Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

Айтматовдун белгисиз сүрөттөрү Брюсселде көргөзмөдө

Көргөзмөдө Чыңгыз Айтматовдун санаалаштарынын жана сүрөтчү Ибрагим Бакировдун буга чейин жарыяланбаган эмгектери коюлган. Бакиров бир нече жыл бою жазуучу менен бирге жүрүп, кызыктуу сүрөт баяндарды топтой алган. Айтматовдун жакын досу, Европадагы белгилүү илимпоз Жан Бланкоффго таандык сүрөттөр дагы бар. (Алмас Турдумаматов менен Улан Султановдун сүрөттөрү)

Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Жазуучу тирүү болгондо быйыл 86 жашка чыкмак. Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Совет доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган. Мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси кызматын аркалап келди. Жазуучу 2008-жылы 10-июнда Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG