Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Ойлонбой сүйлөсөң онтобой ооруга жолугасың


Кыргыз гезиттери.
Кыргыз гезиттери.

Бүгүн “Фабула”, “Супер инфо”, “Де-факто”, “Вечерний Бишкек”, “Эркин тоо”, “Кыргыз туусу” гезиттери жарык көрдү.

“Фабула” гезити былтыр Ала-Букада 76 жаштагы Канымгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн айылдаштары "башка динге өтүп кеткен” деген жүйө менен мусулмандардын мүрзөсүнөн жай бербей койсо кайра-кайра казып чыгарып чоң чуу чыккан. Мына ушул окуя боюнча райондук соттун 12-январдагы өкүмүнө ылайык бул ишке тиешеси бар делген эки киши үч жылга эркинен ажыратылганын кабарлады. Басылмада ошондой эле “Кыргыз элинин башына түшкөн кырсык жана ээн ооз эссиздер” деген теманын алдындагы пикирлер топтомуна орун берилген. Анда:

генерал Кубатбек Кожоналиев: - Чынында эле Түрк авиакомпаниясынын учагына май куюнун кереги жок деген каты Текебаевде болсо аны жарыялаш керек, - деп,

коомдук ишмер Мурат Жетимишбаев:-Комиссиянын чечимин күткөнүбүз оң,- деп,

депутат Алмамбет Шыкмаматов:- Эгерде жүк чын эле Кыргызстанга келсе, аны расмий уюмдар жашырган болсо, анан ал ачыкка чыкчу болсо чоң жаңжал чыгат, - деп,

адвокат Икрамидин Айткулов:- Депутат Өмүрбек Текебаев бул кайгылуу окуяны өз кызыкчылыгына пайдаланып жатат, - деп,

журналист Нарын Айып:- Гонконг дагы, Стамбул дагы порт шаарлар. Эмне үчүн 85 тонна жүктү кеме аркылуу эмес, учак менен жөнөтүш керек?- деп,

экс-депутат Бактыбек Калмаматов:- Кыргыз эли оор жоготууга учурады. Мындан саясат жасабаш керек,- деп жооп беришти.

“Де-факто” гезити “Марат Иманкулов көмүскө өкмөт түзүү менен кандай кызыкчылыгын жүзөгө ашырганы туру?” деген, “Президент Атамбаев өкмөт башчы Жээнбеков менен жолукту” деген, “Салянованы баатыр кылыштын кереги бар беле?” деген жана үч беттен турган Жыпаркүл Турсунбаеванын “Эл сыйлаган Эл артисти элитанын көңүл сыртында калганда” деген макалалар жана башка материалдар жарыяланды.

“Вечерний Бишкек” гезити бүгүнкү санын “Муңдуу көздөр” деген баштема менен ачып, Дача-Суу айылындагы каргашалуу окуя жөнүндө муунуң бошоп, көз жашсыз окуй албай турган макаланы басты. Гезиттеги “Кулагандан кийин” аттуу макалада кырсык болгондон кийинки бийликтин аракети, көрсөткөн жардамы, кыргыз элинин байыртан келаткан салты боюнча улуу-кичүү дебей түп көтөрө тура калып кайгы-муңда калгандарга өбөк-жөлөк болуп жатканы тууралуу баяндалды.

“Вечерний Бишкектен” ошондой эле Зинаида Сорокинанын “Алтындын үстүндө олтурабыз да баркын билбейбиз” деген макаласын, кыргыз илгери эле “Ойлонбой сүйлөгөн онтобой ооруга жолугат” деп бекеринен айткан эмес, элдин ынтымагына доо кетирген сөз сүйлөп алып эми анын азабын тартып аткан Кыргыз медициналык академиясынын окутуучусу Таттыгүл Дөөталиева ишинен айдалып, жумушсуздардын катарына кошулганын Виктория Куренованын макаласынан окуйсуздар. Булардан тышкары Александра Василькованын “Бактарды кыйбагыла, илбирстерди атпагыла” деген, Юрий Кузьминдин “Түнкү чөөлөр”, “Таксистти бычак менен ...” деген макалалары бар.

“Супер инфо” гезити төкмө акын Азамат Болгонбаевдин маегин жана анын кайгыдан каза болгондорду жоктогон “Жоктоо” деген ырын жарыялады. Мындан башка дагы кызыктуу материалдар, өнөрпоз жаштардын маектери, 38 адамдын өмүрүн алган кырсык тууралуу макалалар бар.

“Эркин тоо” гезити бул санын президент Алмазбек Атамбаевдин “Элибиздин биримдиги артып баратканына дагы бир жолу ынандык” деген сөзү менен ачып, журналист Таалайбек Темировдун “Ыйманы бар элдин ырысы бар” деген, Бегим Турдалиеванын “Кана, баягы эл деп төш каккан саясатчылар?!” деген, “Жусуп Баласагын” аттуу роман жазган жазуучу, тарыхчы, котормочу Турусбек Мадылбайдын маегин, Кыргыз эл акыны Омор Султановдун “Кышындагы ырлар” аттуу ыр топтомун, жазуучу Жумабек Медералиевдин 60ка чыкканына арналган жазуучу Кубанычбек Чороевдин макаласын, Атай Алтымышевдин “Бүгүн Обама Акүй менен коштошот, Трамп ант берип бийликти колго алат” деген макаласын окурмандарга тартуулады.

“Кыргыз туусу” гезити да президент Алмазбек Атамбаевдин “Кырсыктын кесепеттерин жоюуда жарандык тилектештигин көрсөткөн кыргызстандыктарга терең ыраазымын!” деген сөзү менен ачты. Гезит кырсыктан каза болгондор тууралуу макалалардын топтомун “Кайрымдуулук адамдарды бириктирди” деп атап, журналисттер Шабдан Абылгазы уулунун, Анара Арзыбай кызынын, Жыпар Исабаеванын макалаларын тартуулады Гезитте белгилүү кинорежиссер Бекеш Абдылдаевди эскерүүлөр жана башка материалдар да бар.

XS
SM
MD
LG