Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

"Мындай биригүүлөрдүн болуп турганы жакшы"


Келдибеков, Ташиев, Мадумаров
Келдибеков, Ташиев, Мадумаров

Бүгүн “Багыт”, “Майдан”, “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Багыт” гезити “11-декабрь жалпы элдик референдум!” деген баштема менен жаңы санын ачып, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Бактыбек Абдиевдин “Түндүк аймагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө бардык күчүмдү жумшайм” деген маегине орун берди. Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев “Кыргызстандын экономикалык потенциалы мамлекетти дефолтко жеткирбейт” деп айтса, дагы бир экономист Жумакадыр Акенеев “Кыргызстан мамлекетин банкрот болот дегендер терең жаңылат”,- деп айтты.

Баратбай Аракеев макаласын “Шайлоо жана алдоо” деген аталыш менен жарыяласа, Үсөн Касыбеков макаласын “Оору-кор” деп атап, дары-дармектер рыногундагы кызыл кулактык, көз боёмочулук менен өзүм билемдикти кантип тартипке салуу керектигин талдоого алды. Кээде дарылардын баасы 800 пайызга чейин чаап кетерин эксперттер белгилеп жатышканын, автор жөнөкөй эле бир мисалды ортого салып, оорулуулардын өздөрүнүн айтымында айрым бир онкологиялык дарылардын баасы Түркияда 30 доллар, Россияда 50 доллар турса, Кыргызстанга алып келгенден кийин 150 долларга чейин кымбаттап кетерин жазды.

“Багыт” гезитинин бул санына Азимбек Бекназаров тууралуу “Бульдозердун” баяны” деген макала, депутат Карамат Орозованын “Сунушталган Конституция келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө жакшы кызмат кылат” деген маеги бар.

“Майдан” гезити жаңы санын “”Мадумаров, Ташиев, Келдибеков “үчилтиги” Кыргызстанга кандай “сюрприз” камдап жатат?” деген баштема менен ачып, айрым адамдардын бул биригүүгө байланыштуу ойлоруна орун берди.

Саясатчы Эдил Байсалов:- Жакында Атамбаев терең жаңылганын көрөт,-деп, журналист Эмилбек Момунов: - Үч белгилүү саясатчынын бирикккени элдин бириккени деп, саясатчы Самсаалы Четинбаев:- Карьерасын жакшы баштагандар көп, жакшы аяктагандар аз. Үчөө биригип алакандай кыргыз үчүн кызмат кылса ийгилик өзү келет,- деп, журналист Бекташ Шамшиев:- Албетте, Кыргызстанга дагы бир саясый атаандаштык берет. Президенттикке талапкерлердин катарын көбөйтөт. Негизи эле Кыргызстан Роза Отунбаевага чейин, андан кийин жарытылуу жетекчиге туш келбей, эмдигиче туура багыт табалбай келатпайбы,- деп, депутат Каныбек Иманалиев:- Мындай биригүүлөрдүн болуп турганы жакшы,- деп, саясатчы Мурат Жетимишбаев:- Убагында “Ата Журт” партиясы эмне деген жеңишке жетишти эле, бирок ошол жеңишти ушул эле жигиттер өз учурунда сактап кала алышкан эмес. Эми ошондон сабак алышса, мындай биригүүгө ийгилик гана каалайбыз,- деп жооп беришти.

Бектурган Байпакбаевдин макаласы “Максим Бакиев Өмүрбек Текебаев баштаган “Атамекенчилерди” актоо үчүн юристтерин жөнөттүбү?” деп аталды. Экс-депутат Равшан Жээнбеков маегин “Импичментти ишке ашыруу азыр мүмкүн болбогону менен, жазында абал өзгөрүп кетсе, Атамбаевге оор сокку болот” деп атады.

”Майдан” гезити мындан тышкары жазуучулар Нурайым Шаршенбаеванын “Тозокко карай жолдо” деген чыгармасынан, Мурзапар Үсөндүн “Менин философиям” деген роман-эссесинен үзүндү жарыялоодо.

“Вечерний Бишкек” гезити биринчи бетке “Кара шейшемби” деген баштеманы алып чыгып, кечээги таң Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн тозокко айланганын, адегенде Аалы Токомбаев проспектинде катуу өрт чыгып, андан кийин “Алкан” базарынын үстү карды көтөрө албай кулап түшкөнүн кабарлады.

Бул боюнча гезит кабарчылары даярдаган материалдарды экинчи беттен окуйсуздар. Аталган басылма декабрь айы кандай болот деген суроого да жооп берген макаласын жарыялады.

XS
SM
MD
LG