Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Улуу Памир - 35: Коммунизм vs апийим


Апийим үчүн карызга кетип жаткан кыз, 1970-жылдар, Ооганстан.
Апийим үчүн карызга кетип жаткан кыз, 1970-жылдар, Ооганстан.

1920-30-жылдары oоган кыргыздары каапыр коммунисттерден качып, Памирдин как эткен карга учпаган Вахан тилкесине барып баш калкалаган эле. Жарым кылымдан соң советтик армия Ооганстанга басып кирээрдин так алдында алар ханы менен Пакистанга ооп кеткен. Бул үркүнгө бир гана коммунизм түрткү болгонбу?

КИРИШ СӨЗ

УЛУУ ПАМИР 35 – Коммунизм vs Апийим
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:59 0:00
Түз линк

Ооганстанда 1978-жылы коммунисттер бийликти басып алгандан көп өтпөй, Памир кыргыздарынын көбү бейтааныш Пакистан жергесине ооп кетишти.

- Орустар биздин душман болчу. Кала берсек, орустар басып кирип, бизди өлтүрүшү мүмкүн эле, - дейт оогандык кыргыз.

Бирок бул үркүнгө түрткү болгон коммунизмден башка да жагдайлар болгон шекилдүү. Бул кыргыз таануучунун айтканы:

- Соодагерлердин аркасы менен атайлап апийим алып барып таркаткандардын кесепетинен улам, эл апийим чеккенге көнүп кеткен. Ошондон улам бул элди башкаруу мүмкүн болбой калган.

Ушуга караганда, Ооган кыргыздарын коммунизм ордунан козгодубу, же ага чейин эле нарктуу кыргыз элине баңгилик бүлгүн салган беле.

БАҢГИЧИНИН КЫЗЫ

Алыстан кишилер келди. Эркектер аларды тосо чыгып, аттарын алышты. Бирок көптүн кабагы салыңкы. Тээ ылдыйдагы өрөөндөн ашуу ашып, узак жол жүрүп келген тили буруу соодагерлер дароо эле Рахманкул хандын ак өргөөсүнө жөнөштү. Алар хандан айылдагы Акмаматтын апийим үчүн карызын доолашмакчы, эл ичинде Акмамат карыздын ордуна кызын берет экен деген кеп таркаган.

Жутта малынан айрылган бай баңги болуп кетип, апийим үчүн карызга экинчи кызын бере турган болду.
Жутта малынан айрылган бай баңги болуп кетип, апийим үчүн карызга экинчи кызын бере турган болду.
Ал эми жупуну боз үйдөгү тыкан жыйылган жүктүн алдында кызыл келекчен кыз ыйлап отурат. Чыканактай болгон кара тору кыз «күйөөгө берсеңер сууга чөгүп өлөм» деп көз жашын көлдөтөт.

Тарыхта болгон бул окуяга этнограф Профессор Назиф Шахранинин «Жоголуп бараткан дүйнө» сериясындагы даректүү тасмасынан күбө болобуз. Ысмы бизге белгисиз бул кыздын атасы Акмамат бир кезде бай болгон:
Акмамат доогерлерге алгач малын берди, анан улуу кызын берди. Ал кызы өрөөндөгү ысыкка чыдабадыбы бейм, айтор өлдү деген суук кабар келди. Азыр көпчүлүктүн катарында Рахманкул хандын малын багып, күн көрөт.

Эми минтип көкүрөк күчүгүн балакатка жете элегинде карызы күйөөгө берүүгө мажбур болуп, күл чукуп отурат.


БҮГҮНКҮ АЧУУ ЧЫНДЫК

Баңгилик бүгүн да Ооганстанда калган кыргыздардын арасында чоң көйгөй экендигин ал жакка каттагандар айтышат. Кийинки кездери аялдар арасында апийим чеккендер да пайда болду. Мындан төрт жыл мурда ооган Памиринде болгон швецариялык ишкер Бернард Репонд аялдардын турмушу өзгөчө оор экендигин баамдаган:

– Биз күлгөн бир да кыз-келинди көрбөдүк. Аялдар таң заарынан туруп, суу алып келишет. Суу ташыган аялдын иши. Кышында музду чагып, суу көтөрүп келишет. Эркектер эчтеке кылышпайт. Койчулар мал менен болушат, калгандары - топ башылар чай ичишет, анан апийим чегишет. Баары деп айтпайм, бирок чеккендердин саны алар үчүн көптүк кылат, - деп айтты мага ооган кыргыздарын көп жылдардан бери билген Репонд мырза жакында Швецарияда жолукканыбызда.

МАҢЗАТТЫН РОЛУ

Ооган кыргыздары СССРдин курамында калган урук-туугандары менен 20-кылымдын орто ченинен тарта караманча катыша албай калган. Бара-бара турмуштары оңолуп, төмөнкү өрөөндө жашаган вахи эли менен соодасы өсүп, алтургай Кабулга күтүрөтүп мал сатып, турмуштары тыңыган. Бирок бара-бара арасында баңгиликке оогондор көбөйүп, ооган падышасы Памир сакчылары деп кадырлаган кыргыз эли ичинен ирий баштаган.

Ооган кыргыздарында баңгилик канчалык жайылган? Алардын акыры экиге бөлүнүп, бир канатынын Пакистанга тентип кетишинде баңгиликтин ролу канчалык болгон? Окумуштуулар дал ушул боюнча ача пикирде.

Күбөлөрдүн айтымында, Рахманкул хан өзү эч качан апийим чеккен эмес. Ханды көп жылдар билген профессор Назиф Шахрани Рахманкул хан эч качан апийим чеккен эмес дейт:

- Рахманкул хан тамеки гана чекчү. Тамекиге Кытайда көнгөн экен. Ал жакта элдер сүйлөшкөндө бири-бирине тамеки сунат деп айтып калчу. Өмүр бою тамекисин таштаган жок.

Ооган Памириндеги баңгиликке тууган жерди сагынуу, бөтөн элдеги камалган жашоо, тоо башындагы өтө катаал жаратылыш шарты түрткөн болушу ыктымал. Бирок Шахрани кыргыздар өздөрү эгин өстүрө албагандыктан, вахилерге көз каранды болгон сырткы факторлорду күнөөлөйт:

- Пуштун, тажик, кээде өзбек соодагерлери Ооганстандын башка жактарынан келип, ушул кырдаалдан пайдаланышкан - кыргыздардан жүн, май, сүт, кийизди апийимге алмаштырып турушкан. Апийим акчанын ордун баскан. Кыргыздар апийимге кынык алышкан, ошондой эле суук тийгенде дары жок апийимди дары катары колдонушкан. Коңшулаш вахилер келип азгырышкан, ошентип алар менен чогуу апийим чегишкен.

Памир кыргыздарын изилдеген профессор Сулайман Кайыпов да ооган кыргыздарынын баңгиликке ооп кетиши үчүн коңшу элдердин соодагерлерин күнөөлүү деп эсептейт:

- Бангичиликке, апийим чеккенге каршы турган жалгыз Рахманкул болгон, апийим чеккендерди жазалайм деп аракет кылган. Бирок эл соодагерлердин аркасы менен атайлап апийим алып барып таркаткандардын кесепетинен улам апийим чеккенге көнүп кеткен.

Бишкектеги Чүй университетин жетектеген профессор Кайыповдун ишениминде, ооган кыргыздарынын Памирди таштап, Пакистанга кетишине дал ушул баңгилик түрткү болгон. Анын сөзү боюнча, Рахманкул хан баңгиликке берилип кеткен элинен катуу көңүл калды болуп, Пакистан тарапка кетип калууну чечкен, бирок уруулаштары аны артынан ээрчип алган:

- Рахманкулдай хан элге анча керек болбой калган, Рахманкулга дагы андай элди башкаруунун кажети деле жок болуп калган. Ошондуктан хандык өзү ичинен чирип, ичинен кыйрап бүткөнүн билгенден кийин мен өзүм эле Пакистанды көздөй көчүп кетем деген жыйынтыкка келген, бирок аны угуп калышып, “сиз жок кантип жашамак элек” деп кичи памирлик кыргыздар ээрчип алышкан.

Рахманкул хан башында Пакистанга өзү кетип калгысы келгендигине башка да кыйыр далилдер бар. “Азия Ньюс” гезитиндеги макаласында Давут Эгемкулов Рахманкул хандын керээз катынан үзүндү келтирет. Анда хан элине “Мени ээрчибегиле деп айтса, болбой койгонсуңар” деп айтылат:

- “Элим, силерди Ооганстандан Пакистанга өтөөрүмдө койгула, калгыла дедим, Силер сенден калбайбыз деп ээрчип алдыңар. Силердин мага болгон ишеничиңерди, урматыңарды тиги дүйнөгө өзүм менен кошо ала кетем. Силердин ишенчиңерди актай алдымбы, жокпу билбейм, ага өзүңөр күбөсүңөр.”
(1990-жыл, 25-июн) (“Рахманкул хан – Орто Азиянын акыркы ханы!”, Азия Ньюс, 22-август, 2013-жыл, Нр. 12.)

Былтыр Бишкекте Рахманкул Хандын 100 жылдыгында уюштурулган көргөзмөдө анын мурас катынын компютерде кирилицада терилген көчүмөсү коюлду. Ал каттан сиздин кабарчы жогоруда келтирилген сөздөрдү таба алган жок. Бул каттын түп нускасы араб арибинде жазылып, азыр балдарынын колунда сакталуу болуш керек. Рахманкул хан Түркияда 1990-жылы 77 жашында көз жумган.

КОММУНИЗМ МЕНЕН ТЕҢДЕШСИЗ КАРМАШ

Батышта көпчүлүк аалымдар Рахманкул хан орустардын басып келээрин алдын ала билип, коммунизмден качкан деп эсептешет.

АКШнын Индиана университетинин профессору Назиф Шахрани Рахманкул хан өмүр бою баңгилик менен кармашып келгенин ырастады. Бирок ал кыргыз кесиптеши профессор Кайыповдун ооган кыргыздарынын Пакистанга кетишинин башкы себеби баңгилик болгон деген пикирине караманча кошулбайт:

- Сулайман Кайыпов эмне үчүн андай дегенин билбейм, бул туура эмес.

Шахранинин айтымында, Рахманкул хан өзү эле кеткиси келгендиги чын, бирок ал биринчи кезекте коммунисттерден качкан.
Ооганстан Демократиялык Республикасындагы парад




Рахманкул хан 1978-жылдын апрелинде Кабулда Саур төңкөрүшүндө бийлик алмашканын укканда тун уулу Вакилди Ооган памириндеги эң жакынкы ири шаар болгон Бадахшандын борбору Файзабадга кабар алууга жиберген. Вакилден ал Кабулда бийликке коммунисттер келгенин билет. Ошону менен ал ошол эле жылы эрте күздө Пакистанга кетүүнү чечет.

Назиф Шахрани: Вакил Кабулда ооган коммунисттери бийликти алганын айтып келет. Коммунисттик төңкөрүштүн башчылары Хазифулла Амин, Нур Мухаммед Таракилерди Рахманкул тааныган, алар тууралуу кабардар болгон. Ал Улуу Памирдеги элге кабар айттырбайт, анткени ал жактан советтик чек арачылар кол салышы мүмкүн эле. Ошону менен Кичи Памирдеги элине «мен бала-чакам менен тоону ашып кетейин, жардамдашкыла, малды алып калгыла, ушул жакта кала бергиле, коммунисттер силерге тийбейт» деп айтат.

Рахманкул хан үналгыдан дүйнө кабарлары менен катар, советтик программаларды да кармап уккан жана ошонун аркасы менен өзүнө каршы пропагандадан жакшы маалымдар болгон. Сүрөттө: Хан колдонгон Panasonic үналгысы, көргөзмөдөн сүрөт, Бишкек 2013-ж.
Рахманкул хан үналгыдан дүйнө кабарлары менен катар, советтик программаларды да кармап уккан жана ошонун аркасы менен өзүнө каршы пропагандадан жакшы маалымдар болгон. Сүрөттө: Хан колдонгон Panasonic үналгысы, көргөзмөдөн сүрөт, Бишкек 2013-ж.
СССРдин колдоосу менен Кабулда бийликти басып алган ооган коммунисттери эч качан Памирге жеткен эмес, бирок баскынчылык мезгилинде советтик танктар Тажикстан аркылуу Вахан тилкесинин түндүк-чыгыш кыйырына чейин кирип келип, Дүйнө Чокусуна кызыл байрак орноткону маалым. Ошондуктан Рахманкул хандын Памирден эртелеп көчүп кеткенин анын көрөгөчтүгү деп билишибиз керек. Ооган кыргыздары Пакистанга өтө качканда, Ооганстанда башка бир да эл ордунан козголо элек болчу.

Шахрани 1970-жылдардын башында Памирге барып, Рахманкул хандын айылында эки жылдай жашаган. Ошондо эле хан ага коммунисттерден чочулаган мамилесин айткан.

Рахманкул хан: Памирде коммунисттерди анча каалашпайт. 500 чакты кишиден балким 10 чактысы гана, кедей-кембагалдар коммунисттерге жан тартышы мүмкүн.

Коммунизм коркунучу тууралуу убагында Рахманкулдун уулу Акбар да айткан. Британиялык Гранада телеканалынын 1980-жылдардын башында чоң экранга чыккан “Ооганстандан үрккөндөр” аттуу тасмасында Акбар чет элдиктерге мындай түшүндүрмө берген (сүйлөө өзгөчөлүгү сакталды).

- Биз калсак өлтүрөт эле. (ред: Ооганстандын мамлекет башчылары) Даутхандын, Заирхандын убактыда Ооганстан исламдык, демократик жумурият эле. Кийин ватан (ред: ата-мекенди, мында Ооганстанды) сатар коммунисттер чыгып, биздин ватаныбызды сатып жиберди. Ошол сабаптан биз кетүүгө мажбур болдук. Орустар биздин душман эди. Онда турсак, орустар басып кирип, бизди өлтүрүшү мүмкүн эле.

Рахманкул хан өрөөндөн келген соодагерлер менен
Рахманкул хан өрөөндөн келген соодагерлер менен
Ошол эле убакта, азыр Түркиянын Ван университетинде көркөм өнөрдөн сабак берген Рахманкул уулу Акбар Кутлу мында өз үй-бүлөсү тууралуу гана айтканы, же бүтүндөй ооган кыргыздарына коркунуч келди дегени анык эмес.

Профессор Шахрани биринчи кезекте Рахманкул хандын жеке өзүнө коркунуч келгендигин танбайт. Канткен менен Рахманкул хан убагында советтик түрмөдө жарым жыл жатып чыккан, анын атасын советтик чек арачылар уулантып өлтүрүүгө аракет кылган, ал советтик, кийин кытай коммунисттеринин чек арачылары менен чабышып турган. Ошентсе да, Рахманкул хан болгон менен, анын кол алдында бир ууч гана эл болгон, 40 чоросу болсо болгондур, бирок армиясы болгон эмес. Ошого карабастан, андан дүйнөлүк держава болгон Советтер Союзу сестенип турган.

Шахранинин ишениминде, Рахманкулдун сырткы дүйнөдө кеңири таанымал болгондугу Москванын жинин кашайткан:

- Коммунисттер өзүнүн гана эмес, жакындарынын да, ымалалаштарынын да жанын койбой тургандыгын Рахманкул хан билген. Ал СССРге ошончолук эле залака келтирген эмес, болгону Кремл Рахманкул хандын Вахан тилкесиндеги кадырын, Ооганстандын падышасы жана бийлик өкүлдөрү менен майдай-сүттөй мамиледе болгонун көрө алган эмес.

СӨЗ СОҢУ

Өйдөдө сөз кылган ооган Памириндеги атасы баңги кыздын тагдыры кантти экен дээрсиз. Тили буруу доогерлер менен соодалашып атып Рахманкул хан Акмаматтын карызын кечтирип, кызын алып калган. Ошондо энеси бурчта ыйлап отурган кызына келип, мында эле калдың, кыргызга күйөөгө тийесиң” деп соороткон экен. Даректүү тасмадагы бул кыздын кийинки тагдырын билүү мүмкүн болгон жок.

АЯГЫ

XS
SM
MD
LG