Улуу Жорж Буш Хьюстон шаарындагы ооруканага дем алуусу оорлогонуна байланыштуу 14-январда жаткырылган. Мурдагы президенттин өкүлү бейтаптын абалын жакшы деп мүнөздөдү.
92 жаштагы Жорж Буш - АКШнын мурдагы президенттеринин көзү тирүүлөрү ичинен эң улуусу.
Ал 1988-92-жылдардын аралыгында бир мөөнөт президент болгон. Ага чейин эки мөөнөт вице-президент кызматын аркалаган.
Улуу Жорж Буш акыркы жылдары майыптардын коляскасын колдонуп келет, бирок 90 жаш курагын парашюттан секирүү менен да белгилеген болчу.
2015-жылы моюн сөөгүн сындырып алганына байланыштуу бир жума, 2014-жылы өпкөсү сезгенип, дем алуусу кыйындаганына байланыштуу эки ирет ооруканага жатып чыккан. (UE)