Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

Сузактагы кандуу окуя боюнча сот башталды


Сот иши Ноокен райондук сотунун имаратында өтүп жатат.
Сот иши Ноокен райондук сотунун имаратында өтүп жатат.

Сузак райондук соту он адамдын жырткычтык менен өлтүрүлүшүнө байланышкан "Санпа" окуясын кароого киришти.

Ош-Бишкек жолундагы Топурак-Бел ашуусунун жанындагы пахта тазалоочу “Санпа” аттуу заводдун айланасында 12-13- июнда болгон кандуу окуяны Сузак райондук көчмө соту иликтөөдө. Соттук материалдарга ылайык, кан жолдогу Топурак- Бел ашуусунан түшө бериштеги Сузак районуна караштуу пахта тазалоочу “Санпа” заводунун айланасында он киши мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын маалымат кызматы аталган окуяда 16 адам өлтүрүлүп, эки адам дайынсыз жоголгонун, 9 автоунаа өрттөлгөнүн билдирген болчу.
Аскерлер мыкаачылык менен адам өлтүрүлгөн жердеги кылмыштын белгилерин иликтешүүдө, 17-июнь.

Ноокен райондук сотунун имаратында башталган сот иши жабырлануучулардын нааразылыктары менен коштолду. Соттук олтурумга 19 соттолуучунун он жетиси катышты. Эки айыпталуучу сотко келбей калды. Жактоочулардын бири соттолуучу Усманжан Аблязов ооруп жаткандыгына байланыштуу анын кылмыш ишин бөлүп кароону өтүндү. Мамлекеттик айыптоочу менен жабырлануучулар бул өтүнүчкө каршы болгондуктан судья мурдагы колхоздун бул башкармасын ( У. Аблязовду) эмки жыйынга катыштырууну камсыздоо жагын прокуратурага милдеттендирди. Дагы бир соттолуучу Майлуу-Суу шаардык убактылуу кармоо жайынан алып келинген эмес.

Соттолуучулар улуттар аралык араздашууга, адам өлтүрүүлөргө, массалык баш аламандыктарга катышкан деп айыпталууда. Аталган кылмыш иштери боюнча сотто 44 адам жабырлануучу, 91 киши күбө катары көрсөтмө берүүгө тийиш.

Сотто жактоочулардын бири айыпталуучу, милициянын ардагер подполковниги Г. Абдурахмановдун акыл-эсин кайрадан териштирүүнү өтүнүндү. Бул өтүнүч мамлекеттик айыптоочу тарабынан четке кагылып, судья маселени кароону ачык калтырды.

Мамлекеттик айыптоочу Өмүрбек Сарыбаевдин айтымында, Ош- Бишкек жолуна чогулган кишилер жолду казып, жолдун калган жагын оор автоунаалар менен тосуп салышкан. Топурак- Бел ашуусунан түшүп келаткан же ага чыгып бараткан автоунаалар жылмышып, токтоп калсын үчүн кара май төгүшкөн. Колдорунда курал-жарак, балта, бычак, учталган узун темир, шиш найзалар, тез өрттөнүүчү күйүүчү заттар болгон. Алар автоунааларды өрттөп, адамдарды барымтага алып, жүргүнчүлөрдүн баалуу буюмдары менен акчаларын карактаган:

- Айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн өмүрүн кыйып, өлтүрүп, мүлкүн талап- тоноп, каракчылык кылып, өрттөп жок кылып, жараксыз абалга жеткирүү менен адамдарды барымтага алып, массалык ээнбаштыктарды жасаган,-деп баса белгиледи мамлекеттик айыптоочу.

Сотто ошол окуяга туш болуп, жакындарынан айрылган тогуз жабырлануучу көрсөтмө берди. Алар өз туугандарын “Санпа” заводуна топтолгондор кыйнап, мууздап, көзүн оюп, тишин күбүп, кулак-мурдун кесип, өрттөгөнүн айтып чырылдашып, мына ушундай мыкаачыларды коргоп жаткандарга нааразы болушту. Соттун эскертүүсүнө, тартип сакчылардын аракетине карабай, туугандарынан айрылган адамдар соттолуучулар менен алардын жактоочуларына тил тийгизип, акаарат сөздөрү менен коркутуп- үркүтүп турушту.

Окуянын күбөсү болгон Рустам Абжапаров темир капаста олтурган соттолуучулардын кимиси жүргүнчүлөргө ок атып, кайсынысынын колунда кандай курал бар экендигинен санап айтып берди. Анын өзүн эки жүз метрге дейре уруп-согуп барышкан. Ал жолго топтолгон 750 адамдын ичинен 250дөй адамда курал-жарак болгонун ачыкка чыгарды:
Жалал-Абаддагы коогалуу күндөр, 17-июнь.

-Ок “Санпа” жактан чыкты. Атканда эле ок машинанын маңдай айнегин тешип өттү. Кайнагамды кармап калышкан ал жерде, жүрөк оорулуу болчу. Кайра артына кайткан автомашиналарды буудайдын ичинде туруп алып атып жатышты. Жөн эле өлтүрүп коюшса мейли болчу, көзүн оюп...,-деп көрсөтмө берип жатты жабырлануучу Рустам Абажапаров.

Соттолуучулар өз кезегинде айыптарын мойнуна алышкан жок. Айыпталуучулардын бири Салиев 13-июнда “Санпа” заводунун жанында болгондугун четке какты:

Мен Санпа дегенди тааныбаймын, Сузакты да жакшы билбейм, 7- класска чейин Ташкенде болгом. Аскерден келгенден кийин он эки жылдан бери Владивостокто иштейм. Мен бул ишке чыкканым да жок, катышканым да жок. Мени Санпанын кайсы жеринен көргөнсүз?

- Мени чынжыр менен байлап чаап атканыңда ошол жерде көргөнмүн сени,- деп жооп айтты Рустам Абжапаров сөөмөйү менен темир тордо олтурган соттолуучу Б. Жалаловду көрсөтүп. - Ошо киши ок таркатып аткан, мынабу четте, ортодо, алды жакта отургандарды да көргөм, колдорунда чапкы болгон.

Дагы бир соттолуучу: "Мени атты деп жатасыз, мен ал жерде болгон эмесмин. Жалган көрсөтмө бербең, кудаадан коркуң",-деп сүйлөдү.

Р. Абдужапаров ага дагы: "Сен аткансың, жаныңда дагы бир жаш бала бар болчу бензин кармап турган",-деп айтты.

Жабырлануучу Бакыт Арапов айыпталуучуларга жогорку жаза чектөөнү соттон өтүндү:

- Биздин Кыргызстандын келечегин курабыз деген балдар ушулар. Жолдо келатып эжебиз кайтыш болду, ошо жерде өлтүрүлгөн, кийин дагы бир эжебиз өлдү. Жээним жарадар болгон, ал эки жаш баласы менен Ошто калды.

Окуя маалында иниси набыт болгон Байыш Асанов Ош – Бишкек жолунда кылмыш жасап, кийин чет жактарга качып кеткен сузактык адамдарды таап, жазалоону талап кылды.

Сузак райондук көчмө сотунун эмки олтуруму 14-октябрда улантылат. Мындай чечимдин кабыл алынышына коопсуздук маселеси менен соттолуучулардын толук катышпаганы себеп болду.

Жабырлануучу Раиса Бейшеева көрсөтмө берип жатып, боздоп-сыздап ыйлап жиберди. Анын өмүрлүк жубайы автоунаасы менен жолго чыккан бойдон кайтпай калган. Күйөөсүнүн сөөгүн кыйла күндөн кийин көзү оюлуп, кулагы, мурду кесилген абалында өлүкканадан табышкан. Анын көрсөтмөсү сот залында олтургандарды дүүлүктүрүп, туугандарынан айрылгандардын арасында кыйкырык- сөгүнүүнү күч алдырды.

Сот жабылганда темир капаста турган соттолуучуларга жулунгандар да болду. Алардын арасына тартип сакчылары менен милициянын аскерлери түшүп, арачалап калышты. Соттолуучулар менен бирге алардын жактоочулары да айыпталуучулар убактылуу кармалып турган Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратына кире качып, кутулушту.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG