Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар, имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйө менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай, туугандары башка жерден жай табышты.

Маркумдун кызы аны райондун имамы мусулман динине кайт деп мажбурлаганын, ачык мазактап-кодулаганын, атүгүл таш бараңга алуу тууралуу сөздөр да болгонун айтып берди. Имам болсо сөөктү көмдүрүүгө айыл эли каршы чыкканын жүйө келтирди.

Талаш-тартыштардан соң Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн жашырганга жер табылды. Бирок Өрүктү айылына таандык жерге сөөк жашырылгандан кийин ал жерде да жергиликтүү тургундар чогулуп келип каршы чыгып, натыйжада туугандары сөөктү кайра казып алган.

"Мени таш бараңга алмак"

Ала-Букадагы Сары-Талаа айылынын 76 жаштагы тургуну Каныгүл Сатыбалдиева 13-октябрда таң эрте көз жумган. Анын кызы Жылдыз Азаеванын айтымында, апасынын сөөгүн айыл мүрзөсүнө койдуртпай коюшкан. Ал акимчиликке, жергиликтүү кеңештин депутаттарына да кайрылган. Бирок сөөктүн мусулмандар мүрзөсүнө коюлушуна эң ириде райондун имамы каршы чыккан жана ал 14-октябрда жоон топ адам менен келип, Жылдыз Азаеваны ислам динине кайт деп мажбурлап, ачык эле кодулап-мазактаган. Ошол жерде таш бараңга алуу тууралуу да сөз болгон:

- "Ушул диниңден кайтасың, кайрадан мусулманчылыкты кабыл аласың" деп мажбурлашты. Анын баарын видеокамерага тартып алышты. Мен апам үчүн макул болдум. Мени аябай мажбурлашты, башкаларга да сабак болсун дешти. Келме айт деп, айта албай калсам "айта албайт турбайсыңбы" деп райондун имамы мазактады. Келмелерди айтып, динимден кайтарып алгандан кийин “бизге жер бересиңерби, табыт эки күндөн бери турат, жыттанып да кетти” десек “жок, биз жер бербейбиз, корооңорго көмгүлө, эмне кылсаңар ошону кылгыла” деди. Эч кимдин башына ушундай түйшүк салбасын. Райондун имамы "биз болгону сени диниңден кайтардык" деди. Эгер мен динимден кайтпаганымда эл мени таш бараңга алмак экен.

Баптисттер менен жергиликтүү элдин чыры иликтенүүдө

Ысык-Көл облусундагы Бактуу-Долоноту айылында баптисттердин унааларынын терезелеринин талкаланышы боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Жылдыз Азаеванын айтымында, ошол жерде жаалданган элди сабырдуулукка чакырган бирөө да болгон эмес. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, милиция кызматкерлери унчукпай карап турган:

- Апам он жылдан бери ошол китептерди эле окучу. Анын башка бирөөгө жамандыгы деле жок болчу. Атам менен жашаганына 50 жыл болду, атам 50 жылдан бери намаз окуйт. Жок дегенде 80ге чыккан ушул аксакалды аяп коюшса болот эле го. Ата-энемдин уул баласы жок, биз эки кызбыз. Кыздын колу кыска дегендей биздин колубуз, үнүбүз эч жакка жетпейт экен. Азыр эми үй-жайы жок бирөө өлсө деле аны бир жакка барып жашырышат. Кылмыш кылгандарды, террорчуларды деле көөмп жатышпайбы. Мышык-чычканды деле жерге жашырып коюп жатышпайбы. Апам Кыргызстандын жараны го! Биз адам өлтүрдүкпү? Көчөдө калдык беле? Уурулук жасадыкпы? Биз эч кимге жамандыгыбыз, залалыбыз жок эле тынч отурабыз го.

Райондун имамы Шумкар ажы Чыналиев болсо мазактады деген дооматты четке кагып, 14-октябрдагы маркумдун үйүнүн алдындагы окуяны түшүндүрүү иштери деп атады:

- Жергиликтүү аксакалдар биздин мүрзөгө койдурбайбыз деп топтолуп алып тополоң кылып акимчиликке келишкен. Биз башка жакка алып барып коёлу десек ошол жердеги мечиттердин имамдары каршы чыгып, тополоң кылышкан. Кыздары да башка динге өтүп кеткен экен. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. "Болду, бул динден кайттык, билген эмес экенбиз" десе деле эл көнбөй койду. "Силерге жер берилет, бирок апаңарды көмгөнгө жер бербейбиз" дешти. Башка айылдагы христиан дининдегилер жаткан жерге көмөлү деп сүйлөшкөнү барганбыз. Бирок алар да койдурбай коюшту. Эл биз аларды көмгөнгө уруксат берсек булар да ашынып кетет деп көнбөй коюшту.

"Аким эмес, молдо башкарабы?"

Райондун акими Сонунбек Акпаралиев буга чейин баптист агымындагы бир адам көмүлгөн дөбөгө жай даярдалып жатканын “Азаттыкка” маалымдады. Аким имамдын жоругу чектен ашты деген доомат териштирилет деп сөз берди:

- Азыр жер табылды. Мурдагы жылы бир баптисттин сөөгү коюлган жер бар, ошол жерди азыр казып жатышат. Казганга балдар кеткен. Ким мазактаптыр? Эми биз бардыгыбыз эле мусулманбыз, эгер баарыбыз эле башка динге кете берсек кандай болот? Имамдын мазактады дегенин билбейт экем, мен аны тактайынчы. Мен тактагандан кийин сүйлөшөлү.

Көп өтпөй Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн жашырганга жер табылды.

Бирок Өрүктү айылына таандык жерге сөөк жашырылгандан кийин ал жерде да жергиликтүү тургундар чогулуп келип каршы чыкканы, натыйжада туугандары сөөктү кайра казып алганга мажбур болгону, аягында башка айылдагы христиан дининдегилердин мүрзөсүндө жерге берилгени маалым болду.

Кадамжайда баптисттерди батырбай жатышат

Нааразылар христианчылыктын бул агымы үй-бүлөдө жана коомдо диний ажырым жаратышы мүмкүн деген кооптонушууда. Ал эми бул агымдын өкүлдөрү өз ишмердиги мыйзамга ылайык келгендиктен текшерүүгө каршы эместигин билдирип жатышат.

Кыргызстан дин эркиндигин тааныган өлкө. Укук коргоочу Турсунбек Акун дин тутуу эркиндиги боюнча эл аралык милдеттенме да бар экенин белгилеп, жергиликтүү бийликтин бул жааттагы иш-аракетин сынга алды:

- Кыргызстан дин эркиндиги боюнча эл аралык конвенцияны ратификациялагандан кийин ушуга жол ачылган. Ошондон кийин диндин баары козу карындай жайнап кеткен. Булар ошолордун бири. Негизи ратификация кылбашы керек эле. Кылгандан кийин динге эркиндик бериш керек. Дин эркиндигин сыйлаган мамлекет болгондон кийин аларга кичинекей болсо да жер бөлүп берүү керек. Ислам дининде деле сабырдуулук, чыдамдуулук, токтоолук деген бар да. Эгер бүгүн булар таш бараңга алып салса эмне болот эле? Биз укуктук мамлекетте жашап жатабыз да. Анан аким, анын орун басары "мунун баарын молдокелер чечип жатат, ушинтип жатса эмне кылабыз?" дейт. Губернатор, акимдер эмес, молдокелер башкарган заманда жашап жатабызбы?

Кыргызстанда башка динге өткөндөрдү кодулаган, өлсө көмгөнгө жер бербей койгон, үй-мүлкүн атайлап бүлдүргөн окуялар маал-маалы менен катталып турат.

Кыргызстанда баптисттердин ишмердүүлүгү 1907-1908-жылдары немис улутундагы үй-бүлөлөрдөн башталган. Ушул тушта алардын үч миңге жакын мүчөсү жана 50 сыйынуу үйү бар.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өтүп, Кыргызстанда расмий иш жүргүзүп жаткан 2800дөй диний уюм бар. Буга коомдук уюмдар, бирикмелер, фонддор, окуу жайлар, мечиттер, медреселер, чиркөөлөр жана ибадатканалар кирет. Анын 2000ден ашыгы ислам жаатындагы уюмдар жана мечиттер болсо, калганы христиан жана башка диндерге таандык.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG