Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

"Кара дүйшөмбүнү" ээрчий келген кырсык


Куткаруу иштери.
Куткаруу иштери.

Бүгүн “Эркин тоо”, “Вечерний Бишкек”, “Фабула” гезиттери жарык көрдү.

“Эркин тоо” гезити “Президент авиакырсыктын кесепеттерин тез арада жоюуну тапшырды” деген баштема менен ачып, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган бир катар эл өкүлдөрү, өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков ат кошчулары менен учак кыйраган "Манас" абамайданынын жанындагы Дача айылында болгонун кабарлады. Кырсык тууралуу кабарчылар Сымбат Максүтованын, Мээрим Бактыбек кызынын, Жазгүл Кенжетаеванын макалалары кеңири баяндады.

“Ыйман жана адеп жылына” байланыштуу философия илимдеринин доктору Жамгырбек Бөкөшевдин “Адам бийик сапаттары менен улуу” деген маеги басылды.

“Кара дүйшөмбү” деген баштема менен жарык көргөн “Вечерний Бишкек” гезити да негизги макалаларын кырсыкка багыштап, кабарчылардын окуя болгон жерден жазгандарын сүрөттөрү менен жарыялады.

Гезит өткөн санында Алайдагы раймилийсалардын зөөкүрдүгү жөнүндө жазган. Басылма эми ошол окуяга кайрадан кайрылып, Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмү тарабынан козголгон кылмыш ишине байланыштуу Ички иштер министрлигинин түштүк аймагынын кызматкерлери өздөрүнүн коопсуздугу үчүн Ош облусу боюнча оперативдик-иликтөө иштерин жүргүзгөн маалда Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчү милийсасы пара менен колго түшкөнүн, анан аны камакка алуу учурунда райондун милийсалары түп көтөрүлө зөөкүрдүк менен тоскоолдук кылганын баяндаган болчу.

Мына ушул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Алай районунун төрт милийсасы кызматтарынан кол жууп, убактылуу камакка алынганын, Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин, алардын орунбасарларынын баарынын кызмат даражалары төмөндөтүлгөнүн, оперативдик дагы башка иштер жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

“Вечерний Бишкек” гезитине Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу боюнча орус бийлиги Москва шаарынын бир районунун көчөсүн Айтматовдун ысымы менен атамай болгонун сүйүнчүлөгөнүн маалымдады.

“Фабула” гезити “Чолпон айым утулдубу же тутулдубу?” деген, “Соцфонддогу жемкорлуктун учу Абулгазиевге такалабы?” деген, “Текебаевдин "Сентябры" аша чаап баратат” деген, “Үсөн Сыдыковдун кланы каптады” деген, “Аялын башкара албаган Акматбек Келдибеков ажо болом” дейт” деген, “Орусия Батукаевди Кыргызстанга өткөрүп берүүгө макул” деген, “Салянова сары улакка чабылабы?” деген маалыматтарды тартуулады.

Мирлан Алымбаев “Жороев менен Сатыбалдиевдин эркиндикке чыгышына Медет Садыркуловдун жакындары менен Апрель баатырлары нааразы” деген макаласында айрым адамдардын ойлоруна орун берди. Алардын баары бир ооздон сотто алты жыл жүрүп эч кандай натыйжа болбогонун, эми минтип Бакиевдердин мыкаачылыгын коргогондордун баары акталып чыкканын, күнөөлүүлөрдү бир гана Кудайга койдук дегенден башка айта турган сөздөрү жок калганын билдиргендерин басты.

Журналист Жолдошбек Токоев маегин “Мыйзам чыгаруу бийлигиндеги парламенттик фракциялар бекемделди, аткаруу бийлигинин укуктары кеңейтилип, жоопкерчиликтери күчөтүлдү” деп атап, журналист Чынайым Кутманалиеванын бир катар суроолоруна жооп берди.

Филология илимдеринин доктору, илимге эмгек сиңирген ишмер, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Абдыкадыр Садыковдун “Колубуздагы алтынды барктай билсек же ыймандуулуктун айрым жагдайы жөнүндө” деген макаласы жарык көрдү.

Ушул эле “Фабула” гезитине таланттуу ырчы Кайрат Пиримбердиев “Мен алчу сыйлыктар алдыда, биринчи наамды эл берсин” деген ат менен маек куруп, 25-январда Орусияга жөнөп кетерин, орус ырчылары менен ал жердин шаарларын 3-4 ай бою кыдырып концерт берерин, атактуу Дима Билан да убагында Кабардин-Балкариядан келип, далай кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жүрүп азыркы даражага жеткенин, ага ошол жардам берип жатканын, Кайраттын Орусияга чыгышын колдоого алып жолдомо бергендер мурдагы маданият министри Алтынбек Максүтов, андан кийин Эдил Касенов болгонун, аларга дайыма ыраазы экендигин айтып берди.

“Фабуланын” жаңы санынан ошондой эле “Мезгилден башкасынын баары утурумдук” деген ат менен жазуучу Меңдибек Асылбековдун эссесин, журналист Семетей Талас уулунун “Криминалдык кагылыштан өлгөн маркумдар жана Эркин Мамбеталиев” аттуу макаласынын уландысын окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG