Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Эратов: Көк-Таш айылындагы абал көзөмөлдө


 Саитжан Эратов
Саитжан Эратов

Кыргыз-тажик чек арасында, Баткен районунун Көк-Таш айылында 22-январда эки өлкө жарандарынын ортосунда чыккан чатак тууралуу "Азаттык" Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Саитжан Эратовду кепке тартты.

“Азаттык”: Көк-Таш айылындагы окуя боюнча буга чейин жергиликтүү бийликтин гана айткандарын угуп жаттык. Сиздерде кандай расмий маалымат бар?

Эратов: Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 22-январда саат 17:50 чамасында Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылынын Көчө-Бою деген жеринде инцидент катталды. 10-30 чакты тажик жараны, негизинен жаш балдар келип “биздин жаранды кечээ кыргызстандыктар уруп койгон, ошого жооп бергиле” деп, сөздөн сөз чыгып, жыйынтыгында эки тарап бири-бирине таш ыргыткан. Натыйжада жабыркагандар жана үйдүн чатыры сынган учурлар катталды.

Окуя кечки саат 8ге жакын толугу менен токтогон. Ал жерге аксакалар, жергиликтүү бийликтин, ИИМдин өкүлдөрү келип, кырдаал толугу менен көзөмөлгө алынган.

Азыркы тапта Чек ара кызматы окуя болгон жерди күчөтүлгөн тартипте кайтарууда. Кырдаал толугу менен көзөмөлдө. Эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

“Азаттык”: Тажикстан жактан 30га жакын адам келсе, кыргыз тараптан канча адам чогулган?

Эратов: Биз жактан 50-60 адам. Алар бири-бирине таш ыргытышкан. Ошол жерде турган чек арачылар өз убагында келип, ажыратканга үлгүрүп калган.

“Азаттык”: Үйлөр жабыркаганын айттыңыз. Канча үй кайсы тараптан жабыркаган?

Эратов: Алдын ала маалыматка караганда, тажик тараптан эки үйдүн шыйпыры сынган, төрт автомашина жабыркаган. Биз тараптан эки машина деп жатышат. Үйлөрдүн канчасы экени азыр такталууда.

“Азаттык”: А жабыркаган адамдар тууралуу эмне маалыматыңыз бар?

Эратов: Азырынча Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова жабыркаганы белгилүү. Учурда ал ооруканада.

Ал жерде чек аранын оң тарабында Кыргызстандын жарандары, сол тарабында Тажикстандын жарандары жайгашкан. Кээ бир жерлер шахмат түрүндө жайгашып калган. Бул делимитация жана демаркация иштери жүргүзүлө элек жерлер. Ошондуктан келишпестиктер катталып турат. Алдын алуу иштерин жүргүзгөнгө аракет кылабыз.

“Азаттык”: Коңшу тараптын расмий өкүлдөрү менен байланыша алдыңыздарбы? Алардын версиясы кандай болууда кечээ күнкү окуя тууралуу?

Алдын ала маалыматка караганда, тажик тараптан эки үйдүн шифери сынган, төрт автомашина жабыркаган. Биз тараптан эки машина деп жатышат. Үйлөрдүн канчасы экени азыр такталууда.

Эратов: Тажик тараптын чек арачылары, милиция өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик менен жолугушуу ошол замат өткөрүлгөн. Сүйлөшүүлөр бүгүн да уланат.

“Азаттык”: Баткен районунун акими Кеңеш Салихов коңшу республиканын Исфара районунун акими менен бүгүн түшкө маал жолугарын айтты. Сиздер тараптан ким катышат бул жолугушууга?

Эратов: Чек ара кызматынын облустук жана райондук деңгээлдеги жетекчилери катышат. Аларга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Ошондой эле азыр расмий Дүйшөмбү менен сүйлөшүү жүрүп жатат, ушул айдын аягында же кийинки айдын башында Чек ара кызматтарынын жетекчилеринин деңгээлинде жолугушуу болот.

“Азаттык”: Каякта?

Эратов: Баткенде деп белгилеп жатабыз. Чек арадагы чыр-чатактар көбүнчө январь-март айларында катталат. Ошолорду алдын алуу максатында сүйлөшүү өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө аракет кылабыз.

“Азаттык”: Чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүнүн соңкусу качан өттү эле?

Эратов: Облустук деңгээлде өткөн аптада болгон. Мурдагы күнү эле райондук деңгээлде жолугушканбыз. Ал эми Чек ара кызматтарынын башчылары бир жылда эки жолу жолугат. Кезектегисин ушул айдын аягында же кийинки айда өткөргөнү жатабыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG