Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

Сузакта абактагылар сабалганын айтып чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сузак райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында отурган 17 киши кыйноого кабылганын айтып чыкты. Кыйноого каршы күрөшүү боюнча улуттук борбордун адистери факты боюнча материалдарды прокуратурага жиберишти.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы шектүүлөр таяк жебегенин, камераларда тинтүү болгонун билдирүүдө.

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кылмышка шектүү катары кармалган 17 киши кыйноого кабылганы жөнүндө арыз жазган. Бул тууралуу Кыйноого каршы күрөшүү боюнча улуттук борбордун Жалал-Абад облусундагы координатору Алишер Эрматов билдирди. 29-июнда беш адамдан турган жумушчу топ убактылуу кармоочу жайга кирген.

Алишер Эрматов.
Алишер Эрматов.

«Убактылуу кармоочу жайда 19 адам отурган. Алардын ичинен 17 адам кыйноого кабылганы боюнча арыз жазды. Алардын ичинен жети адам боюнча протокол толтурулду. Башкача айтканда, алардын денесинен көк ала тактар, союлдун издери табылды. Биз көзүбүз менен көргөнүбүз ушул болду. Шектүү катары кармалгандар атайын кызматтын өкүлдөрү колдорун кайрып, башка бөлмөгө алып барып, негизгиз сабаганын айтышты. Милиция кызматкерлеринин айтымында, кармалгандар камераларда коронавируска байланыштуу дезинфекция жүргүзүүгө макул болбой, эшиктерин ачпай коюшкан. Ошондон улам атайын кызматтын өкүлдөрүн чакырышкан. Канткен күндө да кармалгандар ур-токмокко кабылганы көрүнүп турат. Биз топтолгон материалды прокуратурага өткөрүп беребиз», - деди ал.

Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө кармалгандардын бирин текшерүү учуру.
Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө кармалгандардын бирин текшерүү учуру.

Сузактагы убактылуу кармоочу жайда бул окуя 27-июнда болгон. Кармалгандар бир күндөн соң Кыйноого каршы күрөш боюнча улуттук борборго эч себепсиз сабалганын жазып кайрылышкан. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы милиция эч кимди сабабаганын, уруксат берилбеген буюмдарды аныктоо максатында тинтүү жүргөнүн билдирди.

Шеркул Турганбаев.
Шеркул Турганбаев.

«27-июнда Сузак милициясынын убактылуу кармоочу жайында кызматкерлер мыйзамсыз буюмдардын сакталышын аныктоо жана коронавирус илдетинин алдын алуу максатында тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Абакта отурган шектүүлөр менен милиция кызматкерлеринин ортосунда мурда болгон жагдайларды эске алуу менен терс көрүнүштөрдү болтурбаш үчүн атайын кызматтын кызматкерлери («Шумкар» АБП) тартылган. Ошондой эле санитардык дарылоо иштерин жүргүзүш үчүн Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык борборунун кызматкерлеринин катышуусунда иш-чара уюштурулган, - деди Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Шеркул Турганбаев.​ - Камераларды текшерүүнүн жыйынтыгында чөнтөк телефондор, сим-карталар, темир металлдан атайын учталып даярдалган зымдар, бычакка окшош буюмдар табылып, акт түзүлгөн. Топтолгон материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодекстин 166-беренеси («Жаза аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалып турган адамдарга тыюу салынган предметтерди берүү») менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталган».

Убактылуу кармоочу жайдагы камераларды текшерүүгө 25-июнда сот залында кылмышка шектүү эки адам кичинекей кырдуу темир менен өз ичин кескилеп салганы себеп болгон. Денесинен жеңил жараат алган шектүүлөр азыр да камерада кармалып турат.

Бул окуяны Жалал-Абаддагы «Акыйкаттык» укук коргоо уюму да териштире баштады. Мекеменин өкүлү Нурислам Раимжанов кыйноого байланыштуу көпчүлүк фактылар жазасыз калып жатканын белгиледи:

Нурислам Раимжанов.
Нурислам Раимжанов.

«Кыйноону кызмат адамы жасагандыктан аны тастыктоо жана далилдөө кыйын. Соттук-медициналык экспертиза да кеч дайындалып, денесиндеги көк ала издер билинбей калып кеткен фактылар бар. Мисалы, Токтогулда баңгизатка байланыштуу кармалып, кыйноого кабылган баланын иши бир жылдан бери тергөөдө жатат. Кыйноо фактысы далилденсе да, иш аягына чыга элек. Биздин практикабызда кыйноо фактысы менен жазага тартылган орган кызматкерлери бар, бирок алар аз».

2015-жылы да Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында отургандар тополоң чыгарып, 30дай шектүү ур-токмокко кабылганын айтып чыгышкан.

Кыйноого каршы күрөш боюнча улуттук борбордун Жалал-Абад облусу боюнча координатору Алишер Эрматов облус аймагында убактылуу кармоочу жайларда азыр да мыйзам бузулган учурлар бар экенин эске салды:

«Май айында облустагы убактылуу кармоочу жайларда рейд уюштурганбыз. Аксы, Ала-Бука, Кара-Көл жана Таш-Көмүр ИВСтеринде шарты жана санитардык нормалары бузулганын көрдүк. Айрымдарында мыйзамсыз кармалып отургандар бар экенине да күбө болдук. Таш-Көмүрдөгү убактылуу кармоочу жайда соттун бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү бир ай мурда аяктаган адам мыйзамсыз кармалып отурганы аныкталды. Бул багытта топтолгон материалдар тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди».

Сузактагы убактылуу кармоочу жайдагы окуя боюнча чогултулган материалдар райондук прокуратурага өткөрүлүп берилди. Бирок милиция өз аракетинде мыйзам бузуу жок экенин жүйө келтирүүдө.

Быйыл жыл башынан бери Кыйноого каршы улуттук борборго 45 кайрылуу түшсө, 16сы кыйноого кабылгандар. 2019-жылы катталган 152 арыздын 77си кыйноого байланыштуу. Бирок алардын канчоо сотко өткөнү белгисиз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG