Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:53

Кыргызстанда жылына расмий түрдө 15-17 жаштагы секелектер арасында 1 200 бойдон алдыруу катталат. 2011-жылы миңден ашуун баланы 15-17 жаштагы секелек энелер төрөгөн. Ал эми Евразиядагы мамлекеттердин ичинен 19 жашка чейинки төрөгөндөрдүн саны боюнча Кыргызстан 5-орунду ээлеген жана өсүү гана үстүндө.

БУУнун калкты жайгаштыруу боюнча фонду (ЮНФПА) болсо эстрада ырчылары менен бирге Кыргызстанда эртелей эне болуу, секелек кездеги кош бойлуулук маселесине коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында июль айынан октябрга чейин атайын кампаниясын баштады. “Азаттык” 31-июлдагы таңкы "Арай көз чарай" талкуусун ушул темага арнады.

Талкууга врач, акушер-гинеколог Жанара Сыдыкова, ырчы Каныкей жана Оштогу “Ак жүрөк” моралдык-психологиялык борборунун жетекчиси Дарийка Асылбекова катышты.

“Азаттык”: Бул маселени быйыл “Бир дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо борбору иликтеп чыкты. Ошол иликтөөдө 15-16 жашында төрөгөн кыздар башынан өткөргөн окуясын жазып беришкен.

Биринчи кыздын баяны

- Мен ата-энемдин макулдашуулары менен турмушка чыккам. Алар мени колунда бар тууганыбызга беришмекчи болуп, сен эч нерседен кем болбойсуӊ, акча табам деп башыңды оорутпайсыӊ деп көндүрүштү, мен макул болдум. Анда мен 16 жашта, күйөөм 21 жашта болчу. Молдо нике кыйып атканда канча жашта экенимди сураган жок. Менин ата-энем деле, күйөөмдүн ата-энелери деле мыйзам бузулуп жаткандыгын билишсе керек, бирок эч бири каршы болгон жок. Мен 9-классты гана бүттүм. Эч кандай адистигим жок. Турмушка чыккандан бери бойдо болтурбоо каражаттары менен сактанып көргөн эмесмин. Бардык кош бойлуулугум эч кандай пландаштырылган деле жок. Күйөөгө чыккан төрт жылдын ичинде үч бала төрөдүм. Улам кийинки боюма болгонун айтканымда, төрөгүн дешти, мен төрөй бердим. Ооруп-сыркап деле жүрдүм, албетте. Кош бойлуу кезимде бутум шишип кетчү. Эрте турмушка чыккандыктан ден соолуктан, окуп иштөө мүмкүнчүлүгүмдөн айрылдым.

Экинчи кыздын баяны

- Мен 16 жашымда кош бойлуу болдум. Жакындарым 20 жума болгондо билишти. Кош бойлуулук маселесин мен өзүм чечүүгө аракет кылган жокмун – аябай уялдым, корктум. Башында бойдон алдыргым келди, бирок төрөөгө туура келди. Анткени кош бойлуулук мөөнөтү чоң болгондуктан, дарыгерлер макул болушкан жок. Жигит болсо дароо башка кызды жандады. Туугандарымдын мамилелери да кайрымсыз, таш боор болду. Бардыгы жаман көрүштү, эч ким, эч качан жардам берүүгө аракет кылган жок, баланын жоопкерчилиги бүт өзүмдүн мойнумда болду. Туугандарым кемсинтишип, айыпташты, баланы өзүң бага албасаң берип салабыз деп коркутушчу.

Үчүнчү кыздын баяны

- Мен бир жигит менен сүйлөшүп жүргөм, кийин уруша кеттик. Ага жиним келип башка менен жаттым. Ал 23 жашта болчу. Эч кандай бойго болтурбоочу каражаттарды пайдаланган жокмун, ал оюма да келген жок. 15 жашымда боюмда болуп калды. Мен коркуп кетип, теңтуш кызыма айтсам, ал апасына айтып коюптур, андан менин апам угуптур. Биз бойдон алдырып салалы дедик. Бирок дарыгерлер болбой коюшту, кийин төрөбөй каласың деп. Баланын атасы үйлөнүүдөн баш тартты, баланын атасы мен эмесмин деп чыкты. Өз жигитимден айрылып калдым. Кош бойлуулукка байланыштуу мектепти таштадым, мугалимдер үйгө келишсе, атам аларды киргизбей койду. Атам мени абдан урушат, эмдигиче дүкөнгө да жибербейт. Мен ал жумушта жүргөндө гана үйдөн чыгам.

Мен күйөөсүз төрөгөнүм үчүн бейкапар жашоомдон кол жуудум. Тилектерим таш капты. Мен актриса болууну каалачумун. Апам бактысыз, атам – ачуулуу болду. Кээде мен жашагым да келбей кетет.

"Эсиң барда этегиңди жап"


“Азаттык”: Секелек кезде бойго бүтүү, төрөө жылдан жалга өсүп атканы айтылат. Ушул чынбы?


Жанара Сыдыкова: Чын эле мындай көрүнүштөр жылдан жылга өсүүдө. Өспүрүм курагында бойго бүткөндөр деп биз 13 жаштан 19 жашка чейинкилерди айтабыз. 13-14 жаштагылар боюна бүтүрүп алса критикалык, эрте бойго бүтүү деп айтылат.

Мындайлар өтө көп деп айткандан алысмын, бирок катталып жатканы өкүнүчтүү. Азыркы учурда өспүрүмдөр, кыздар тез жетилип жатат. Интернет, телевидениеден ар кандай маалыматтарды көрүп, аны өздөрүнө кабыл алып, иш жүзүндө аткарганга аракет кылып жатышат. Канча өспүрүм бойдон алдырып атат деген суроого так жооп табуу да кыйын. Анткени шаарда канчалаган жеке клиникалар бар. Ошол жакка баргандар болот.
Талкуунун биринчи бөлүгү



Дарийка Асылбекова: Жанара айым туура айткан биринчи фактор. Экинчиден, ушул курактарда кыздарды кароосуз калтырып жатат. Алар эне тарбиясын албай калып жатат. Үчүнчүдөн, айрым ата-энелер ушул жаштагы кыздарын тарбиячы, бала багуучу катары бирөөлөргө берип коюп жатат. Ошол жерде боюнда болуп калган учурлар бар.

Ошондуктан эң биринчиден кызын ушундай акыбалга алып келген энеси күнөөлүү. Калктын санын алганда учурда катталып жаткан учурлар өтө көп. Эгер бул маселе ушундай бойдон кете берсе билбейм келечекте кандай болот?! Бул маселеде эч ким эч качан жазага, уят-сыйыттуу нерсеге тартылбай жатат. Боло берет экен дегендей мамиле болууда. Мисалы, 14 жаштагы бирөө төрөдү. Кошуналарынын ошого эле окшогон кыздары бар. Алар деле боло бергендей, кадимки көрүнүш катары кабылдап калды. Ушундай жагдайлар да таасир этип атат.
Талкуунун экинчи бөлүгү



Каныкей: Бул өтө орчундуу маселе болгондуктан кыздарды уялтып, ташбараңга алуу туура эмес. Учурда энелер күнөөлүү деп айтып жатабыз. Энелерден да мурда мамлекет дегеле бул маселеге көңүл буруп жатабы? Эгер ушул багытта маалымат болсо энелер да, өспүрүмдөр да ушундай жолго бармак эмес деп ойлойм. Мисалы, кош бойлуулук деген эмне, эрте жетилүү деген кандай, жаш кыз эрте боюна бүтсө эмне болот деген сяктуу суроолор боюнча маалымат жеткирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк балдардын аң-сезимине жетет. Батышты, интернетти күнөөлөгөн менен биз чектей албайбыз, же Кыргызстанды бүтүндөй тосуп сала албайбыз да.

Менталитетке, элибиздин өтө эле уялчаак болгонуна байланыштуу ушул маселе боюнча маалымат берүү болбойт экен. Бирок уялып, жашынып алып бойдон алдыруудан мурда мектептерде сабак өтүп, анан уялбай жашасак жакшы болмок. Секелектер арасында жылына 3 миң бойдон алдыруу болорун биз жакында эле уктук. “Эсиң барда этегиңди жап” дегендей мектеп курагында ушундай сабак өтүү туура деп ойлойм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG