Линктер

Кыргыз поэзиясынын бир доору кетти


Сүйүнбай Эралиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты.

Сүйүнбай Эралиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты.

19-июлдагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Кыргыз эли Сүйүнбай Эралиев менен коштошту “. Бүгүн жарык көргөн “Эркин тоо” гезити ушул баштема менен жаңы санын ачса, “Кыргыз туусу” гезити баштемасын “Жашоого берген ыр азык, жалгандан кетти классик” деп атап, кечээ жерге берилген, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын баатыры, кыргыз адабиятынын классиги Сүйүнбай Эралиевге багышталган макалаларды, коштошуу зыйнатында сүйлөнгөн сөздөрдү жарыялады.

“Эркин Тоо” гезити акын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы Жедигер Саалаевдин “Кош, устат” аттуу макаласын тартуулады. Ушул эле гезит “Башкалардын маданиятын таңуулаган маңкуртчулукка каршыбыз!” деген теманын алдындагы ой-пикирлер топтомунун кириш сөзүндө: “Президент Алмазбек Атамбаев демократиялык жол менен өнүгүп бараткан эркин Кыргызстандын эркин элине коңшу өлкөлөрдөгүдөй күч колдонбой, чакырык таштоо, түшүндүрүү менен кайрылып жатканы өтө акылдуу аракет болууда. Бул көптөн бери кыргыз элинин нааразылыгын жаратып келаткан обу жок исламдашууга, диндин фанаттарына, кыргыз маданиятын, каада-салтын, кийимин чанып, арабдаштырууга, пакистандаштырууга каршы өлкө башчысынын өз убагында айтылган сөзү болду” деп белгилеп, арабдар каржылаган Чыгыш университетинде, Давха мектебинде иштеген арабдар кадимкидей эле цивилдүү кийинип жүрүшкөнүн, ушундан улам байыркы кыргыз эли буга чейин кийими жок жылаңач жашап келгенсип, салт бузгучтар араб, иран, Пакистан, оогандыктардын кийимдерин кийип, саксайтып сакал өстүрүп, Куранды түшүнбөй окуп, өзүнүн кыргыз тамырын кыйып келатканын жазып чыкты. Сакал менен исламдын эч кандай байланышы жоктугун, сакал өстүргөнгө Курандын да, билимдин да, акылдын да, эмгектин да кереги жоктугун, болгону устара тийгизбей койсо сакал менен тырмак эч кимден уруксат сурабай эле ээ-жаа бербей өсө бере турган ашка жүк неме болорунда айта кетели.

“Фабула” гезити жазуучу Нуралы Капаровдун “Мен билген Салижан Жигитов” аттуу эскерүүсүн басууну улантууда. “Кыргыз педагогикасынын залкары–Советбек Байгазиев” аттуу макаласында лейлектик мугалим Бегалиева Бегайым Байгазиевдин 70 жылдыгын утурлап мааракени уюштуруу тобуна Советбек Байгазиевдин эмгектерин кайрадан көп нускада китеп түрүндө же электрондук китепче түрүндө ар бир мектепке, жогорку окуу жайларына таратуу боюнча 5 сунушун айтып чыкты.

Журналист Тынчтык Алтымышев “Кыргыз элим, кайда баратабыз?” аттуу макаласында, жер жүзүндөгү бардык диндерден мурда жаралган кыргыз эли кара түстү жамандыктын белгиси санаганын, кара кийимди жакын адамы каза болгондо гана жамынганын, кыргыз эзели жалаңкат бутуна кытайдын жыттуу чарыгын салып алып, ээгин сакалга, этегин дамбалга чалынтып, ар бир үйдүн каалгасын каккылап даават айтып көчөдөн көчө кыдырып кеткен эл болбогонун, кийин ислам динин кабыл алганда дагы өз каада-салтына карама-каршы келбеген гана эрежелери менен кабыл алганын, кыргыздын молдосу Абдышүкүр Нарматов өңдүү беш маал дааратын алып, ак калпагын алчыланта кийип, таза жүрүп, таза иштеп, дайыма иш үстүндө болуп, үй-бүлөсүн багып, жаштарды да агартып келгенин, ал эми интернет аркылуу ызы-чуу салган радикал фанаттарга, миң түркүн коркунучтуу диний агымдарга каршы Улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги күн-түн дебей катуу иштебесе арты өтө опурталдуу экенин кеп кылды.

“Вечерний Бишкек” гезити СССРдин эл артисти, киноактер жана художник Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги жакында “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанына орнотуларын, Манас проспекти менен Москва көчөсүнүн боюна 180 номерлүү, 10 миң чарчы метр аянтты ээлеген, 25 миллион долларлык 4 жылдыздуу мейманкана куруларын, курулушту дүйнөлүк класстагы француз компаниясы ишке ашыра тургандыгын, мындай мейманкана мурда болбогондугун кабарлады.

Өткөн жекшемби күнү Көл аймагына мөндүр түшкөнүн, жаратылыштын бул өңдүү күтүүсүз жоругун эч ким күтпөгөнүн, анткени ысык 30 градуска жетип, күн ачык болуп турганын, анан бир маалда эле Бостери бозала боло түшүп кара булутун чүмкөп келип, адегенде нөшөр төгүп, артынан чоңдугу буурчактай болгон мөндүр жааганын, Көлдүн карагаты, өрүгү бышып калган кездеги табияттын бул “ойдо жок белеги” жакшы болбогонун жазды.

XS
SM
MD
LG