Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:22

Көр сатуу көмүскө бизнеске айланды


Бишкек
Бишкек

Кыз-келиндер майрамын улай чыккан шаршембидеги кыргыз басылмаларына Шайлообек сереп.

Бүгүн “Багыт” гезити жарыкка чыкты. Гезит жаңы санын Айбек Шамшыкеевдин “Турганбаев “коопсуз шаар” долбоорундагы коррупциянын четин гана айтты” деген макаласы менен ачты.

“Багыт” басылмасы "Жогорку Кеңештин төрагалыгына Алтынай Өмүрбекова татыктуу” деп, “Пара алгандар кармалса эле “саясий заказ” деп актанмай модага айланганын, Медакадемиядагы чуулгандуу окуялар токтобой койду, жетекчилик окуу жайдын ректору Зурдиновду кызматтан айдаса эле баары орду-ордуна келмек” деп жазып чыкты.

Баратбай Аракеев “Байлар, эми бир аз топук кылбайсыңарбы?” деп кайрылып: “Эркиндик менен жашагандан бери “жакшылык самагандар жакшы үйгө жетсем деди - жетти, жакшы машина алсам деди - жетти, кызматым болсо деди - жетти, пансионатым менен саунам, рестораным болсо деди - жетти, малым, акчам болсо, кабат-кабат тамдарым болсо дегендердин баарына - жетти. Ошондо да Кудайга тобо кылып, тынчыдыбы? Кайдан наалатыныкы, дагы эле бир чекти коюп алып шукшуңдап жатпайбы” деп жаны кашайган Баратбай Аракеев “Кара баштарын жесин!” деп каргап, “карандай кара күчү, маңдай тери менен тапканын таптаза бойдон элине жумшаган маркум Табылды Эгембердиевдей таза байыганы барбы?” суроо коюп, анан мандем менен байыган кыргызбайларды бирден санап келип, “көз топуракка гана тоёт” дейт эмеспи, биздин ачкөздөр топуракка да тойбой калды окшойт деп аяктады уландысын кийинки санга калтырган макаласын.

Ушул эле автор дагы бир макаласында көр сатуу кадимкидей соодага айланганын, көр баасы Чоң-Арыкта 21 миң сом, Ала-Арчада 16 миң, Чыгыш мүрзөдө 10 миң, Лебединовкада 15 миң сом, ошентип Бишкекте каза болгон адамды жерге берүү үчүн союшунан башкасы эле 50 миң сомду басып жыгыларын, Жогорку Кеңештин мурунку депутаттары сөөк койчу жерди бекер берчү мыйзамды иштеп чыккандай болгону менен анысынын дайны чыкпай калганын, Бишкектеги “Бару” деген сөөк койчу жайды барып прокуратура текшерсе ишкана 234 мүрзөнү жашырып койгонун, ошондо 234 мүрзөдөн түшкөн 867 миң 616 сомду ошол ишканада иштегендер жеп койгонун, канчалык жазага тартылбаган сайын жалаңкычтык ошончолук күчөп баратканын жазып чыкты.

Айбек Шамшыкеев “Криматалык Рыспек Акматбаев” аттуу сандан-санга жарыялап жаткан макаласында “Көлбаевдин үч адамдын өлүмү тууралуу жазган жашыруун каты ачыкка чыкканын, 50 кылмыштуу топ жана 43 кримавторитет кармалганын, Акматбаев менен Батукаевдин тобунда кимдер болушканын кеп кылды.

Депутат Садык Шернияз маек куруп, киши кирбей калган театрлар кудая шүгүр көрүүчүлөргө толо баштаганын, манасчылык, төкмөлүк өнөрдүн аркасынан кино өнөрү жанданганын, арендага берилген маданий мекемелердин түшкөн акчасынын 30% Мүлк фонду алып коерун, Садык Шернияз муну өзгөртүп, ушул акчаны 100% маданияттын өзүнө калтырууну депутат катары сунуштап жатканын, ошону менен бирге эле бөйрөгү ооругандардын, гемодиализде жаткандардын проблемаларын чечүү маселесин коюп жатканын айтып чыкты.

Журналист Назгүл Осмонованын макаласы “Сураганыбыз жардам, жашаганыбыз майрам же топураган тойлорго бөгөт коюлабы?” деп аталды.

“Вечерний Бишкек” гезити Москва шаарында, болгондо да Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин жанында жасалма паспорт, мигранттар үчүн жасалма карталар менен жасалма патенттерди жасаган кыргызстандык кылмыштуу топ колго түшкөнүн, эми бул кылмышты жасагандар 500 миң рубль айып төлөө менен жети жылга чейин түрмөгө кесилерин кабарлады. Зинаида Сорокинанын “Баткен Бишкекке үлгү болууда” деген макаласын жарыялап, анда кичи ГЭСтер тууралуу кеп кылды.

Александра Василькова макаласын “Эмне себептен экономиканы саясат зордуктоодо” деп атады. Таланттуу режиссер Нурлан Асанбеков койгон жаңы мюзикл “Ысык-Көл Болливуду” деген ат менен жакында Улуттук филармонияда көрүүчүлөргө тартууланганын, идеянын автору Индиянын Кыргызстандагы элчиси Жаянту Кхобагаде экенин, көрүүчүлөр музыкалык оюн-зоок аркылуу Индиянын кинолоруна болгон сагынычтарын таратарын баяндады. Нурлан Асанбековдун жаңы спектакли тарых жана маданият жылына арналды.

XS
SM
MD
LG