Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:51

Быйылкы жаз Талгарбековдуку болду


Кыргыз гезиттери.
Кыргыз гезиттери.

Дагы бир адам дүйнө салды. Жолдошбек Зарлыкбеков аттуу таланттуу акын, таасын журналист, боорукер жан, эч кимдин көңүлүн калтырбаган ашкере көңүлчөөк, мыкты адам жарык дүйнө менен кош айтышты. Көп окуган, ошол окуганы менен кыргыз поэзиясын өзгөчө кооз поэзияга айланткысы келген, анысын көп учурда ийгиликтүү ишке ашырган, өзүнө жаккан башка элдин акындарын кыргызчага кемелине келтире которгон, тынымсыз изденген, китеп көрсө кыя өтпөстөн жантыгынан жата калган, кийин кара макаланы да ырга окшотуп көркөм, кооз кылып жаза баштаган, өзү да бөлөк-бөтөн көзгө да, тааныштарга да бир караганда эле көзгө түшүп, көргөндүн көңүлүн “жалт” бурдуртуп, көркөм, кооз жүргөндү жакшы көргөн, кылдай кыянаттыгы жок, өтө жаркын жолдош эле.

Жарыкка китебин чыгарганга үлгүргөн жок. “Жыйнак чыгарайын деп атам Шаке, атын коюп берчи?” дегенде “Жалгыз жол” деп кой” деген элем. Эми буюрса, Жолдошбектин жолу башталат. Жолдошбек атуу чоң акындын эчкимдикине окшобогон, өзүнүн гана “Жалгыз жолу” башталат. Ошол “Жалгыз жол” менен кетип бараткан акындын жолу башталат. Анын китептери эми чыгат, анын адабияттагы орду эми аныкталат, ансыз деле китеби жарык көрөлекте Жазуучулар союзуна мүчө болгон саналуу акындардын бири так ушул Жолдошбек Зарлыкбеков болгондугун, ал тирүү кезинде эле адабияттагы ордун эч ким кыйшайткыс кылып жасап кеткенин, эми анын экинчи өмүрүнүн адабияттагы жолу анын жалган өмүрүнөн да шыдыр болорун айта кетели.

Жолдошбектин сөөгү эртең саат ондо “Тунгуч” кичирайонундагы Учкун айлындагы бир тууган инисиникинен чыгарылат. Аза күтүү зыйнаты өтөт. Кош Жоке, Жокинтай, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун, боорум!

Бүгүн жарыкка чыккан “ПолитКлиника” гезити аркылуу журналист Айгүл Бакееванын Жолдошбекти эскерген макаласы басылды. Акылбек Чынтемировдун макаласы “Кумтөр-гейттен” “Операция Ы”: “Кумтөр Голд Компани кармалды”, уурулук аныкталды” деп аталса, депутат Алманбет Шыкмаматовдун маеги “Афераларга жол берген “Центерра” жетекчилерин жоопко тарткан абдан туура” деп аталды.

“Азия ньюс” санын Сакен Бөрүбаевдин “Быйылкы жаз Талгарбековдуку болду” деген макаласы менен ачты. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын “Локомотив” спорт комплексинин башчысы: Улукбек Нусубалиевдин “Темир жолдогу коррупция же Малабаев менен Ногойбаевдин банкроттук ишине жоопкерчилик жокпу?” деген ат менен журналист Сурат Жылкычиевге берген маеги тартууланды. Журналист Кенжебек Арыкбаевдин кадр маселесинде кандай чалмакейлер чалынып жатканын баяндаган макаласы “Касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы” деген ат менен жарык көрдү. Жакында эле тарткан сүрөттөрү, андан түшкөн каражатты Даун синдрому менен жабыркаган балдарга жардамга бергендиги менен белгилүү болгон президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын маегин Нуржан Акылбекова орус тилинен которуп жарыя кылды. Туристтик сезон бир ай мурда ачылгандыгы тууралуу Сурат Жылкычиевдин макаласында сөз болду. Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына карата Жалал-Абаддын жогорку жана орто окуу жайларынын студенттеринин арасында “Мекеним менин–Кыргызстан!” аттуу аскердик-маданий иш чара өткөнүн Мыктыбек Турдубеков фото сүрөттөрү аркылуу баяндады.

“Асман плюс” гезитине жазуучу Чынара Калыбекованын “Рахманкул хан” аттуу романынан жана “Соң Көлдүн чүрөгү” аттуу баянынан уланды басууну улантты. Журналист Динара Бейшеналиева “тирүү энциклопедия” деп атаган Эркингүл Сураналиеванын маеги Саякбай, Исхак Раззаков, Алыкул тууралуу болду. Жаз-Айым Айдекова маектешкен Бишкектеги №4 оорукананын бөлүм башчысы Гүлнара Ажымалиева элге “Антибиотиктердин зыяны жана пайдасын” айтып берди. Жазуучу Чолпон Субакожоеванын сандан-санга жарык көрүп келаткан “Манас-Асман, Асман-Манас” деген китебинен үзүндү жарыялоо уланууда. Улан Орозбаевдин бул жолку макаласын “Дин өзүмчүл акыл үчүн арналган эрежеге айланды”, деген ат менен окуйсуздар. Академик, парапсихолог Лариса Асанбекованын “Америкага сапары” сандан-санга жарык көрүүдө. Ушул эле автордун дагы бир баяны “Түрк чиновниктери аз сүйлөп, көп иштешет” деген ат менен тартууланса, дагы бир макаласында академик Лариса Асанбекова “Карманын түрлөрү” жөнүндө айтып берди. “Бизде мыйзам иштейби? Чечим аткарылабы?” деген маселе саясатчы Арсланбек Малиев, баш теңирчи Анарбек Усупбаев, философия илимдеринин доктору Клара Ажибекова өткөргөн тегерек үстөлдө талкууланды.

“Көк асаба” гезитинин бүгүнкү санына мударис Кусейин Исаевдин “Тазалануу” деген макаласы, Бишкектеги №89-орто мектептин мугалими Сонунбүбү Калматованын “Адеп сабагынын баркын кетирген мугалимдер бар” деген маеги, “Бизде улуттук ар-намыс деген барбы?” деген көлөмдүү кайрылуу басылды.

“Кыргызстан насыя алуучуларынын элдик кыймылы” деп аталган кыймыл дүйнөнүн 20 өлкөсүнүн башчыларына жана элине кайрылуу жолдоду. Анда “Биз, Кыргызстандын элинин адам укуктары 25 жылдан бери Кыргызстанда иш алып келген дүйнөлүк уюмдар тарабынан тепселенип келди, деген тыянакка келип жатабыз. Эгер эл аралык уюмдар негиздеген банктар кыргызстандыктарга чындап эле жардам берип, жакырчылыктан чыгарабыз дешсе, анда алар өздөрүнүн өлкөлөрүндөгү элине кандай шартта насыя беришсе, дал ошондой шартта бизге дагы беришсин”, деп айтылат.

XS
SM
MD
LG