Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:40

Багбандын үмүтүн үзгөн жазгы үшүк


13-апрелде жааган кар. Бишкек,14-апрель.
13-апрелде жааган кар. Бишкек,14-апрель.

Кыргызстанда жаздын кап ортосунда кар жаап, күн кескин сууп кетиши мөмөлүү өсүмдүктөргө зыян келтирип, эрте эгилген жашылча жемиштерди үшүк алып кетти.

Кеткиси келбеген кыш

11-апрелден тарта өлкө боюнча катуу жааган жамгыр, 13-апрелде кээ бир райондордо карга айланды. Кар негизинен түндүк облустарга түштү. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында кар жаабаганы менен абанын температурасы кескин төмөндөгөн.

Жалал-Абаддын Ноокен районундагы жеке дыйкан чарбанын ээси Муктар Молдобаев бул суук айрыкча жашылча жемишке көп зыянын алып келгенин “Азаттыкка” айтып берди:

- Марттын аягынан баштап бадыраң, помидор, айрымдар пахта-жүгөрүнү эгип коюшкан. Тигип койгон бадыраң, помидорлорду үшүк алды. Аларды эми кайра тигиш керек.

Дыйкандардын пикиринде, тиешелүү мамлекеттик органдар аба ырайын алдын-ала маалымдап, үшүк болгондо кандай аракеттерди көрүү керектигин айтып турса, дыйкандарга кыйла жеңил болмок.

Кыргызгидрометереология агенттигинин билдиргенине караганда, бул күндөрү абанын температурасы минус алты градуска чейин төмөн түштү. Апрель айынын ортосунда абанын температурасы алты градуска чейин төмөндөгөн көрүнүш акыркы жолу 2008-жылы катталган.

Бул суук өзгөчө эрте гүл ачкан өрүктөргө коркунуч жаратты. Маселен, Баткен облусунун айрым райондорунун калкы быйыл өрүктүн түшүмүнөн үмүт үзүп отурган чагы. Баткен районунун Кызыл-Жол айылынын тургуну Ысман Султанмуратов буларды айтат:

- Бизде былтыркыга салыштырмалуу өрүк начар болчудай. Азыр да күн суук. Акыркы жамгырдын, сууктун таасири тийип, өрүктүн гүлү аз. Эми мунун бышканча дагы канчасы калаары белгисиз.

Ал эми өлкөнүн түнтүк райондорунда табият али ойгоно элек болгондуктан, бул сууктун жер-жемиш жана эгин-тегиндерге зыяны анчалык болгон жок. Бирок гүлдөп калган жемиштерди Бишкекте да үшүк алган.

Айыл чарба министрлигинин өсүмдүктөр бөлүмүнүн башчысы Аскарбек Сагынбаев буларга токтолду.

- Бул суук гүлдөп калган өсүмдүктөргө гана таасирин тийгизет. Мисалы, гүлдөгөн өрүк менен шабдалынын түшүмүн азайтты. Жашылча өсүмдүктөрүнө келсек, өзү Кыргызстанда 5-майга чейин үшүк жүрүшү мүмкүн. Муну дыйкандар өздөрү да билет. Ошон үчүн аларды парниктерде жана күнөсканаларда кармашат. Ал эми тигилип калган пияз, сарымсак жана капуста эч нерсе болбойт.

Күттүргөн жаз

Айыл чарба министрлигинин бөлүм башчысы Аскарбек Сагынбаев быйыл жаз былтыркыга караганда 20 күнгө кечигип жатканын кошумчалады.

- Кыштын узакка созулуп, былтыркыга караганда 15-20 күн кеч чыкканына байланыштуу быйыл өсүмдүктөр да кеч гүлдөп жатат. Былтыр бул убакта алма-алмуруттар гүлдөп калса, быйыл али бүчүр байлай элек.


Жаз демекчи, Кыргызгидрометереология агенттигинин билдиргенине караганда, 17-апрелден тарта күн жылый баштамакчы. Бирок быйыл апрель айында абанын температурасы жылдагыдан 5-6 градуска чейин төмөн болуп жатат.

Аталган агенттиктин бөлүм башчысы Махбуба Касымова алдыда дагы үшүк жүрүшү мүмкүндүгүн айтат:

- 15-16-апрелде да өлкөнүн түндүк райондорунда, атап айтканда Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 1-6 градуска жеткен суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бирок абанын температурасы акырындык менен жогорулай баштайт.


Ал эми коомдук ишмер жана элдик ыкма менен аба ырайынын шарттарын алдын-ала айтып келаткан Дастан Сарыгуловдун билдиришинче, быйыл жаз былтыркыга караганда кеч калды. Бирок башка жылдарга салыштырмалуу жаз мезгилинде келет:

- Быйыл жыз былтыркыдан жыйырма күн кечигип келип жатат. Анткени былтыр жаз эрте келген. Бирок быйыл жаз дыйканчылыкка жакшы болот. Себеби жаз эрте келгенде күн өтө ысып, жер кургап кетет. Менин эсебимде, 28-апрелде жаз толук кирип, өз укугуна ээлик кылып калат.


Ошол эле кезде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жааган жамгырдан жана кардан улам айрым тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүшү мүмкүн экендигин эскертип, айдоочуларды унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда.

XS
SM
MD
LG