Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

"Бажа деген кызматта иштейм..."


Кийгени “кундуз” тебетей, адаты - “жок!” деп тил эмизмей. Кимбайке. 23.7.11.
Кийгени “кундуз” тебетей, адаты - “жок!” деп тил эмизмей. Кимбайке. 23.7.11.

“Күлкү кербендин” кезектеги азил шиңгили кызматка орношуу көйгөйүнө арналды.

* * *

–– Биз өкмөткө ыраазыбыз! Жакында өлкөбүздө жумушсуздук деген көйгөй “тап душмандай” жок кылынат!

–– Кантип? Мен жарытылуу жумуш таппай кайсалап жүрөм го?

–– Мына, манжаңызды ачып-жуумп санасаңыз. Өткөн жылы өкмөт башчыбыздын кудаларын жумушка дайындаганбыз. Би-ир!.. Жыл башында балдыздары жакшынакай кызматтык орун табышты. Эки-и!.. Өткөн айда анын бажаларынын жумуш маселеси чечилген. Бул – ү-үч!.. Ушундайча илгерилей берсек, жакынкы жылдары сизге да жумуш ордуңузду тапчу кезек келет!

* * *

–– Агатай, мага буйрук бергидей сиз кайсы кызматта иштейсиз?

–– Бажа деген кызматта!..

* * *

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG