Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Таратылган Жогорку Кеңеш аракетте


Таратылган парламенттин кезексиз жыйынына катышкан депутаттар - Гүлжамал Султаналиева (Коммунисттер фракциясы) жана Галина Куликова ("АК Жол" фракциясы).
Таратылган парламенттин кезексиз жыйынына катышкан депутаттар - Гүлжамал Султаналиева (Коммунисттер фракциясы) жана Галина Куликова ("АК Жол" фракциясы).

Убактылуу Өкмөт тараткан парламенттеги "Ак Жол" жана коммунисттер фракцияларынын депутаттары Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын өткөрүп, жаңы төрага шайлашты. Убактылуу өкмөттү тааныган чечимин чыгарышып, өздөрүн легитимдүү бийлик органы деп жарыялашты.

Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаган 7-апрелдеги окуялардан кийин бириккен оппозиция өлкөдөгү бардык бийликти жана жоопкерчиликти өз колуна алып, Убактылуу өкмөт түзүп, өзүнүн биринчи декрети менен Жогорку Кеңешти таратып, Өкмөттү, Президенттин катчылыгын жана аппаратын жоюп жиберген.

Эми андан 12 күн өткөндөн кийин таратылган парламенттеги "ак жолчу" жана коммунист депутаттар эсине келишип, Бишкекте "Ак Кеме" мейманканасына кезексиз жыйынга чогулушту. Жыйынга баардыгы 30 депутат катышты, ошондой эле алар дагы 19 депутаттын ишеним каттары колунда экенин билдирип, кворум бар деп эсептешип, жыйынды башташты.

Исхак Масалиев
Кезексиз сессияга ЖКнын төрагасы Зайнидин Курманов дагы чакыртылган экен, бирок ал ЖК Убактылуу өкмөттүн декрети менен жоюлганын билдирип, келүүдөн баш тартканы айтылды. Ошондуктан депутаттар З. Курмановду үч орун басары менен кошо кызматтан бошотуп, төрага кылып коммунисттердин лидери Исхак Масалиевди шайлашты.

"Акжолчулар" жана коммунисттер Роза Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөттү тааныган Токтом кабыл алышып, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды стабилдештирүүгө тез арада чара көрүү, коомдук тартипти сактоо, басып алуучулук, бирөөнүн менчигин тартып алуу аракеттерине бөгөт коюу жөнүндө тапшырма берди.

Бул жыйынга катышкан депутаттар Жогорку Кеңеш Убактылуу өкмөттү мыйзамдаштыра турган, алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө өбөлгө түзүп, учурдагы туңгуюк кырдаалдан укуктук талаага чыгара турган мамлекеттик бийликтин легитимдүү бутагы экенин эскертишти.

- Кандай десе да да Жогорку Кеңеш легитимдүү орган. Ушуну түшүнүш керек. Биз ушул убактылуу өкмөттү бекитип бергенге даярдыгыбызды жарыялап атабыз. Бул өкмөттүн жумушуна биз тоскоол кыла албайбыз. Кылбайбыз дагы,- деди Исхак Масалиев.

Токтайым Үмөталиева
Убактылуу өкмөт тарабынан таркатылган парламенттин депутаттары өткөргөн жыйынга Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева катышты. Ал ЖКнын чечими Убактылуу өкмөт ойлоно турган маселе экенин “Азаттыкка” билдирди:

- Убактылуу өкмөт ойлонушу керек. Буларга мына балдар канын төгүп, бийликти алаканына келип тапшырышты. Алар жанагы баш-аламан декретти жазышты. Ошонун азабынан бир-эки жумадан бери баш-аламандык болуп атат. Эми парламент өзү чогулуп келип, «Ак-Жолубу» же «Көк-Жолубу», элдин коопсуздугу үчүн деп буларды мыйзамдаштырып берип атат. Силер «законныйсыңар» деп. Эми ушундан кийин да алар чалкасынан кетишсе, анда мен буларды мамлекетке каршы чыккан чыккынчылар деп эсептейм.

Убактылуу Өкмөттүн жетекчилиги өзүнүн биринчи декрети менен таратып жиберген парламенттин бүгүнкү чечимине кандайдын бир жооп айта элек.

XS
SM
MD
LG