Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

Кыргызстан өкмөтү арак-шарап ичимдиктерин өндүргөн ишканаларды көлөкөдөн чыгарып, мамлекеттик казынага түшкөн пайданы көбөйтүү аракетин көрүүдө.

Спирт жана алкоголь ичимдиктерин чыгарууну көзөмөлдөө боюнча өкмөт алдындагы агенттик арак-шарап чыгарган ишканаларга быйылкы жылга планды эки-үч эсе көбөйтө турганын билдирүүдө. Аталган агенттиктин директору Арстанбек Сагындыковдун айтымында, алкоголь ичимдиктерине салынган акциз салыктарынан мамлекеттик казынага түшкөн пайда жылына 300 млн сомго жетпей келген, эми жаңы жылда бул көрсөткүчтү миллиард сомго чыгаруу талабы коюлууда.

- 2011-жылга биз 605 миллион сом жалаң эле арак сатуудан түшүрөлү деп жатабыз. Андан кийин пивого импортту дагы көтөрсөк, ошондо эле бизге 366 миллион сом түшкөн жатат. Жалпысынан алкоголь тармагы боюнча бир миллиард сом быйылкы жылга пландадык,-деди Арстанбек Сагындыков.

Жаңы өкмөт арак-шарап чыгарган ишканалардын дээрлик баары көмүскөдө иштеп кынык алган деп доомат коюуда. Чынында эле өткөн жылы бир гана “Алсу” компаниясы менен Кара-Балтадагы спирт заводу тапкан кирешесин аздыр-көптүр көрсөтүшкөн. Калган ишканалар кирешесин катып калышкан, себеби арак-шарап чыгарган ишканалар пайда таппай калды дегенге эч ким ишенбейт дейт Арстанбек Сагындыков.

Өкмөт коюп жаткан дооматтарга ишшкерлердин дагы жообу даяр. Мисалы спирт ичимдиктерин эң көп чыгарган ири “Аюу” компаниясынын баш директору Бейшен Өскөнбаев тапкан пайданын баары заводдун өндүрүштүк-материалдык базасын жаңы жабдуулар менен чыңдоого кеткенин жүйөө тартат.

- Бизде жапан, англис, герман, америкалык жабдуулар турат. Азыркы убакта Орто Азияда биздикиндей завод жок. Акчаларыбызга машина минип же самолет албай, суперзаманбап жабдууларды коюп алдык. Беш-он жылда канча көп акчаны салсак, ошонун кайра үзүрүн көрөбүз,-дейт Бейшен Өскөнбаев.

Бул жылы ишканаларга кирешеден салык төлөө планы 23 млн сом болуп көрсөтүлдү. Ошондой эле анча күчтүү эмес алкогол ичимдиктерин сатуудан келчү пайда 30 млн сом болуп пландаштырылды.

Алкоголь ичимдиктерин чыгарууга көзөмөл кылган мамлекеттик агенттик бул тармактын пайдасын буга чейин мамлекет башында турган президенттердин үй-бүлөсү гана көрүп келген деп билдирүүдө. Атап айтканда адегенде бул кирешелүү тармакты майкандаган экс-президент Акаевдин уулу Айдар Акаев менен күйөө баласы Тойгонбаев болгон дешет. Андан кийин алардын ордун баскан Максим Бакиев болгону айтылат.

“Аюу” компаниясын башкы директору Бейшен Өскөнбаев бул сөздөрдүн чындыгы бар, бирок куттуу орунду куру койбойт дегендей, алар кеткен менен азыр текшерүүчүлөр жана башкалары алып жатат дейт.

Ошондуктан арак-шарап чыгарган ишканалар өз кезегинде коррупцияга түрткөн негизсиз текшерүүлөрдү токтотууну жана атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоону талап кылышууда. Эгер текшерүүлөр токтобосо таза иштөө жөнүндө сөздөр суу кечпей калат дейт ишкерлер.

Көрсө арак-шарап чыгарган ишканалардын ишине прокуратура, салыкчылар, башкалары аз келгенсип, бажыканачылар да кийлигишип калган экен.

Мамлекеттик агенттик сатууда турган 30-35 сомдук арактардын баарын көмүскө сатылган продукция деп эсептейт. Бардык эреже-тартиби сакталып сатууга коюлган арактын наркы элүү сомдон жогору болушу керек. Ошондуктан өкмөт арактын эң арзаны дүңүнөн алганда 45 сом, сатык баасынын эң төмөнкү чеги 50 сом болсун деген чекти койгон жатат.

Статистикалык маалыматтарга караганда 2010-жылы өлкөдө сатылган арактын саны эле төрт жарым миллион декалитрди түзгөн. Ошол эле учурда ишканалар көрсөткөн продукциянын көлөмүнүн көрсөткүчү эки жыл катары менен болжолдуу бир миллион 288 миң декалитр болгон. Орто жердеги үч миллион декалитрден ашык айырма мыйзамсыз сатылган контрафакт продукция болуп саналат.

Өткөн жылы Кыргызстанда сатылган арак ичимдиктеринин көлөмүн жан башына эсептеп келгенде ар бир жаранга болжол менен сегиз жарым литрден туура келет. Эсептөөлөргө караганда өлкөдө алкоголь ичимдиктерин ичүү өлкөдө акыркы жылдары көбөйбөсө азайган жок. 2010-жылы кыргызстандыктар арак, пиво, вино, шампан, коняк – айтор ичимдиктердин бардык түрүн 2009-жылга караганда эки-беш пайызга көбүрөөк ичишкен.

Соңку жылдары айрыкча алкоголу азыраак энергетикалык ичимдиктерге керектөө өскөн. Мындай ичимдиктерди көбүнчө дискотекага барган жаштар, анын ичинде жогорку класстагы мектеп окуучулары да ичишет.
XS
SM
MD
LG