зарылдыгын жазып чыкты.

“Фабула” гезити мындан тышкары журналист Гүлмира Шаршеева даярдаган “Муфтий кыргыздын нарк-насилине балта чапкысы келеби?” деген ат менен бир топ адамдардын ой-пикирлерине орун берди. Көз дарыгери Бакыт Касымованын “глаукома” оорусу тууралуу айткандары, Бакай Чилтегиндин медицина илимдеринин доктору Нурманбет Токтоматов менен маеги, Токмоктун тургуну Айнур Айылчиеванын президент Алмазбек Атамбаевге каты, жазуучу Бактыбек Максүтовдун “Кызыл кыргын, кандуу кармаш” деген эмгеги жарык көрдү.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санынан “Газпром келди, конуштарга газ берди” деген баштема менен ачты. Шабдан Абылгазы уулунун “Мамлекет казынасына кайтарылган миллиарддар” деген макаласын, Улуттук банктын нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башкы экономисти Эмил Курманалиевдин “Жасалма акчадан сак болгула!” деген маегин, Бермет Маткеримованын “Арзан үйгө жетүүдөгү кыйынчылыктар” деген, акын Темирбек Алымбековдун “Аны Карамолдо, Чалагыз таптаган” деген ат менен акын Абдылда Белековдун 90 жылдыгына арналган макаласын, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, таланттуу акын Бактыгүл Чотурованын жаңы ырлар топтомун, “Жылдын мыкты ишкери” сынагынын жеңүүчүсү Жылдыз Ниязалиеванын “Доллардын курсу көтөрүлүп, көп күйдүм...” деген маегин окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG