Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:30

Каражатыңа жараша кийим


Кыргызстандын улуттук спорттук курамалары XVII Азия оюндарынын ачылыш аземинде. Инчхон. Түштүк Корея. 19-сентябрь, 2014-ж.

Кыргызстандын улуттук спорттук курамалары XVII Азия оюндарынын ачылыш аземинде. Инчхон. Түштүк Корея. 19-сентябрь, 2014-ж.

Кыргыз спортчулары олимпиадалык оюндар жана башка эл аралык мелдештер үчүн үчүн тигилген кийимдерди сапатсыз деп, аны кийүүдөн баш тартышууда.

Кыргызстандын улуттук спорттук курамасынын кийимдерин айрым спортчулар менен машыктыруучулар Азия оюндарында кийүүдөн баш тартышкан.

- Олимпиадалык айылда улуттук курама команда өзүнө таандык кийимдерди кийип жүрүшү керек. Бирок биздин кээ бир спортчулар берген кийимди кийбей коюшту. Алар кийимдер чоң, же тар болуп калганын айтышты, - деп билдирди Дене - тарбия жана спорт агенттигинин Спорт массалык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Канат Арпачиев.

Кыргызстандык спортчулардын кийимдерин спорттук товарларды өндүрүүчүлөрдүн Bigser sport ассоциациясы Кыргызстанда тигет. Бул ишкананы Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Франция ишкерлери биргелешип негиздеген. Ишкана буга чейин кыргыз спортчуларын форма менен камсыздап келгени айтылууда.

Кыргызстандын Bigser sport спорттук товарларды өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Сергей Быковский Азия оюндарында кийимдердин сапатсыз болуп калганын төмөнкүдөй түшүндүрдү:

- Мелдештер башталарына аз калганда улуттук курамага кирген спортчулардын тизмеси так аныкталбагандыктан, аны менен катар кийимдер үчүн эрте каражат бөлүнбөгөндүктөн кыйынчылыктар болду. Керектүү материалдарды сырттан ташып келүүгө көп убакыт кетет. Ага кошумча спортчулар анкетасында боюнун узундугун, бут кийиминин, кийимдеринин өлчөмүн так белгилебей коюшат. Ошондон улам аларга чак келбей же чоң болуп калышы ыктымал. Ал эми сапаты тууралуу айтсам ISO стандартына шайкеш келген, сертификаттары бар материалдарды колдонобуз.

2012-жылы Лондон шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан кыргыз спортчулары үчүн арналган "Бугу эне" коллекциясындагы спорттук кийимдер.

2012-жылы Лондон шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарына катышкан кыргыз спортчулары үчүн арналган "Бугу эне" коллекциясындагы спорттук кийимдер.

Сергей Быковский Кыргызстандын улуттук курамасы үчүн спорттук формалардын үлгүсүн Улуттук олимпиадалык комитет менен Дене-тарбия жана спорт агенттигинин жетекчилигинин сынынан өткөндөн кийин өндүрүшкө чыгарыларын кошумчалады.

Быковскийдин айтымында, 2000-жылы Казакстандын олимпиадалык курамасын бут кийим менен ушул ишкана камсыздаган. Учурда Казакстандын олимпиадалык комитети менен кызматташуу тууралуу макулдашууларга кол коюлуптур. Орусиянын бир нече федерацияларынын спортчулары дагы бул компаниянын кийимдерин киет экен.

Дене-тарбия жана спорт агенттигинин директору Кадырбек Эргешов убагында каражат бөлүнбөгөндүктөн спорттук кийимдерден мүчүлүштүк кеткенин айтты:

- Азия оюндарына он күн калганда кийимдер үчүн акча которулду. Ага чейин Каржы министрлигинде акча жок болуп жаткан. Кийинки оюндарда мындай мүчүлүштүктөргө жол бербөөгө милдеттүүбүз. Айрым бир спортчулардын Bigser sport даярдаган кийиимдерди кийбей койгондугунун дагы бир себеби - ага чейин демөөрчүлөр тарабынан кийим алып алышкан. Айрым бир күрөш жана бокс курамаларынын өкүлдөрү алган каржылык колдоолорун акташ үчүн сапатсыз экен деп шылтоо кылып жүрүштү. Бул көрүнүштөргө жол бербей баарын бир үлгүдө кийинтүүгө өтүшүбүз керек. Анткени Улуттук олимпиада комитети улуттук курамалар кие турган кийимдердин үлгүсүн бекитип берет. Ошол жактырылган үлгүдөн баш тартууга болбойт.

Азия оюндарында грек-рим күрөшүнөн коло байгени алган Жанарбек Кенжеев сыйлык тапшыруу аземинде. Инчхон. Түштүк Корея. 30-сентябрь, 2014-ж.

Азия оюндарында грек-рим күрөшүнөн коло байгени алган Жанарбек Кенжеев сыйлык тапшыруу аземинде. Инчхон. Түштүк Корея. 30-сентябрь, 2014-ж.

2010-жылдан кийин ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо тууралуу кыргыз өкмөтүнүн токтому чыккан. Ошондон кийин Bigser sport ишканасы тендерсиз эле кыргыз спортчуларын кийим менен камсыздаган жалгыз ишкана болуп эсептелип келет.

Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов спорттук кийимдердеги айрым бир кемчиликтерден улам жергиликтүү ишкана менен кызматташууну үзүп салууну колдобойт. Анын айтымында, арзан баада кийим тигүү оңой иш эмес.

- Албетте бул ишкана дүйнөдөгү Armani, Adidas өңдүү компаниялар менен теңтайлаша албайт. Бирок өкмөттүн бир адамга кийим тиктирүү үчүн 15 миң долларды төлөгөнгө чамасы келбейт да. Миң долларга жакын акчага эмне деген костюмдарды тиктирсе болот? Ал кийимдердин арасында машыгууга, салтанаттуу иш-чарада кие турган бир нече кийимдер бар. Баарын кошкондо баасы миң долларга жакын болууда. Ага кошумча бул ишкана улуттук баалуулуктарды чагылдырып, көркөмдүү кийимдерди тигип келишет. Биздин кийимдерди дүйнөдөгү таасирдүү спорт жетекчилери жактыргандыгын айтышкан. 2010-жылы Гуанчжоу шаарында өткөн Азия оюндарында Азиялык олимпиада кеңешинин президенти шейх Ахмад ал-Фахад ал-Сабах биздин улуттук кураманын кийимдери кооз тигилгенин айткан эле.

XVII Азия оюндарына катышкан Кыргызстандын улуттук курамасы үчүн тигилген Bigser sport ишканасынын “Даңк” коллекциясынын тогуз үлгүдөн турган бир топтому 36 миң 179 сомго бааланган. Жалпысынан 150 адамга тигилген форманын наркы 5 млн. 426 миң 850 сомду түзгөн. Буга чейин улуттук курама Bigser sport даярдаган "Бугу эне" коллекциясындагы кийимдерди кийишкен.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG