Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:43

"Манаска" бут тосуу токтой элек


Кыргыз гезиттери
Кыргыз гезиттери

Шаршемби күнкү гезиттерде тарыхый-маданий маселелер арбын козголду, алардын чоо-жайы териштирилди, коопсуздук, саясий проблемалардын себеп-жөнү талкууга алынды.

“Көк асаба” гезити Айгүл Торгойдун “Мекенчил жаштар бирикмесине - 10 жыл” деген аталыш менен бүгүнкү санын ачып, жаштардын “Ак шумкар кут” деп аталган коомдук бирикмеси тууралуу макала жарыялады. Акын Бердибек Жамгырчиев ага атайын ырын арнады. Филология илимдеринин кандидаты Таланталы Бакчиевдин “Манасты” билим, күч-кубат, дем-кайрат алуу максатында угушкан” деген маеги да ушул санда. Таланталы Бакчиев Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өкмөттүн токтому менен 4-декабрь “Манас” күнү деп бекитилгенин, анан бул күндү белгилөө максатында Бишкекте жети күн, жети түн “Манас” айтылганын, манасчылар бул ирет үчилтиктин “Семетей”, “Сейтек” бөлүгүн жана “Манастагы” Чоң Казатты айтканын, “Манасты” уккусу келгендер арбын болгонун айтты. Манасчы Бакчиев “Манас” эпосуна чабуул илгертен эле боло келгенин, кыргыздын өзүнөн эле чыккан ичи тар адамдар “Манас” изилдөөчүлөрдү “эл душманы” деп айыптаганын, ушундай көрө албастык убагында Касым Тыныстановду, Жусуп Абдрахмановду, Ташым Байжиевди жок кылганын, кыргыздын мыкты уулдары Зияш Бектеновго, Жапар Шүкүровго, Хусейин Карасаевге, Константин Юдахинге жалган жалаа жабылганын, асты түрмөгө жатып чыкканын, ушундай эле жалаа бүгүн да токтобой келатканын, манасчылар менен манас таануучуларга “калмак”, “жайсаңчы” деген жарлыктар тагылып, жамандалып, шылдыңдалып келатканын, бирок эл баарын көрүп-билип турганын, манасчыларды элден, элди манасчылардан, “Манастан” ажыратуу мүмкүн эместигин белгиледи.

Журналист Салтанат Кыдырмаеванын макаласы “Алыкул жана жарык өмүр” деп аталып, ушул жылдын 12-декабры Алыкул Осмоновдун дүйнө салган күнү экенин эске салды. Гезитте акындын төрт ырына орун берилген.

“Көк асаба” гезити “Ордо Сахна” этнографиялык театрдын таланттуу комузчусу, 50 жашында катуу оорудан улам өмүр менен кош айтышкан Гүлжан Карабаева тууралуу театр жетекчиси Чолпон Жапарованын эскерүүсүн басты.

“Вечерний Бишкек” гезити жакында Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров Бишкектин ооруканасында дарыланып жаткан “Дин, укук жана саясат” аналитикалык-иликтөө борборунун директору Кадыр Маликовду көргөнү барып, дары-дармегине керектөө үчүн президент Алмазбек Атамбаев берип жиберген 50 миң сомду тапшырганын, мамлекет Кадыр Маликов сыяктуу алдыңкы көз караштагы эксперттерди ар дайым колдоого аларын, экстремизм менен терроризм идеяларына каршы күрөштү биргелешип жүргүзөрүн, бул боюнча президент да тиешелүү тапшырмаларды бергенин, белгилүү диний аалым ооруканага түшкөн убакыттан баштап эле күндүр-түндүр кайтарууга алынганын жазып чыкты.

Аталган басылма Токмокто кытай инвесторлору тарабынан курулган мунайды кайра иштетүүчү завод пайдаланууга берилгенин, завод бензин, дизель, парафин майын жана суюк газ чыгарарын, ишкананын кубаттуулугу жылына 400 тонна мундайды кайра иштетип чыгарууга жетерин маалымдады.

Гезит кабарчысы Азамат Касыбеков макаласында биринчи жолу журналисттерге үй берилгенин, ошентип Ош шаарында профсоюз кызматкерлеринин төрайымы Жылдыз Бекбаеванын демилгеси менен ЭлТРдин кызматкерлери төрт квартиралуу, КТР эки квартиралуу, калган НТС, 7-канал, “Азаттык”, “Ынтымак”, “Ош шамы” жана башка редакциялар бирден квартиралуу болушканын, журналисттердин үйлүү болушуна Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин да эмгеги зор экенин белгилөө менен оштук журналисттерди жаңы конушу менен куттуктады. Азамат Касыбеков андан ары журналисттерге үй берүү маселеси СССР учурунда идеологиялык фронттун жоокерлери катары оңой чечилип келгенин, союз кулагандан кийин журналисттер да кожоюнсуз калганын, ал эми Батышта журналисттер үчүн үй маселеси проблема болбостугун, анткени журналисттер адвокаттар менен врачтардан кийинки эле акчаны көп тапкан кесипке кирерин, жакында экс-президент Роза Отунбаева журналисттерди “тиши мокок” деп айтканын, бирок урматтуу экс-президент жаңылышарын, кыргыз журналисттеринин тиши эле эмес азуусу Ай чапчып, кылычтай жалаңдап турарын жазды.

XS
SM
MD
LG