Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

Депутаттар Жапаровдон кабар алды


Депутаттар Садыр Жапаровго жолугуп чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:41 0:00

Депутаттар Садыр Жапаров менен жолугууда, 5-апрель, 2017

5-апрелде Жогорку Кеңештин үч депутаты абактагы Садыр Жапаровго жолугуп чыгышты. Жаза аткаруу кызматы экс-депутаттын коопсуздугу көзөмөлдө деп, коркутуулар тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Жергиликтүү укук коргоочулар тобу камакта жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун жана анын 12 тууганынын коопсуздугу коркунучта деген ачык кайрылууну УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевге жана баш прокурор Индира Жолдубаевага жөнөтүштү.

Кайрылууга кол койгондордун бири, жарандык активист Динара Ошурахунова адам укуктары жана эркиндиктерин кепилдеген Конституцияга ылайык чараларды көрүү өтүнүчү келтирилгенин айтат:​

- Жапаров жана аны колдогон митингде кармалган 12 адамга камалган жеринде чоң кысым жасалып жатат. Алардын коопсуздугуна кепил болуусун суранып, талап коюп жатабыз. Азыр Садыр Жапаров оор абалда ооруканага түштү. Анын жубайынын кайрылуусуна УКМК, Жаза аткаруу кызматы да эч кандай көңүл бурбай, жооп бербей жатат. Күйөөсү менен жолукканга мүмкүн болбой жатат. Мындан сырткары биз эмнеге экс-депутат УКМКнын абагына эмес, №1 СИЗОго камалганын түшүндүрүп берүүсүн сурандык.

Кайрылууга укук коргоочулар Азиза Абдирасулова, Рита Карасартова, Төлөйкан Исмаилова, Чолпон Өмүрканова кол койгон.

Улуттук коопсуздук кызматы азырынча бул кайрылууга жооп бере элек.

Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып турган саясатчы Садыр Жапаров 2-апрелде таңга жуук моюну жана колу кесилген абалда №47 абактын санитардык бөлүмүнө жеткирилген. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 4-апрелдин кечинде Жапаровдун үч жарым мүнөттүк видеосун жарыялаган. Анда саясатчы саламаттыгы жакшы экенин билдирген. Ошентсе да адвокаттары, туугандары буга ишенбей, ага басым болуп жатат деп чыгышты.

Жапаров менен 4-апрелде жолугуп чыккан адвокаттарынын бири Динара Медетова соңку окуя тууралуу ачык сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок деп билдирди. Ал эми саясатчынын жубайы Айгүл Жапарова күйөөсү менен жолугууну сурап жазган өтүнүчү жоопсуз калып жатканын белгилеп, анын өмүрүнө тынчсызданууда:​

- Мен Садыр менен 25 жыл жашагам. Анын кандай сүйлөп, кандай жооп берерин жакшы билем. Ал абдан күчтүү, эрктүү адам. Болгону жакындарын СИЗОго салып алып Садырды сындыруу максаты болуп жатат. Бул бийликтин түздөн-түз кысымы болуп жатат.

Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова экс-депутаттын жана анын камалган жакындарынын коопсуздугу көзөмөлдө экенин "Азаттыкка" билдирди:

- Садыр Жапаровдун азыркы макамы каалаган учурда туугандары киргенге жол бербейт. Тергөөнүн купуялуулугу үчүн, тоскоолдук болбош үчүн аларды убактылуу тергөө абагына отургузат. Жабык мекемелер стратегиялык объект болгондуктан каалаган адамдар кирип жолуга албайт, анын дагы жол-жобосу бар. Адвокаты кирсе болот, анан тергөөчүлөрдүн уруксаты менен жакын туугандары, жубайы кирип чыкса болот. Азыр социалдык тармактарда Жапаровду кыйнап атыптыр деп жазып жатат. Андай эмес. Алгачкы күндөн тартып эле жалпы эмес, өзү сыяктуулар менен бир камерада отурат. Учурда коопсуздугу үчүн кошумча күзөтчү бердик. 47-абакта атайын чоң оорукана бар. Ошондо дарыланып атат.

Буга чейин Жапаровдун канга боелуп жаткан сүрөтү социалдык тармактарга тарап, ар кандай күдүк ойлорго жем таштаган. Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында экс-депутаттын соңку абалы талкууланып, мындан соң парламенттеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы, "Республика- Ата журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев баштаган депутаттар Жаныбек Бакчиев, Талант Мамытов Жапаровдун абалы менен таанышып чыгышты.

Депутат Жээнчороев абактагы саясатчы дарыланып жатканын, эч кандай доомат койбогонун "Азаттык" радиосуна айтты:​

- Садыр Жапаровдун акыбалы түзүк, азыр дарыланып атыптыр. Эч кандай дары-дармекке муктаждыгым, эч кимге доо арызым жок деди. Туугандарыман, тарапташтарымдан митинг-пикеттерге чыкпоосун суранам, бардыгы мыйзамдын алкагында болсун деди. Кыйноо боюнча сурадык, андайлар жок деди.

Экс-депутат Жапаров 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилген. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгону жарыяланган. Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапташтары милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын ичинен 12 киши эки айга соттолгон. Алардын арасында Садыр Жапаровдун баласы жана агасы бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG