Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:16

Менчикке айланган партиялар


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жаңырган жылдан тартып басма сөз баяндамабызды кайрадан баштайбыз.

Бүгүн жарык көргөн “Вечерний Бишкек” гезити Кара-Балта шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводго кезектеги депутаттык текшерүү жүргүзүлө тургандыгын кабарлады.

Улуттук коопсуздук комитетинин атайын жүргүзгөн операциясынын натыйжасында жалалабаддык чекисттер Сириядагы согушчандар тарабында согушуп келген адам камакка алынганын, анын үйүндөгү атайылап жасалган жайдан гранатомет жана ар кандай курал-жарактардын 6 миң огу чыкканын, Коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча, бул жаран Сириядагы согушчандар тарабында жүрүп жакында эле Жалал-Абадга келгенин, ал июнь айында Бишкекте жок кылынган террордук уюмдун мүчөсү экени аныкталганын жазып чыкты.

Токтогул ГЭСиндеги аварияга учураган бардык үч агрегат айтылган мөөнөттөн мурда оңдолуп кайрадан иштей баштаганын, эми мындан ары жарык өчүрмөй деген болбой тургандыгын, өзүбүздүн электр энергиябыз өзүбүзгө жетерин, демек токту коңшу Казакстандан сатып албай калганыбызды кабарлады.

“Вечерний Бишкектин” “Килем алдындагы оюндар” аттуу рубрикасындагы макалада Жогорку Кеңеште мандат үчүн кармаш уланып жатканын, “Кыргызстан” фракциясындагы Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенамановага байланыштуу чыр биринчи иретте партиянын лидери Канат Исаевдин кадыр-баркын кетирип тынарын, бул обужок оюн Самаковду депутаттыктан кетирмекчи болгон дагы бир фракция лидеринин өзүмбилемдигин кайталаганын, “Вечерний Бишкектин” маалымат булагынын билдирүүсү боюнча, мындай көрүнүш эми “Бир Бол” фракциясында да болот экен, өткөн шайлоодо фракция үчүн аз добуш топтогон Бакыт Эсенбаев менен Лунара Мамытова депутаттык мандатынан айрылат экен, деген кеп тараганын жар салды.

Бүгүн жарык көргөн “Искра” гезити депутаттык мандатка байланыштуу чыккан чырга арналган Адилет Айтикеевдин макаласын “БШК Туйгуналы Абдраимовдун менчигиби?” деген аталыш менен жарыялады.

Аталган гезит “Кыргызстан” фракциясынын эки депутаты БШК тарабынан мандаттарынан ажыратылып, бирок сот алардын мандатын калыбына келтирди. Фракция менен БШКнын бул аракетине кандай баа бересиз?” деген суроо менен кайрылды.

“Ачык саясат” гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытова:

- “Кыргызстан” партиясы деген бийликтин буйуртмасы менен атайын даярдалган чоң долбоор. Шайлоодо утушка ээ болгонуна да күмөнүм бар. Жогорку Кеңешке келерин келип алып эми саясий оюндарды жасай баштады. БШК менен биригип алып кандайдыр бир оюндарды ойноп жатат, - деп,

Саясатчы Өмүрбек Абдырахманов: БШК башчысы Туйгуналы Абдраимов “өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип” жаткан кези. Соттордун чечимин да БШК тоготпой жатат. Абдраимов өз тууганына орун бошотуп жатат, деген кептер тарай баштады. Биздин президентибиз да, ал башкарган башпрокурор да үн катпайт. БШКнын мындай чечимдери кылмыш иши болуп саналат,-деп,

“Айкын саясат” гезитинин башкы редактору Күнболот Момоконов: Мындай болору башынан эле белгилүү болчу. Парламенттик башкаруу багытыбыздын алгачкы актай беттерине кара так түшө баштады, - деп,

Саясатчы Эдил Байсалов:- Депутат эртең менен жумушка баратып, түштөн кийин мандатынан ажырарын билбесе, өз укугун коргой албаса анда эмнеси депутат? Азыркы депутаттар элдин добушу аркылуу эмес, чийки партиялар, партжетекчилердин билети аркылуу соодагерлик менен келген депутаттар. Партиялык система өзүн актаган жок. Мындай парламенттин бизге кереги жок. Депутаттарды түздөн түз шайлабаса, азыркыдай түшүнүксүз оюндар арбый берери анык. Жогорку Кеңеш деген институт элге жооп бербеген бир ууч парткожоюндардын жеке менчиги болуп калды,-деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG