Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Жогорку Нарын каскадын куруу ишинин 7% аткарылды


Нарын дарыясында курулуп жаткан Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу долбоорунун 7 пайыз иши бүткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн 100 күндүк отчетунда айтылды. Маалыматка ылайык, курулушту баштоого даярдык бүттү. Бул үчүн 30 миллион доллар сарпталды. Сентябрдан тарта дагы 30 миллион доллар бөлүнүп, ГЭС үчүн керектүү жабдык сатылып алынмакчы.

Нарын дарыясына Орусия менен бирге Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге 2012-жылы кол коюлган. Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “РусГидро” компаниясы иш 5-6 жылга созулуп, алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирээрин маалымдаган. (BkA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG