Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:09

Арыбаган ардагер балбандар


Ардагерлер арасында эркин күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Чынарбек Изабеков.
Ардагерлер арасында эркин күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Чынарбек Изабеков.

Эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында Польшада өткөн дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбандар бир алтын, эки коло байгенин ээси болушту. Алтын медалды Чынарбек Изабеков тагынса, Мелис Турганбаев менен Басылбек Мамытбеков коло байгеге ээ болушту.

Эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиондугу Польшада октябрь айынын 7синен 9уна чейин өттү. Кыргызстандан бул мелдешке үч балбан катышып, байгелүү кайтышты. 46 жаштан 50 жашка чейинкилер арасында 97 килограмм салмакта күрөшкөн Чынарбек Изабеков үч беттеште тең бардык атаандаштарын жеңди.

Чейрек финалда Түштүк Африка Республикасынын өкүлү Петер Федерикону 6:1 эсебинде утту. Жарым финалда польшалык Иренеузс Пепловскини 7:0 эсебинде жеңди. Финалда молдовалык Валериян Заболотный менен таймашып, 8:0 эсебинде таза жеңишке ээ болду.

97 кг. Финал. Чынарбек Изабеков (Кыргызстан) - Валериян Заболотный (Молдова) 8:0.

Изабеков ушуну менен экинчи жолу ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болду. 2015-жылы Грекияда 40 жаштан 45 жашка чейинки курактагы балбандар арасында 85 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, аттандаштарын уткан.

46 жаштагы Чынарбек Изабеков СССРдин чемпиону болгон. 18 жашында дүйнө чемпиондугунда күмүш медал тагынган. 21 жашында ден соолугуна байланыштуу спорттук карьерасын токтоткон.

Польшада өткөн чемпионатта мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев 51-55 жаштагылар арасында 76 килограмм салмакта күрөшүп коло байге алды.

Турганбаев 76 килограммга чейинки салмактагы алгачкы беттеште түркиялык Зафер Койянды 4:2 эсебинде утуп, жарым финалда жапониялык Тамотсу Какефудага 2:1 эсебинде бир гана упайга жеңилип калды.

Коло байге үчүн күрөштө польшалык Силвестер Пётр Сцыманскийди 11:0 эсебинде таза жеңип, коло медал тагынды.

54 жаштагы Турганбаев жаштар арасында СССРдин чемпиону болгон.

76 кг. Коло байге үчүн таймаш. Мелис Турганбаев (Кыргызстан) - Силвестер Пётр Сцыманский​ (Польша) 11:0.

61 жаштан 65 жашка чейинки куракта 58 килограмм салмакта күрөшкөн Нарын мамлекеттик университетинин дене тарбия мугалими Басылбек Мамытбеков дагы Кыргызстандын эсебине бир коло медалды алып келди.​

Бул салмакта сегиз балбан байге талашты. Чучу кулак кармашуунун жыйынтыгында жарым финалда беттештерин баштаган Мамытбеков венгриялык Михали Мартага 6:2 эсебинде жеңилген. Ошондой болсо да коло байге үчүн күч сынашууга атаандаш жок болгондуктан ага байге ыйгарылды.

58 кг. Жарым финал. Михали Марта (Венгрия) - Басылбек Мамытбеков (Кыргызстан) 6:2.

"Мелдешке катышарда жүрөксүп корккон жокмун"

Мындан эки жума мурда сентябрь айынын аягында Финляндияда грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиондугунда Өмүралы Жакыпов (51-55 жаш, 76 кг) менен Калмат Камчыбеков (66-70 жаш, 130 кг.) күмүш медалды тагынып кайтышкан. Күрөш айлампа тартибинде өтүп, кыргызстандыктар экиден атаандашын утуп, бирок экөө тең бир беттеште орусиялык балбандардан жеңилип калышты.

Грек-рим күрөшүнөн ардагерлер арасында дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси Калмат Камчыбеков 66 жашта. СССРдин спорт чебери. 1970-жылдары бир нече жолу бүткүл союздук мелдештердин жеңүүчүсү болгон. Кыргыз күрөшүнөн беш жолу Кыргыз ССРинин чемпиону аталган. Чоң спорттогу карьерасын жыйынтыктагандан кийин Ош шаарындагы спорттук мектептердин биринде машыктыруучу болуп иштеп, аны ушул кезге улантууда. Балбан жаш кезинде үйрөнгөн ыкмаларын эми да колдонуп байгеге ээ болгонун айтып берди.

- Мен учурда пенсиядамын. Жаш кезде үйрөнгөн ыкмаларды дагы эле унута элек экенмин. Тынымсыз машыкпай, адаттагыдай балдарды машыктырып жүрүп эле ардагерлер арасында дүйнө чемпиондугуна бардым. Мелдеш күчтүү атаандаштыкта өттү. Эки атаандашымды жеңип, финалда орусиялыкка утулуп калдым. Биринчи айлампада 2 упай менен алдыда болчумун. Кийинки айлампада упай алууга аракетим ишке ашпай, кабыргам ооруп кетип жыгылып, утулуп калдым. Мелдешке катышарда жүрөксүп корккон жокмун. Буюрса күч-кубатка толуп турган кезимде дагы бир топ жолу дүйнө чемпиондугуна катышкым келет. Байге утуп, желек көтөрүлгөндө аябай толкундандым. Андагы менин абалымды сүрөттөөгө мүмкүн эмес.

3-айлампа. 130 кг. Калмат Камчыбеков (Кыргызстан) - Естат Гогличидзе (Грузия) 8:0.

Кыргыз парламентинин балбаны

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Таалайбек Масабиров дзюдо боюнча ардагерлер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Бир катар эл аралык мелдештерде, дүйнө кубокторунда байге ээси болгон. Бүткүл союздук мелдештерде, СССРдин биринчилигинде байге уткан.

1985-жылы 19 жашында мелдеш учурунда далысынан жаракат алып, таймаштарга катыша албай калган. 10 жылдан кийин Олимп оюндарына катышуу кыялы менен мелдештерге катыша баштап, тилекке каршы, эски жараты козголуп, 1996-жылдагы жайкы Олимп оюндарына барбай калган.

Сабырбек Жумабеков жетектеген дарыгерлер тобунун жардамы менен жараты айыккандан кийин 35 жашында Парижде өткөн эл аралык мелдешке катышып 2-орунду алган. 2004-жылы эркектер арасында дүйнөлүк кубок үчүн мелдештерге катышып 4-орунду ээлеген. Ортодо машыгууларга бир аз тыныгуу кылгандан кийин 2010-жылы чеберлер (ардагерлер) арасында дүйнө чемпиондугуна катышып жеңүүчү болду. Бул ийгилигин 2013-жылы да кайталаган. Бул жылдар аралыгында бир нече эл аралык мелдештерде байге уткан. Учурда да машыгуусун токтотпой келет.

- Жаратымды айыктырып жөн эле жүрө берсем болмок. Бирок эл аралык мелдештерге катышып жүргөн жакын санаалаштар убагында жакшы күрөшчү элең, азыр деле ардагерлер арасында мелдештерге катышпайсыңбы деген сунуштарынан кийин күчүмдү сынайын дедим. Экинчиден, жаш кезимде жетпеген ийгиликтерге улгайып калсам да жетишейин деген ой келди. 1978-жылдан баштап машыккандан кийин ошол аракеттеримден натыйжа чыгарайын дедим. Эки жолу дүйнө чемпиону болдум. Максатыма жеттим. Бирок Олимп оюндарына катышпай калганыма өкүнөм. Эми ошол ийгиликке балам жетсе деп тилек кылам. Учурда ал Жапонияда Дзюдо академиясында окуйт. Эгемендик алгандан бери өлкөбүздө Олимп оюндарынын чемпиондору чыга элек. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн мыкты спортчуларыбыз өсүп келе жатат. Уландар арасында Акжол Махмудов деген жаш бала грек-рим күрөшүнөн жакында эле дүйнө чемпиону болду. Айсулуу Тыныбекова, Арсен Эралиев өңдүү спорчтуларыбыз бар. Ушулар үмүттү актаса экен деп тилейм.

Жарым кылым ашуун килемден түшпөгөн кыргыз балбан

Самбо жана кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Абакир Рысов учурда 69 жашта. Ал 55 жылга жакын убакыттан бери спорттун беш түрүнөн самбо, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, дзюдо жана кыргыз күрөшү менен машыгып, таймаштарга катышып келгенин айтууда.

2000-жылдардан бери Самбо боюнча чеберлер (ардагерлер) арасында дүйнө чемпиондугунда сегиз жолу байге ээси болгон. Бир жолу чемпион аталса, бир жолу күмүш, алты жолу коло медал тагынган. Эркин күрөштөн бир жолу, грек рим күрөшүнөн бир жолу ардагерлер арасында дүйнө чемпиондугунда коло байгени уткан. Кыргыз күрөштөн 10 жолу Кыргызстандын чемпиону болгон.

Ден соолугуна байланыштуу дарыгерлердин күрөшпө деген сунушуна макул болбой килемге чыгып, байге утуп жаштарга үлгү көрсөтөйүн деп жүрөм дейт.

- Беш жолу операция болдум. Ошого карабай күрөшүп жүрөм. Жаштарга үлгү болсом дейм. Учурда эч кимди машыктырбайм. Мелдештерге даярданып жүрөм. Күч-кубатым бар кезинде килем үстүндө таймашууну уланта берем. 70 жаш курактан ашкан кезде жаштар менен таймашып Кошой балбандын эрдигин кайталоону максат кылып жүрөм.

Абакир Рысов бир жумадан кийин Хорватияда өтүүчү самбо боюнча чеберлер арасында дүйнө чемпиондугуна катышууга даярданып жатканын кошумчалады.

Москвадагы кыргызстандыктар ардагерлер арасында дүйнө чемпиондугунда байге ээси болушкан спортчуларды тосуп алууда.
Москвадагы кыргызстандыктар ардагерлер арасында дүйнө чемпиондугунда байге ээси болушкан спортчуларды тосуп алууда.

Акыркы учурларда уландар жана кыздар арасында, жаштар арасында жана ардагерлер арасында балбандар чоңдор арасындагы спортчуларга салыштырмалуу арбын байге утууда.

СССРдин жана Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш Дөңбаев улгайган кезде килемге чыгып таймашуу чоң эрдик деп баалайт.

- Көп балбандар жашы улгайган сайын ооруп калат, салмагы өсүп кетет. Мисалы, жаш кезинде 66 килограмм салмакка күрөшүп жүргөн болсо жашы улгайып семирип кеткенде 90 килограмм салмакка жетип, кээ бири күрөшө албай калат. Ардагерлер арасындагы мелдештерге катышуу үчүн да даярдык керек. Кокустук болуп колу-буту чыгып, же сынып кетиши ыктымал. Ушундай айрым себептерден улам көп балбандар мелдештерге катышпай калат. Ошондуктан ардагерлер арасындагы таймаштарга чыныгы фанаттар, күрөшкө жан дилин арнагандар катышабы деп ойлойм. Анан дайыма спорттук даярдыгын сактап жүргөндөр мелдешке барышат. Ошондой болсо да мындай ардагер спортчулар дүйнөдө көп да. Ошол мыктылардын арасынан суурулуп чыгып байге утуп келгендерге сыймыктанып, куттуктап койсок болот.

Ардагер спорчтулар арасындагы дүйнө чемпионаттары адатта 35 жаштан 70 жашка чейин өтөт. Дүйнө чемпионаттарынан сырткары 1985-жылдан бери төрт жылда бир жолу спорт ардагерлеринин дүйнөлүк оюндары өткөрүлүп келет. 2017-жылы боло турган IX оюндар Жаңы Зеландиянын Окленд шаарында өтөт. Ардагерлердин Олимп оюндары саналган бул мелдешке катышкандардын саны абдан эле көп. Мисалы, 2009-жылы болгон мелдешке 28 миңден ашуун адам катышкан. Бул көрсөткүч 2000-жылы болгон Сидней Олимп оюндарына катышуучулардан эки эсе көп. Дүйнөлүк оюндарга азырынча Кыргызстандан өкүлдөр катыша элек.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG