Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:55

Атамбаевден кийинки “шеф” ким болот?


Атамбаевдин эгемендик майрамда сүйлөп жаткан учуру.
Атамбаевдин эгемендик майрамда сүйлөп жаткан учуру.

Шаршембиде "Майдан", "Багыт", "Вечерний Бишкек" гезиттери жарык көрдү.

“Майдан” гезитинен Адилет Болсунбековдун “Дыйкан” базарын “Кыргыз темир жолунун" башчылары жеке “кормушкасына” айлантып алганбы?” деген, “Кыргызстандын АШАдан кийинки “шефи” ким болот?” деген, Азимбек Бекназаровдун “Текебаев коркпой эле койсун, президент адам өлтүрүүгө барбайт, болбосо биринчи менин көзүмдү тазаламак да” деген макала менен маектерин, Бабырбек Жээнбековдун “Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бир силкинип коюңузчу, Алмазбек Шаршенович?!” деген макала-маектерин, жазуучу Мурзапар Үсөндүн “Менин философиям” аттуу роман-эссесин жана башка маалыматтарды окуйсуздар

Экс-депутат Жылдыз Жолдошева “Батыровчулар кайрадан баш көтөрүп, Кыргызстанга сокку урууга камынууда!” деп Батыров ээн-эркин эле жүргөнүн, ага Интерпол аркылуу издөө жарыяланбагандыгын билдирүү менен президентке кайрылып: “Урматтуу президент! Сиз 31-августта борбордук аянтта сүйлөп атып, “2010-жылдагы банк ячейкаларынын тонолушу, мародерчулук кылмыштарынын бети ачылат, июнь окуясынын чыныгы күнөкөрлөрү мыйзам чегинде жазаланат”, деп айттыңыз эле, сепаратисттерди Кыргызстанга алып келип жоопкерчиликке тартыңыз, болбосо айтылган сөзгө турбаса, эл ичиндеги кадыр-барк кетет”, деп кайрылды.

Эми Азимбек Бекназаровдун маегине келели. Кабарчынын:- Атамбаев Грузияга барып, орустардын огунан каза болгондордун эстелигине гүл койгону Эрдоганды капа кылгандай Путиндин ачуусун келтирип койбойбу,- деген суроосуна Азимбек мырза:

-Биз көз карандысыз эгемендүү мамлекетпиз, Атамбаев кайсыл мамлекетке барат, кимдерге гүл коет, ал Кыргызстандын иши. Айтайын дегеним, президенттин гүл койгонунан чочулап, Путин жүзүн буруп кетет деп кооптонбой деле койсок болот. Ошон үчүн президенттин бул кадамынан бөйрөктөн шыйрак чыгара берүүнүн кажети жок. Президент бул сапар кайсыл бир чоң мамлекеттен кооптонбой, өзүнчө иш алып барганы туура болду, - деп айтты. Текебаев менен Атамбаевдин тиреши жөнүндө кеп кылган Бекназаров экөөнүн ортосунда мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы жөнүндө жаңжал жоктугун, “Сен мени реформага кошпой койдуң” деген эле ич күйдүлүк жатканын, ошондуктан эски үзөнгүлөшү катары экөөнө тең “токтоткула!” деп кайрыларын, анткени экөөнүн тең душмандары бир экенин, кокус алардын тилеги орундалып кетсе Атамбаевди жазалап Текебаевди сактап калбастыгын, Убактылуу өкмөттөгүлөрдүн баарын бирдей жазалашарын, анткени Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү чечимди коллегиялуу түрдө кабыл алгандыктарын, эми экөө элди бөлүп-жарбай, ынтымакка келүүлөрү керектигин, айтайын дегени качып кеткен эки президент тең жөн жатпаганын, алардын жанында жүргөндөр бүгүн депутат, министр, керек болсо Атамбаевдин жанында жүргөндөр барын, кыскасы ошондойлор бүгүн Атамбаев менен Текебаевдин ортосуна от коюп, Убактылуу өкмөттү бөлүп-жара баштаганын, айрымдарын сырттан финансылап жатканын, ошон үчүн сак болуш керектигин айтты.

“Багыт” гезити бул санын Баратбай Аракеевдин “Кадам ушул” деген макаласы менен ачты. Гезит ошондойле мурдагы Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин “Мага эч ким туура эмес жасагансың деп бир да ишиме доо кое албайт” деген маегин, Азамат Кангелдиевдин “Мародерчлукка Равшан Жээнбековдун да катыштыгы барбы?” деген маалыматын, журналист Үсөн Касыбековдун “Таз таранганча той таркайт” аттуу макаласын басты. Мында Евразиялык экономикалык биримдик тууралуу кеп болот. Ушул эле санда мекенинен көп жылдан бери алыста жашап, иштеп жүргөн таланттуу акын Толук Бек Байзактын жаңы ырлары жарыяланды.

“Вечерний Бишкек” гезитинен журналисттер Бермет Маликованын “Казакстан каалгаларын ачууда” деген, Зинаида Сорокинанын “Аз чыгымдап, көп алуу” деген, Айжан Мамбеталиеванын “Кант оорусуз балалык” деген, кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшованын “Кыялдар орундалганда” деген макалаларын окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG